00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ачык кеп
Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууда эл аралык тажрыйбанын орду
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча экстрендик жардамды кеңейтүүгө багытталган «Саламат жүрөк» улуттук программасынын алкагында өлкөнүн бардык жети облусунда жүрөккө акысыз операция жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.Анын айтымында, инфарктка кабылган бейтаптарга жогорку технологиялуу жардам көрсөтүү үчүн аймактарда катетеризациялык лабораториялар ачылууда. Программанын алгачкы жыйынтыгы Балыкчы шаарында байкалып, жергиликтүү ооруканада 80ден ашуун татаал операция ийгиликтүү жасалды.Программа толук ишке киргенден кийин Кыргызстандын бардык жети облусунун тургундары инфаркт учурунда заманбап, ыкчам жана акысыз медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Баткендин Кадамжай районунда 20дан ашык чек арачы УКМКнын аймактык башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине өздүк булактар билдирди. Алдын ала маалыматка ылайык, кечээ "Кадамжай" жана "Чечме" өткөрүү пунктуларында атайын кызмат тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Бажы кызматынын, Ветеринардык кызматтын жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү кармалган. Алар коррупцияга шектелүүдө.
Ош шаарындагы базарда кулпунай саткан дыйканды талоонго алгандарга иш козголду. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди. Маалымдалгандай, жаңжалга катышкан төрт кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Белгилей кетсек, кечээ соцтармакка кулпунайын базарга алып барып сатууга аракет кылган дыйканды соодагерлер жабыла сабап, товарын чачып салган видео тараган. Окуя коомчулуктун нааразылыгын жаратып, милиция териштирүү иштерин баштаган. Көп өтпөй дыйканды Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кабыл алып, калаадагы жаңы базардан орун бөлүп берген.
29-июндан 3-июлга чейин ЖККУга мүчө мамлекеттерде "Канал — Янтарь жээги" аталышындагы субрегионалдык баңгизатка каршы операция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Операциянын алдын ала жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 351 килограммдан ашык баңгизат жана психотроптук каражаттар, 2 тонна 441 килограммдан ашык күчтүү таасир этүүчү заттар, ошондой эле 1 тонна 96 килограммдан ашык прекурсорлор алынды. Операциянын жүрүшүндө интернет аркылуу баңгизат таратууга жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы чараларга өзгөчө көңүл бурулган. Натыйжада тыюу салынган маалыматтарды жайылткан 1 376 интернет-ресурс аныкталып, 100 миллион рублден ашык суммадагы 2 миңден ашуун шектүү финансылык операция табылган. Биргелешкен иш-чараларды координациялоо үчүн Россиянын Калининград шаарында Эл аралык координациялык штаб түзүлүп, анын ишине Кыргызстандын делегациясы да катышты.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 86 тыйынга юань 12 сом 88 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 89 сом 90 тыйындан жогору, дизель майы литрине 93 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.
7-июлга караган түнү Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шейшембиде өлкө аймагынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Таласта +27...+32, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын регионунда +23...+28 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +32...+34, Чолпон-Атада +22...+24 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0