https://sputnik.kg/20260722/polshanyn-tim-bashchysy-ukrainaga-eskertuu-berdi-1102537085.html
Польшанын ТИМ башчысы Украинага эскертүү берди
Польшанын ТИМ башчысы Украинага эскертүү берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Киевдин Евробиримдикке киришине бут тосуп кое тургандыктарын Украинага эскертти... 22.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-22T11:37+0600
2026-07-22T11:37+0600
2026-07-22T11:37+0600
дүйнөдө
украина
польша
евробиримдик
мүчө
эскертүү
нацизм
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0c/1088654569_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_f0babd6edbe2074f007ec5334ee50bbb.jpg
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Киевдин Евробиримдикке киришине бут тосуп кое тургандыктарын Украинага эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал Брюсселдеги добуш берүү кайсы бир өлкөнүн Евробиримдикке киргенин билдирбестигин, ал үчүн биримдикке мүчө бардык мамлекеттердин ратификациясы керектигин кошумчалады. "Келишимди парламент менен мамлекет башчысы да ратификациялашы керек. Андыктан Украина ката кетирбеген эл болбой турганын жана муну кандайдыр бир жол менен чечүү керектигин түшүнгөн, чыныгы европалык өлкө боло аларын бизге далилдеши зарыл... Украина нацисттик бийлик жана "Галичина" дивизиясы менен кызматташуу оңой менен кечирилип калбашын түшүнүп, ага олуттуу мамиле жасашы керек", — деген Польшанын Тышкы иштер министри. Варшава менен Киевдин мамилеси улам суук-селки тартып бара жатат. Буга Украин улутчулдары тарабынан 1939-1945-жылдары Волынь, Чыгыш Галиция жана ага чектеш аймактардагы негизинен поляк элин кырган окуяларга берилген ар кандай баалар терс таасирин тийгизип келет. Аталган кандуу окуялардын туу чокусу болгон 1943-1945-жылдардагы Волынь кыргынын Варшава геноцид деп тааныган жана ага ОУН*-УПАнын** украин улутчулдары жоопкер деп эсептейт. Киев бийлигин башчысы май айынын аягында Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрдүн бирине "УПАнын (Украинанын козголоңчулар армиясы) баатырларынын" наамын берүүнү чечкен. Көп өтпөй Киев облусунда ОУНдун лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра жерге берүүгө катышкан. Бул үчүн ал Польшанын бир катар саясатчыларынын, анын ичинде премьер-министр Дональд Туск менен өлкөнүн мурдагы президенти Лех Валенсанын катуу сынына кабылган. * Россия Федерациясында экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган уюм ** Россия Федерациясында тыюу салынган террордук уюм
https://sputnik.kg/20260529/polshanyn-eks-prezidenti-zelenskiydin-koldoodon-bash-tartty-1101586100.html
украина
польша
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0c/1088654569_136:0:2865:2047_1920x0_80_0_0_884536b34816878fefbc67a064112af8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, польша, евробиримдик, мүчө, эскертүү, нацизм
дүйнөдө, украина, польша, евробиримдик, мүчө, эскертүү, нацизм
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Киевдин Евробиримдикке киришине бут тосуп кое тургандыктарын Украинага эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Украина Польшанын элүүгө жакын ар кыл добуштарын алышы керек. Киев мүчө болушу үчүн бирдиктүү добуш зарыл", — деген Сикорский TVN телеканалына.
Ал Брюсселдеги добуш берүү кайсы бир өлкөнүн Евробиримдикке киргенин билдирбестигин, ал үчүн биримдикке мүчө бардык мамлекеттердин ратификациясы керектигин кошумчалады.
"Келишимди парламент менен мамлекет башчысы да ратификациялашы керек. Андыктан Украина ката кетирбеген эл болбой турганын жана муну кандайдыр бир жол менен чечүү керектигин түшүнгөн, чыныгы европалык өлкө боло аларын бизге далилдеши зарыл... Украина нацисттик бийлик жана "Галичина" дивизиясы менен кызматташуу оңой менен кечирилип калбашын түшүнүп, ага олуттуу мамиле жасашы керек", — деген Польшанын Тышкы иштер министри.
Варшава менен Киевдин мамилеси улам суук-селки тартып бара жатат. Буга Украин улутчулдары тарабынан 1939-1945-жылдары Волынь, Чыгыш Галиция жана ага чектеш аймактардагы негизинен поляк элин кырган окуяларга берилген ар кандай баалар терс таасирин тийгизип келет. Аталган кандуу окуялардын туу чокусу болгон 1943-1945-жылдардагы Волынь кыргынын Варшава геноцид деп тааныган жана ага ОУН*-УПАнын** украин улутчулдары жоопкер деп эсептейт.
Киев бийлигин башчысы май айынын аягында Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрдүн бирине "УПАнын (Украинанын козголоңчулар армиясы) баатырларынын" наамын берүүнү чечкен. Көп өтпөй Киев облусунда ОУНдун лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра жерге берүүгө катышкан. Бул үчүн ал Польшанын бир катар саясатчыларынын, анын ичинде премьер-министр Дональд Туск менен өлкөнүн мурдагы президенти Лех Валенсанын катуу сынына кабылган.
* Россия Федерациясында экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган уюм
** Россия Федерациясында тыюу салынган террордук уюм