00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Эхо дня
14:53
7 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Эхо дня
20:52
7 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Меняющие мир
Космонавты в больничных палатах и ракета с детскими рисунками — как работает фонд поддержки онкопациентов UNITY
12:09
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эмгек укуктары: Жумуш берүүчү жана кызматкер эмнелерди билиши керек?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ош мамлекеттик университетинин клиникасында бир күндүк ымыркайдын жүрөгүнө татаал операция жасалды. Бала жүрөктүн тубаса оор кемтиги менен төрөлгөнү окуу жайдын сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, дарыгерлер консилиумдун чечими менен өтө татаал хирургиялык процедураны (Рашкинд процедурасын) ишке ашырышкан. Бул ыкмада дене кесилбестен, атайын катетер сан же киндик венасы аркылуу жүрөккө киргизилет. Катетердин учундагы кичинекей баллон жүрөктүн оң жана сол дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тешикти кеңейтип, кан айланууну жана организмдин кычкылтек менен камсыз болушун жакшыртат. Операция ийгиликтүү өтүп, учурда наристенин абалы канааттандырарлык.
Кант шаарында Россиянын авиациялык базасынын аскер кызматкерлери Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун биргелешкен машыгууларынын алдында ок атуу боюнча даярдыктан өтүштү. Анда аскер кызматкерлери АК-12 автоматтарынан ок атып, БТР-82А сооттолгон транспортерун колдонууну тереңдеп өздөштүрүп, ири калибрлүү "Утес" пулемету менен да машыгышкан. Ошондой эле өздүк курам кол гранаталарын ыргытуу боюнча даярдыктан өттү. Автоматтан ок атуу машыгуусунда аскер кызматкерлери заманбап тактикалык жана ок атуу даярдыгы комплекси "БЛИКти" колдонушкан. Бул комплекс атуунун жыйынтыгын дароо көрсөтүп, ар бир бутага тийген ок тууралуу маалыматты ыкчам берет. Иш-чаранын жүрүшүндө бутага таамай тийүүгө, аскер бөлүктөрү аткарган иш-аракеттердин бирдиктүү уюштурулушуна, түрдүү шартта берилген тапшырмалардын канчалык деңгээлде аткарылышына кылдат көңүл бурулду.
Россиядагы Wildberries кампаларына жасалган чабуулдан кыргызстандык ишкерлерге келтирилген зыян эсептелип жатат. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, дрон чабуулуна кабылган кампаларда кыргызстандык ишкерлер өндүргөн товарлар да сакталган. "Учурда жабыркаган кампалардын аянты аныкталып, андагы товарлар инвентаризацияланууда. Министрлик тигүүчүлөр арасында сурамжылоо жүргүзүп, алдын ала зыяндын көлөмү тууралуу маалымат чогултуп жатат. Баалоо аяктагандан кийин маселени жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн Wildberries-Russ компаниясы менен кошумча жолугушуулар өткөрүлөт", — деп билдиришти министрликтен. Белгилей кетсек, Wildberries компаниясынын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлор 22-июлга караган түнү дрон чабуулуна кабылган.
Америкалык журналист Такер Карлсон Европа АКШга "Түндүк агым" газ түтүктөрүн жардырууга жол берип, ошондой эле Иран менен болгон жаңжалга аралашып кеткендиктен жакырчылыкка дуушар болорун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, бул жаңжалдын кесепетинен Иран Катардын суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүчү бир катар объектилерин жок кылып, Европа үчүн газ жеткирүүгө терс таасирин тийгизген. "Европа жакырчылык жолуна түштү, анткени алар америкалыктарга "Түндүк агымды" жардырууга жол беришти. Андан тышкары, Иран менен болгон акылга сыйбаган согушту колдошту. Анын жүрүшүндө Иран Катардын суюлтулган жаратылыш газы боюнча объектилеринин көбүн жок кылды. Мунун кесепетинен Европа эми жакырчылыкка туш болот", — деген ал East Meets West подкастында. Карлсондун айтымында, Европа бул көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна Россия менен согушууга бет алды. Ал азыркы кырдаалды "дүйнөдөгү эң кооптуу жагдай" деп атады.
Жаңылыктар түрмөгү
0