https://sputnik.kg/20260705/kyrgyzstanda-2030-zhyly-zhashoo-uzaktygy-75-zhash-bolot-1102241885.html
Кыргызстанда 2030-жылы жашоо узактыгы 75 жашка жакындашы мүмкүн
Кыргызстанда 2030-жылы жашоо узактыгы 75 жашка жакындашы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстан 2030-жылга карата жашоо узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулушу керек. Бул тууралуу министрлер... 05.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-05T11:54+0600
2026-07-05T11:54+0600
2026-07-05T12:01+0600
кыргызстан
адылбек касымалиев
медицина
майрам
жашоо узактыгы
программа
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1d/1093649900_0:43:825:507_1920x0_80_0_0_1b06c385604277b409ddbe45fd7a6598.jpg
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстан 2030-жылга карата жашоо узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулушу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев медицина кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктаган билдирүүсүндө айтканын маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчынын айтымында, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында жарандардын жашоо узактыгын жогорулатуу милдети коюлган. Ал мындай көрсөткүчкө жетүүдө дарыгерлердин салымы өтө чоң экенин белгилеп, медиктерге ийгилик каалады. Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда адамдардын жашоо узактыгы орточо 72 жашты түзөт.
https://sputnik.kg/20260421/arygerlerdin-aylygy-tuuraluu-1100902205.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1d/1093649900_46:0:779:550_1920x0_80_0_0_432f53dce325d395272caf3880e1f08c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адылбек касымалиев, медицина, майрам, жашоо узактыгы, программа
кыргызстан, адылбек касымалиев, медицина, майрам, жашоо узактыгы, программа
Кыргызстанда 2030-жылы жашоо узактыгы 75 жашка жакындашы мүмкүн
11:54 05.07.2026 (Жаңыртылды: 12:01 05.07.2026) БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстан 2030-жылга карата жашоо узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулушу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев медицина кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктаган билдирүүсүндө айтканын маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчынын айтымында, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында жарандардын жашоо узактыгын жогорулатуу милдети коюлган.
"Ден соолук адамдын негизги укугу, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин бакубат жашоосу үчүн башкы баалуулук деген принципти бекем карманабыз. 2030-жылга карата жашоо узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулуубуз керек", — деген минкаб башчысы.
Ал мындай көрсөткүчкө жетүүдө дарыгерлердин салымы өтө чоң экенин белгилеп, медиктерге ийгилик каалады.
Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда адамдардын жашоо узактыгы орточо 72 жашты түзөт.