https://sputnik.kg/20260730/rftin-tynchtyk-ornotuuchulary-moldova-pridnestrovege-kirgen-1102701346.html
34 жыл илгери РФтин тынчтык орнотуучулары Молдова-Приднестровьенин жерине кирген
34 жыл илгери РФтин тынчтык орнотуучулары Молдова-Приднестровьенин жерине кирген
Sputnik Кыргызстан
1992-жылдын 29-июлунда Россиянын тынчтык орнотуучулары Молдова менен Приднестровьенин ортосундагы жаңжал болгон аймакка киргизилген. 30.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-30T19:13+0600
2026-07-30T19:13+0600
2026-07-30T19:13+0600
дүйнөдө
украина
молдова
румыния
приднестровье
геосаясат
тынчтык орнотуучу
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102701174_0:171:3031:1876_1920x0_80_0_0_0df2e63b3609dc9d1046f8caf1b1659e.jpg
Кайра куруу жылдарында молдовалык улутчулдар молдован тилин жалгыз расмий тил катары бекитүүгө жетишкен. Ал эми 1990-жылы Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин мурдагы катчысы Мирча Снегур өлкө президенти болуп шайланат. Ал коммунисттик идеялардан баш тартып, Молдованы Румынияга кошууну көздөгөн унионисттердин кыймылын жетектеп калат. Муну менен макул болбогон Приднестровье аймагы 1990-жылдын 2-сентябрында Игорь Смирновдун жетекчилиги астында Приднестровье Молдава Республикасынын (ПМР) түзүлгөндүгүн жарыялайт. Днестр дарыясынын сол жээгиндеги калк негизинен орустардан, украиндерден, молдовандардан жана болгарлардан куралып, бул көп улуттуу коом Румынияга кошулган учурда басынтууга кабылуудан чочулаган.Жаңжал 1992-жылдын 2-мартында молдовалык улутчулдардын Дубоссары шаарында милиция автоунаасына кол салуусу менен курчуп кеткен. Алардын колунан "чыккынчылык" үчүн атүгүл жергиликтүү молдовандар да каза таап, украиналык туристтер түшкөн автобус да аткылоого кабылган. Бул окуялардан кийин аймакка Россия менен Украинадан ыктыярчылар агылып келе баштаган. Кызыгы, "римдиктердин тукумдарына" (молдовандарга) каршы согушууга кийинчерээк Украинадагы "Оң сектор"* уюмунун негизин түзө турган согушкерлер да катышкан. 19-июнда Молдованын куралдуу күчтөрү Бендер шаарына чабуул жасап, анын басымдуу бөлүгүн көзөмөлгө алган. Айласы кеткен 130 миң тургундун 80 миңге жакыны үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Бирок приднестровьеликтер ыктыярчылар менен биргеликте жасаган каршы чабуулдун негизинде алгач көпүрөдөгү стратегиялык жерди, андан соң бүтүндөй шаарды өзүнө кайтарат. Молдова тараптын аткылоосунан Россиянын 14-армиясынын 22 аскери набыт болгондон кийин кол башчы генерал Александр Лебедь ок атышууну токтотуу боюнча ультиматум койгон. Бирок Кишинев муну кулак сыртынан кетирет. Буга жооп катары 3-июлга караган түнү Россиялык артиллерия молдован аскерлеринин позицияларын талкалап, акырында президент Снегур тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барууга мажбур болгон. 21-июлда тараптар ок атышууну токтотуу келишимине кол коюшкан. Жаңжал аймагына тынчтык орнотуучулар киргизилип, атайын куралсыздандырылган коопсуздук тилке түзүлгөн. Бул кандуу кагылышуунун кесепетинен 1200дөн ашуун адам, анын ичинде жай тургундар өмүрүнөн айрылган.
украина
молдова
румыния
приднестровье
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102701174_151:0:2882:2048_1920x0_80_0_0_9ae19efc8e0286c0ad7360d320fe18d0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, молдова, румыния, приднестровье, геосаясат, тынчтык орнотуучу
дүйнөдө, украина, молдова, румыния, приднестровье, геосаясат, тынчтык орнотуучу
34 жыл илгери РФтин тынчтык орнотуучулары Молдова-Приднестровьенин жерине кирген
1992-жылдын 29-июлунда Россиянын тынчтык орнотуучулары Молдова менен Приднестровьенин ортосундагы жаңжал болгон аймакка киргизилген.
Кайра куруу жылдарында молдовалык улутчулдар молдован тилин жалгыз расмий тил катары бекитүүгө жетишкен. Ал эми 1990-жылы Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин мурдагы катчысы Мирча Снегур өлкө президенти болуп шайланат.
Ал коммунисттик идеялардан баш тартып, Молдованы Румынияга кошууну көздөгөн унионисттердин кыймылын жетектеп калат. Муну менен макул болбогон Приднестровье аймагы 1990-жылдын 2-сентябрында Игорь Смирновдун жетекчилиги астында Приднестровье Молдава Республикасынын (ПМР) түзүлгөндүгүн жарыялайт. Днестр дарыясынын сол жээгиндеги калк негизинен орустардан, украиндерден, молдовандардан жана болгарлардан куралып, бул көп улуттуу коом Румынияга кошулган учурда басынтууга кабылуудан чочулаган.
Жаңжал 1992-жылдын 2-мартында молдовалык улутчулдардын Дубоссары шаарында милиция автоунаасына кол салуусу менен курчуп кеткен. Алардын колунан "чыккынчылык" үчүн атүгүл жергиликтүү молдовандар да каза таап, украиналык туристтер түшкөн автобус да аткылоого кабылган. Бул окуялардан кийин аймакка Россия менен Украинадан ыктыярчылар агылып келе баштаган. Кызыгы, "римдиктердин тукумдарына" (молдовандарга) каршы согушууга кийинчерээк Украинадагы "Оң сектор"* уюмунун негизин түзө турган согушкерлер да катышкан.
19-июнда Молдованын куралдуу күчтөрү Бендер шаарына чабуул жасап, анын басымдуу бөлүгүн көзөмөлгө алган. Айласы кеткен 130 миң тургундун 80 миңге жакыны үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Бирок приднестровьеликтер ыктыярчылар менен биргеликте жасаган каршы чабуулдун негизинде алгач көпүрөдөгү стратегиялык жерди, андан соң бүтүндөй шаарды өзүнө кайтарат.
Молдова тараптын аткылоосунан Россиянын 14-армиясынын 22 аскери набыт болгондон кийин кол башчы генерал Александр Лебедь ок атышууну токтотуу боюнча ультиматум койгон. Бирок Кишинев муну кулак сыртынан кетирет. Буга жооп катары 3-июлга караган түнү Россиялык артиллерия молдован аскерлеринин позицияларын талкалап, акырында президент Снегур тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барууга мажбур болгон.
21-июлда тараптар ок атышууну токтотуу келишимине кол коюшкан. Жаңжал аймагына тынчтык орнотуучулар киргизилип, атайын куралсыздандырылган коопсуздук тилке түзүлгөн. Бул кандуу кагылышуунун кесепетинен 1200дөн ашуун адам, анын ичинде жай тургундар өмүрүнөн айрылган.