https://sputnik.kg/20260805/1102792118.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дизель майынын баасы 130–140 сомго, ал эми бензин 110–120 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 05.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-05T09:00+0600
2026-08-05T09:00+0600
2026-08-05T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102791952_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_44f3baa31d2202a083b0a22be653164b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дизель майынын баасы 130–140 сомго, ал эми бензин 110–120 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, учурда мамлекет күйүүчү майдын баасын 90 сомдун тегерегинде кармап турат, бирок баа бара-бара баары бир өсөт.Бүгүнкү күндө күйүүчү майды Беларустан алып жатабыз, Кытайдан бензин жүктөлгөн беш оор жүк ташуучу унаа келди, эми ал жактан темир жол аркылуу да жеткирүүнү пландап жатабыз. Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өзбек тараптын мунай кайра иштетүүчү заводунда биздин мунайды айына 20 миң тоннага чейин кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.", — деди Касымалиев. Минкаб башчысы белгилегендей, сырьё катары мунайдын өзү да, аны ташуу да кымбаттаган."Ошондой болсо да Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу бизде Аи-92 бензини 20–25 сомго арзан, бул айырма республикалык бюджеттен жабылууда. Субсидияларга миллиарддаган сом кетет, бирок баалардын өсүшүнөн качуу мүмкүн эмес. Дүйнөлүк кырдаал өзгөрсө гана баалар мурунку калыбына келиши мүмкүн", — деп түшүндүрдү ал.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы жүк ташуу жеңилдеши мүмкүн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Сергей Шкляев менен Өзбекстандын Бажы комитетинин төрагасы Акмалхужа Мавлоновдун жолугушуусунда белгилүү болду. Маалымдалгандай, тараптар товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматты автоматтык түрдө алмашуу боюнча келишимди талкуулашты. Бул система ишке кирсе бажы жол-жоболору жөнөкөйлөшүп, чек арадагы жүктөрдү өткөрүү убактысын кыскартууга жардам берет. Ошондой эле алар ЕАЭБ менен Өзбекстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин, анын ичинде бирдиктүү бажы транзити системасы боюнча келишимди ишке ашырууну талкуулашты.
Базар-Коргон районунда Сары-Таш чакан гидроэлектростанциясы техникалык жактан ачылды. Анын курулушун Россия – Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) каржылаган. "ЭлИнвест Групп" ишканасы ишке ашырган долбоордун жалпы баасы 5,6 миллион долларды түзсө, анын 3,8 миллион долларын Россия – Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлүп берди. Бул станция фонддун каржылык колдоосу менен курулган 17инчи чакан ГЭС болуп калды. Гидроэлектростанциянын кубаттуулугу — 4,6 мегаватт. Ал эми жылына орточо эсеп менен 19,6 миллион киловатт-саат электр кубатын өндүрүү пландары бар.Фонддон чакан ГЭСтерди куруу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча ишке ашырылган иштердин бири экендигин айтышты.
Кыргызстанда дизель майынын баасы 130–140 сомго, ал эми бензин 110–120 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, учурда мамлекет күйүүчү майдын баасын 90 сомдун тегерегинде кармап турат, бирок баа бара-бара баары бир өсөт.Бүгүнкү күндө күйүүчү майды Беларустан алып жатабыз, Кытайдан бензин жүктөлгөн беш оор жүк ташуучу унаа келди, эми ал жактан темир жол аркылуу да жеткирүүнү пландап жатабыз. Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өзбек тараптын мунай кайра иштетүүчү заводунда биздин мунайды айына 20 миң тоннага чейин кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.", — деди Касымалиев. Минкаб башчысы белгилегендей, сырьё катары мунайдын өзү да, аны ташуу да кымбаттаган."Ошондой болсо да Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу бизде Аи-92 бензини 20–25 сомго арзан, бул айырма республикалык бюджеттен жабылууда. Субсидияларга миллиарддаган сом кетет, бирок баалардын өсүшүнөн качуу мүмкүн эмес. Дүйнөлүк кырдаал өзгөрсө гана баалар мурунку калыбына келиши мүмкүн", — деп түшүндүрдү ал.Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы жүк ташуу жеңилдеши мүмкүн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Сергей Шкляев менен Өзбекстандын Бажы комитетинин төрагасы Акмалхужа Мавлоновдун жолугушуусунда белгилүү болду. Маалымдалгандай, тараптар товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматты автоматтык түрдө алмашуу боюнча келишимди талкуулашты. Бул система ишке кирсе бажы жол-жоболору жөнөкөйлөшүп, чек арадагы жүктөрдү өткөрүү убактысын кыскартууга жардам берет. Ошондой эле алар ЕАЭБ менен Өзбекстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин, анын ичинде бирдиктүү бажы транзити системасы боюнча келишимди ишке ашырууну талкуулашты. Базар-Коргон районунда Сары-Таш чакан гидроэлектростанциясы техникалык жактан ачылды. Анын курулушун Россия – Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) каржылаган. "ЭлИнвест Групп" ишканасы ишке ашырган долбоордун жалпы баасы 5,6 миллион долларды түзсө, анын 3,8 миллион долларын Россия – Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлүп берди. Бул станция фонддун каржылык колдоосу менен курулган 17инчи чакан ГЭС болуп калды. Гидроэлектростанциянын кубаттуулугу — 4,6 мегаватт. Ал эми жылына орточо эсеп менен 19,6 миллион киловатт-саат электр кубатын өндүрүү пландары бар.Фонддон чакан ГЭСтерди куруу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча ишке ашырылган иштердин бири экендигин айтышты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102791952_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d5755c39a31a78b628a6c71e9b98c9f1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио