00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууда эл аралык тажрыйбанын орду
15:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Смерти нет» — выставка о кыргызстанцах, встретивших войну на западных рубежах СССР
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Альтернативная энергетика: зачем школам Кыргызстана собственные солнечные электростанции
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мамлекет маанилүү дарылардын баасын көзөмөлдөшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кыргызстанда дары-дармектерди милдеттүү санариптик маркалоо жана аларды көзөмөлдөө системасы этап-этабы менен киргизилет. Анда ар бир дарыга санариптик белги (марка) коюлат, тагыраагы, ар бир дарынын өзүнүн атайын QR-коду же санариптик белгиси болот. Бул аркылуу дары каякта өндүрүлгөнү, ким импорттогону, кайсы кампага жана дарыканага барганы, качан сатылганы толук көзөмөлдөнөт. "2027-жылдын 1-январынан тарта бул талап жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге колдонулса, 2028-жылдын 1-январынан тартып өлкөдөгү бардык дары-дармектерди камтыйт", — деп айтылат документте. Мындан тышкары, рецепт менен берилүүчү дары-дармектерди электрондук рецепт аркылуу гана берүү сунушталууда. Тагыраагы, дарыгер жазган рецепттер баракка түшүрүлбөй, электрондук система аркылуу берилет. Демилгечилер мындай жол менен рецепт жасалмаланбайт, кайсы дары кимге жазылганы көрүнөт жана дарыны туура пайдалануу көзөмөлдөнөт деп эсептейт. Электрондук рецепттерди колдонуу тартибин жана мөөнөтүн министрлер кабинети аныктайт.
Кыргызстанда байлар менен жакырлардын кирешесинин айырмасы 10,7 эсеге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Статком калкты кирешесине жараша беш топко (ар биринде калктын 20 пайызы) бөлгөн. 2025-жылдын жыйынтыгына ылайык, калктын эң бай делген катмары (20 пайыз) өлкөдөгү жалпы кирешенин 50 пайызын алса, эң жакыр катмарына жалпы кирешенин 4,7 пайызы гана туура келген. Натыйжада алардын кирешесиндеги айырма 10,7 эсеге жеткен. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы эң бай жана эң жакыр катмарлардын кирешесинин айырмасы 9,1 эсени түзгөн. Ошентип, бир жыл ичинде бул көрсөткүч 10,7ге чейин көбөйгөн.
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны АКШдан Бишкекке экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Шектүү Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен АКШнын компетенттүү органдарынын кызматташуусунун негизинде өлкөгө алып келинип, тергөө абагына киргизилген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталып жаткан киши жарандардын ишенимине кирип, алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган. Натыйжада жабырлануучуларга жалпысынан 15 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени айтылды.
НАТО аскердик кагылышууга даярдык көрүүнүн алкагында Россия менен чектешкен түштүк флангын бекемдеп жатат. Бул тууралуу Politico жазганын РИА Новости кабарлады. Макалада АКШ президенти Дональд Трамп буга чейинки коопсуздук кепилдиктеринен күмөн санап, Европадагы аскер күчүн азайтууга белсенип жаткан маалда НАТОнун чыгышындагы мамлекеттер коргонуусун күчөтүп жатканы айтылат. "Ирандагы согушта европалык союздаштары колдоодон баш тарткандан кийин АКШ президенти командасы менен өлкөнүн НАТОго мүчөлүк маселесин кайра карап чыгарын билдирди. Ушундан соң европалыктардын эки анжылыгы күчөдү", — деп жазылган материалда. Басылма даярдыкты ар мамлекет өзүнчө көрүп жатканын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0