Кыргызстандын жараны алгачкы ирет “Росатомдун” жаштар кеңешине кирди
Кыргызстандын жараны алгачкы ирет “Росатомдун” жаштар кеңешине кирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы... 09.07.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Impact Team — 2050 эл аралык жаштар консультациялык кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Ал аталган кеңеште бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн атынан өкүлчүлүк кылат.Кеңештин экинчи курамынын расмий инаугурациясы Россиянын Обнинск шаарында өткөн “Обнинск NEW — 2026” IV эл аралык жаштар форумунун алкагында өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 700дөй делегат катышып, бир миллиондон ашык студент онлайн кошулду. Сынактын жыйынтыгында дүйнө жүзүнөн түшкөн 2000ден ашык өтүнмөнүн ичинен 13 өлкөдөн 13 гана жаш лидер тандалып алынган, алардын катарында Кыргызстан да бар.Бектан Кыдыев учурда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин “Экология жана табиятты пайдалануу” факультетинин студенти, ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы Жаштар консультациялык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенет.“Росатомдун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Константиновдун айтымында, кыргызстандык студенттин мындай деңгээлдеги кеңешке тандалып алынышы өлкөнүн жаштар демилгелеринин жогорку потенциалын тастыктайт жана илим менен туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга жаңы горизонтторду ачат.Бул курамга Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Египет, Эфиопия, Руанда, Танзания, ТАР, Сербия, Венгрия жана Бразилиядан өкүлдөр кирди. Алар эки жыл бою атомдук технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу багытында эл аралык долбоорлорду ишке ашырышат. Жаңы курамдын эң негизги милдеттеринин бири — 2026-жылдын ноябрь айында Түркияда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча COP31 конференциясына жаштар программасын даярдоо болмокчу.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Impact Team — 2050 эл аралык жаштар консультациялык кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Ал аталган кеңеште бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн атынан өкүлчүлүк кылат.
Кеңештин экинчи курамынын расмий инаугурациясы Россиянын Обнинск шаарында өткөн “Обнинск NEW — 2026” IV эл аралык жаштар форумунун алкагында өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 700дөй делегат катышып, бир миллиондон ашык студент онлайн кошулду. Сынактын жыйынтыгында дүйнө жүзүнөн түшкөн 2000ден ашык өтүнмөнүн ичинен 13 өлкөдөн 13 гана жаш лидер тандалып алынган, алардын катарында Кыргызстан да бар.
Иш-чарага дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 700дөй делегат катышты
Бектан Кыдыев учурда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин “Экология жана табиятты пайдалануу” факультетинин студенти, ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы Жаштар консультациялык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенет.
“Кыргызстан үчүн бул долбоорго катышуу — эл аралык деңгээлдеги жаш лидерлердин коомчулугунун бир бөлүгү болууга, келечектин долбоорлорун иштеп чыгууга жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны өздөштүрүүгө сонун мүмкүнчүлүк. Ал эми алган тажрыйбамды өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн реалдуу демилгелерге айлантам”, — деп белгиледи Кыдыев.
“Росатомдун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Константиновдун айтымында, кыргызстандык студенттин мындай деңгээлдеги кеңешке тандалып алынышы өлкөнүн жаштар демилгелеринин жогорку потенциалын тастыктайт жана илим менен туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга жаңы горизонтторду ачат.
Бул курамга Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Египет, Эфиопия, Руанда, Танзания, ТАР, Сербия, Венгрия жана Бразилиядан өкүлдөр кирди. Алар эки жыл бою атомдук технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу багытында эл аралык долбоорлорду ишке ашырышат. Жаңы курамдын эң негизги милдеттеринин бири — 2026-жылдын ноябрь айында Түркияда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча COP31 конференциясына жаштар программасын даярдоо болмокчу.