https://sputnik.kg/20260804/1102773651.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Тыйын Кыргызстандын... 04.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-04T09:00+0600
2026-08-04T09:00+0600
2026-08-04T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/04/1102773484_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3f971465075411cbd34d8198f5e169c9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Тыйын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Анын номиналы 100 сомду түзөт. Ал 999 үлгүдөгү алтындан жасалып, салмагы 7,78 грамм, диаметри 22 миллиметр. Жалпы нускасы – 1000 даана. Монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга басып бараткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири катары өлкөнүн күчүн, улуулугун жана жаратылыш байлыгын билдирет. Анын арткы бетиндеги "35" санынын ичинде Кыргызстандын герби жайгашып, айланасына кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери түшүрүлгөн. Ошондой эле чыгарылган жылы – "2026", алтындын сапат белгиси (Au 999) жана монетанын салмагы көрсөтүлгөн. Улуттук банк билдиргендей, коллекциялык монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. Ар бир тыйын атайын акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен кошо кутуга жайгаштырылат.
Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, республика ушул жылдын январь-март айларында 387 миллион доллар чет элдик инвестиция тарткан. Бул өткөн жылдын алгачкы үч айына салыштырганда дээрлик 100 миллион долларга көп. Инвестиция көлөмү боюнча биринчи орунда Россия турат. Өнөктөш өлкөдөн 134 миллион доллар кирген. Бул жалпы инвестициянын үчтөн биринен көп. Экинчи орунда 80 миллион доллар менен Кытай болду. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 38 миллион доллар инвестиция салып, үчүнчү орунга илинген.
Бишкек — Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезд каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, мындай поезд менен эки шаардын ортосундагы жолду 6–8 саатта басып өтүүгө болот. "Бишкек — Ош темир жолун куруу өлкөдөгү транспорттук жүктү азайтууга жардам берет. Тактап айтканда, Бишкек — Ош жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолдорундагы жүк ташуулардын бир бөлүгүн темир жолго өткөрүп, күйүүчү май жана башка товарларды ташууну жеңилдетүүгө шарт түзүлөт", — деди Сакиев. Ал белгилегендей, Бишкек — Балыкчы багытындагы поезддин жүрүү убактысын дагы 20 мүнөткө кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар. "Учурда бул каттамдагы поезд жолду 4 саатта басып өтөт. Инфраструктура жаңыртылганга чейин сапар убактысы 5 саатка чейин созулган", — деди жетекчи. Сакиевдин айтымында, поезддин ылдамдыгын ашыкча көбөйтүүнүн зарылдыгы жок. Себеби жүргүнчүлөр, өзгөчө Кыргызстанга биринчи жолу келген туристтер жол боюндагы кооз тоолорду, дарыяларды жана жаратылышты көргөнгө жетишиши керек.
АКШ 50 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына визалык күрөө акысын көбөйттү. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка ылайык, мындай чара 2025-жылдын августунда башталган пилоттук программанын негизинде киргизилген. Буга чейин күрөө суммасы 5 миңден 15 миң долларга чейин болсо, эми ал 10 миңден 20 миң долларга чейин көтөрүлдү. Негизги сумма катары 15 миң доллар белгиленет. Бул талап ишкердик жана туристтик визаларга тиешелүү. Эгер жаран визаны колдонбосо, АКШдан өз убагында чыгып кетсе же өлкөдө мыйзамдуу иштеп, визанын шарттарын бузбаса, күрөө акчасы кайра кайтарылат.
Улуттук банк "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Тыйын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Анын номиналы 100 сомду түзөт. Ал 999 үлгүдөгү алтындан жасалып, салмагы 7,78 грамм, диаметри 22 миллиметр. Жалпы нускасы – 1000 даана. Монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга басып бараткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири катары өлкөнүн күчүн, улуулугун жана жаратылыш байлыгын билдирет. Анын арткы бетиндеги "35" санынын ичинде Кыргызстандын герби жайгашып, айланасына кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери түшүрүлгөн. Ошондой эле чыгарылган жылы – "2026", алтындын сапат белгиси (Au 999) жана монетанын салмагы көрсөтүлгөн. Улуттук банк билдиргендей, коллекциялык монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. Ар бир тыйын атайын акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен кошо кутуга жайгаштырылат. Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, республика ушул жылдын январь-март айларында 387 миллион доллар чет элдик инвестиция тарткан. Бул өткөн жылдын алгачкы үч айына салыштырганда дээрлик 100 миллион долларга көп. Инвестиция көлөмү боюнча биринчи орунда Россия турат. Өнөктөш өлкөдөн 134 миллион доллар кирген. Бул жалпы инвестициянын үчтөн биринен көп. Экинчи орунда 80 миллион доллар менен Кытай болду. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 38 миллион доллар инвестиция салып, үчүнчү орунга илинген. Бишкек — Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезд каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, мындай поезд менен эки шаардын ортосундагы жолду 6–8 саатта басып өтүүгө болот. "Бишкек — Ош темир жолун куруу өлкөдөгү транспорттук жүктү азайтууга жардам берет. Тактап айтканда, Бишкек — Ош жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолдорундагы жүк ташуулардын бир бөлүгүн темир жолго өткөрүп, күйүүчү май жана башка товарларды ташууну жеңилдетүүгө шарт түзүлөт", — деди Сакиев. Ал белгилегендей, Бишкек — Балыкчы багытындагы поезддин жүрүү убактысын дагы 20 мүнөткө кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар. "Учурда бул каттамдагы поезд жолду 4 саатта басып өтөт. Инфраструктура жаңыртылганга чейин сапар убактысы 5 саатка чейин созулган", — деди жетекчи. Сакиевдин айтымында, поезддин ылдамдыгын ашыкча көбөйтүүнүн зарылдыгы жок. Себеби жүргүнчүлөр, өзгөчө Кыргызстанга биринчи жолу келген туристтер жол боюндагы кооз тоолорду, дарыяларды жана жаратылышты көргөнгө жетишиши керек.АКШ 50 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына визалык күрөө акысын көбөйттү. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка ылайык, мындай чара 2025-жылдын августунда башталган пилоттук программанын негизинде киргизилген. Буга чейин күрөө суммасы 5 миңден 15 миң долларга чейин болсо, эми ал 10 миңден 20 миң долларга чейин көтөрүлдү. Негизги сумма катары 15 миң доллар белгиленет. Бул талап ишкердик жана туристтик визаларга тиешелүү. Эгер жаран визаны колдонбосо, АКШдан өз убагында чыгып кетсе же өлкөдө мыйзамдуу иштеп, визанын шарттарын бузбаса, күрөө акчасы кайра кайтарылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/04/1102773484_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d64243b8fff71505a5c406bfc4912e24.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио