00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду $100 млн ашык суммадагы долбоорлорду ишке ашырды: кайсы тармактарды камтыды?
15:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, маркумдардын сөөгүн, ошондой эле түйүлдүктөрдү өрттөөгө тыюу салынды. Ал эми таанылбаган жана өлүкканада бир топко жатып калган, сурап алары жок сөөктөр жерге гана көмүлөт. Бирок медициналык процедуралардан кийин калган органдар жана ткандар өрттөлүшү мүмкүн. Крематорийлер медициналык биологиялык объектилерди санитардык жол менен жок кылуучу атайын жай катары аныкталып, аларды бюджеттин же жеке инвесторлордун каражатына курууга болот. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоорун парламент 25-июнда кабыл алган.
Базар-Коргон районунда Сары-Таш чакан гидроэлектростанциясы техникалык жактан ачылды. Анын курулушун Россия – Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган."ЭлИнвест Групп" ЖЧКсы ишке ашырган долбоордун жалпы баасы 5,6 миллион долларды түзсө, анын 3,8 миллион долларын РКӨФ бөлүп берди. Бул станция фонддун каржылык колдоосу менен курулган 17инчи чакан ГЭС болуп калды. Гидроэлектростанциянын кубаттуулугу — 4,6 мегаватт. Ал эми жылына орточо эсеп менен 19,6 миллион киловатт-саат электр кубатын өндүрүү пландары бар. "Бул жылына дээрлик 20 миллион киловатт-саат электр кубатын өндүрүү дегенди билдирет. Ал көлөм Базар-Коргон районунун электр энергиясына болгон жалпы муктаждыгынын 20 пайыздан ашыгын жабууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан алыскы Жазы-Кечүү айылында 72 үй бар. Сары-Таш — бул аймакта курулган негизги объектилердин бири", — деп РКӨФтүн башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков белгиледи.Фонддон чакан ГЭСтерди куруу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча ишке ашырылган иштердин бири экендигин айтышты.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы жүк ташуу жеңилдеши мүмкүнБул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы менен Өзбекстандын Бажы комитетинин жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматты автоматтык түрдө алмашуу боюнча келишимди талкуулашты. Бул система ишке кирсе, бажы жол-жоболору жөнөкөйлөшүп, чек арадагы жүктөрдү өткөрүү убактысын кыскартууга жардам берет.Белгилей кетсек, 2025-жылы Өзбекстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 25%га өсүп, 20 млрд доллардан ашкан.
Пентагон Иранга басым-кысымды күчөтүү үчүн өзгөчө ыкмаларды караштырып жатат. Бул туурасында АКШнын Борбордук командачылыгынын чалгын бөлүмүнүн аткаминеринин катында жазылганын CNN билдирди. Кат аскерий серепчилердин тобуна 29-июлда жөнөтүлгөнү кабарланган. CNN телеканалындагы маалымат булактар Иранга каршы жасалган иштер майнапсыз болуп жаткандыктан командачылык жаңы стратегияны карап жаткандыгын айтып беришкен. Штаб башчыларыныны бириккен комитетинин төрагасы Дэн Кейн мындан мурдараак АКШнын президенти Дональд Трампка Тегеранга жасалган аба чабуулдары майнапсыз болуп жаткандыгын, келе жаткан снаряддарды коопсуздандырган түзүмдөрдүн тартыштыгы тууралуу билдиргенин телеканал кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0