Кыргызстандык окуучу кыз экспедиция менен Түндүк уюлга барат. "Росатомдун" сынагы
Кыргызстандык окуучу кыз экспедиция менен Түндүк уюлга барат. "Росатомдун" сынагы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова август айында россиялык атомдук муз жаргыч менен эл аралык... 26.06.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова август айында россиялык атомдук муз жаргыч менен эл аралык экспедицияга кошулуп, Түндүк уюлга барат. Кыргызстандык окуучу "Росатомдун" "Билимдин муз жаргычы" эл аралык илимий агартуучулук долбоорунун алкагында уюштурулган сынакка катышып, 827 адамдын ичинен жеңүүчү деп тандалган. Армения, Бангладеш, Беларусь, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африканын 14 жаштан 16 жашка чейинки 5 миңге жакын таланттуу окуучулары бул уникалдуу арктикалык экспедицияга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сынактын эл аралык бөлүгүндө күч сынашкан. Эл аралык арктикалык экспедиция дүйнөнүн булуң-бурчунан мектеп окуучуларын чогултуп, алардын Түндүк уюлда болушуна шарт түзөт. Арктика тууралуу, заманбап атомдук технологиялар жана "Росатом" тарабынан башкарылуучу дүйнөдөгү жалгыз өзөктүк муз жаргыч флотунун иши жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. "Билимдин муз жаргычы" илимий-агартуучу долбоору "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган. Ал табигый илимдерди жана атомдук тармактын технологияларын жайылтууга, таланттуу жана шыктуу балдарды аныктоого жана колдоого, алардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик багыт берүүгө багытталган. Эл аралык тандоо сынагынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси долбоордун goarctic.energy деген расмий сайтында жайгашкан. Түндүк деңиз жолу (ТДЖ) – Евразиянын батыш бөлүгү менен Азия-Тынч океаны аймагынын ортосундагы эң кыска кеме жолу жана Россиянын тарыхый жактан калыптанган улуттук транспорттук артериясы болуп саналат. Россиянын Түндүк деңиз жолун өнүктүрүү тарыхы 500 жылдан ашык убакытка келип такалат. Ал 1525-жылдары орус дипломаты Дмитрий Герасимов Түндүк муз океанынын деңиздери аркылуу кеме жолун колдонуу идеясын сунуштагандыгы менен белгилүү болуп калган. 2018-жылы Россия өкмөтү "Росатомго" Түндүк деңиз жолунун инфраструктурасын башкаруу укугун берген. Бул корпорация аталган деңиз жолун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик долбоорду жетектейт жана 2030-2035-жылдарга чейинки өнүгүү пландарын ишке ашырууга катышат. Россия – дүйнөдөгү атомдук муз жаргыч флоту бар жападан жалгыз өлкө. Флоттун оператору "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын мекемеси "Атомфлот" ФМУМ болуп саналат. Учурда "Атомфлот" ФМУМунун муз жаргыч флотунда сегиз атомдук муз жаргыч бар. "Росатом" жана анын мекемелери билим берүү, илимий-агартуучулук жана маданий демилгелерди колдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле алар россиялык ЖОЖдордун базалык кафедраларын түзүүгө, стипендияларды колдоо программаларын, ири масштабдуу билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана алардын келечекте жумушка орношуусуна шарт түзүү үчүн студенттерге практика жана такшалууларды уюштуруп келет.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова август айында россиялык атомдук муз жаргыч менен эл аралык экспедицияга кошулуп, Түндүк уюлга барат.
Кыргызстандык окуучу "Росатомдун" "Билимдин муз жаргычы" эл аралык илимий агартуучулук долбоорунун алкагында уюштурулган сынакка катышып, 827 адамдын ичинен жеңүүчү деп тандалган.
Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова август айында россиялык атомдук муз жаргыч менен эл аралык экспедицияга кошулуп, Түндүк уюлга барат.
Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова август айында россиялык атомдук муз жаргыч менен эл аралык экспедицияга кошулуп, Түндүк уюлга барат.
Эл аралык арктикалык экспедиция дүйнөнүн булуң-бурчунан мектеп окуучуларын чогултуп, алардын Түндүк уюлда болушуна шарт түзөт.
Армения, Бангладеш, Беларусь, Боливия, Бразилия, Венгрия, Вьетнам, Египет, Индия, Индонезия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Мьянма, Намибия, Руанда, Сербия, Танзания, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Африканын 14 жаштан 16 жашка чейинки 5 миңге жакын таланттуу окуучулары бул уникалдуу арктикалык экспедицияга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сынактын эл аралык бөлүгүндө күч сынашкан.
Эл аралык арктикалык экспедиция дүйнөнүн булуң-бурчунан мектеп окуучуларын чогултуп, алардын Түндүк уюлда болушуна шарт түзөт. Арктика тууралуу, заманбап атомдук технологиялар жана "Росатом" тарабынан башкарылуучу дүйнөдөгү жалгыз өзөктүк муз жаргыч флотунун иши жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Чынымды айтсам, мен дагы деле ушунун баары мени менен болуп жатканына ишене албай турам. Сынакка өз ишимди жибергенде жөн гана күчүмдү сынап көргүм келген, эми Түндүк уюлга барганы калдым. Айрыкча финалда, өз долбоорумду коргоп жатканда сынак оңой болгон жок. Бирок мен өзүмдү көргөзө алдым. Августту чыдамсыздык менен күтүп жатам. Себеби башка өлкөлөрдөн келген балдар менен таанышып, ак аюуларды көрүп, албетте, Арктиканын атомдук муз жаргыч кемесин изилдегенге ашыкмын", — деди Турдумахаматова.
"Билимдин муз жаргычы" илимий-агартуучу долбоору "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган. Ал табигый илимдерди жана атомдук тармактын технологияларын жайылтууга, таланттуу жана шыктуу балдарды аныктоого жана колдоого, алардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик багыт берүүгө багытталган. Эл аралык тандоо сынагынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси долбоордун goarctic.energy деген расмий сайтында жайгашкан.
Түндүк деңиз жолу (ТДЖ) – Евразиянын батыш бөлүгү менен Азия-Тынч океаны аймагынын ортосундагы эң кыска кеме жолу жана Россиянын тарыхый жактан калыптанган улуттук транспорттук артериясы болуп саналат. Россиянын Түндүк деңиз жолун өнүктүрүү тарыхы 500 жылдан ашык убакытка келип такалат. Ал 1525-жылдары орус дипломаты Дмитрий Герасимов Түндүк муз океанынын деңиздери аркылуу кеме жолун колдонуу идеясын сунуштагандыгы менен белгилүү болуп калган.
2018-жылы Россия өкмөтү "Росатомго" Түндүк деңиз жолунун инфраструктурасын башкаруу укугун берген. Бул корпорация аталган деңиз жолун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик долбоорду жетектейт жана 2030-2035-жылдарга чейинки өнүгүү пландарын ишке ашырууга катышат.
Россия – дүйнөдөгү атомдук муз жаргыч флоту бар жападан жалгыз өлкө. Флоттун оператору "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын мекемеси "Атомфлот" ФМУМ болуп саналат. Учурда "Атомфлот" ФМУМунун муз жаргыч флотунда сегиз атомдук муз жаргыч бар.
"Росатом" жана анын мекемелери билим берүү, илимий-агартуучулук жана маданий демилгелерди колдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле алар россиялык ЖОЖдордун базалык кафедраларын түзүүгө, стипендияларды колдоо программаларын, ири масштабдуу билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана алардын келечекте жумушка орношуусуна шарт түзүү үчүн студенттерге практика жана такшалууларды уюштуруп келет.