00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы композиторлор: бүгүнкү абалы, көйгөйлөрү жана жаңы мүмкүнчүлүктөр
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
“Тамчы” ЭЭА: Кыргызстандын экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүкпү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы композиторлор: бүгүнкү абалы, көйгөйлөрү жана жаңы мүмкүнчүлүктөр
21:09
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча кезектеги жыйынды өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери күйүүчү май рыногундагы учурдагы абал, учурдагы коруктардын көлөмү, мунай продуктулары менен камсыздоо боюнча маалымат беришти. Өзгөчө көңүл күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоого, кампалардагы коруктардын жетиштүүлүгү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен рыноктун катышуучуларынын иштерин координациялоого бурулду. Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга бир катар тапшырмалар берилди.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында 600дөн ашуун ыктыярчы үчүн тимбилдинг уюштурулду. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты ыктыярчылардын командалык иштөө жөндөмүн, лидерлик сапаттарын жана уюштуруучулук көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Программага улуттук спорттук оюндар, интеллектуалдык жана командалык тапшырмалар, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык окуулар кирди. Мындан тышкары, катышуучулар коопсуздук боюнча нускамадан өтүштү. Белгиленгендей, ыктыярчылар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө чет өлкөлүк конокторду тосуп алуу, расмий делегацияларды коштоо, маалыматтык жана логистикалык иштерди уюштуруу, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап спорт комплексинин курулушу жүрүүдө. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 12 гектар аянтта спорт интернаты, көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат. "Учурда курулуш иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, жер казуу иштеринин негизги бөлүгү аяктады. Азыр пайдубал курууга жана темир-бетон конструкцияларын орнотууга даярдык иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта. Жаңы спорт комплекси спортчуларды даярдоого, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө жана эл аралык мелдештерди уюштурууга шарт түзөт. Курулуш иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Украинанын премьер-министр Сергей Корецкий элди кышында болчу оор кыйынчылыктарга даярдана берүүгө чакырып, украин энергетикасына жылытуу мезгилинин алдында 650 миллион евро жетпейт деди. Бул туурасында РИА Новости жазды.Корецкий Украина өкмөтү кандай кыйынчылык болбосун алдын ала даярданышы керектигин эскертип, бул бешинчи жыл катары менен уланып келе жаткандыгына токтолгон. Премьер алар: финансынын тартыштыгы, акча табуу, курал-жарак маселеси деген көйгөйлөр экенин санаган.Маалыматта жылытуу сезонунун алдында Украинанын энергетика тармагындагы каржы муктаждыгы болжол менен 650 миллион еврону түзөрү жазылган. Ал эми өкмөт башчынын айтымында, Украинанын энергетиканы колдоо фондуна учурда эки миллиард евродон ашык акча чогулду, бирок сырттан көмөк көрсөтүүнү дагы да улантуу зарыл.Өткөн кышта Украина энергетикалык инфраструктурасынын талкаланышынан улам электр жарыгы жана жылытуу жагынан бир топ эле кыйналган. Өлкөдө электр кубаты график менен өчүрүлүп турган.
Жаңылыктар түрмөгү
0