https://sputnik.kg/20260725/1102602430.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчылары уюмдун 25 жылдыгына арналган негизги документтердин топтомун кабыл алышат. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев билдирди... 25.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-25T08:59+0600
2026-07-25T08:59+0600
2026-07-25T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/19/1102602264_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dc5060ebdd9f8456e45371c486f756e7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчылары уюмдун 25 жылдыгына арналган негизги документтердин топтомун кабыл алышат. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев билдирди. Лидерлерге өзөктүк коопсуздук боюнча көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө тууралуу декларацияга, ШКУ өлкөлөрүнүн 2030-жылга чейинки баңгизатка каршы кызматташуу программасына, ошондой эле синтетикалык баңгизаттар менен алардын прекурсорлорунун жайылышына каршы аракеттерди координациялоо программасына кол коюу сунушталат. Мындан сырткары, эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташуу планы да каралат. “Бул документтер заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүүдөгү практикалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган”, — деди Ермекбаев Чолпон-Атада өткөн ШКУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында.Мындан тышкары, транспорт, жасалма интеллект, санариптик технологиялар, энергетика, экология, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча документтер каралат. Президенттер ШКУнун Катчылыгы менен Африка бирлигинин ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселесин да талкуулашат
Талас шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулган “Тынчтык Ордо” турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү.Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жаңы үй ээлерин куттуктады. Анын айтымында, жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.Жалпы 11 блоктон турган турак жай комплекси 319 батирди камтыйт. Өкмөт мындай долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарында улантылып, калктын турак жайга болгон муктаждыгын чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.Салтанаттын соңунда жаңы батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылды.
Баткен облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Биримдик кербени» аттуу 40 күндүк улуттук жүрүшкө старт берилди. Жүрүштүн алкагында Лейлек районундагы касиеттүү Шооваз булагынан суу алуу аземи өтүп, суу 10 атчанга салтанаттуу тапшырылды. Кербен 25-июлдан тарта өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, 40 райондогу касиеттүү булактардан алынган сууларды чогултат. Жалпысынан 400 атчан катышып, жүрүш 1-сентябрга чейин уланат.Долбоордун максаты – кыргыз элинин биримдигин чыңдоо, көчмөн маданиятын, улуттук каада-салтты жана тарыхый мурастарды даңазалоо. Жүрүштүн соңунда бардык булактардын суусу Бишкекте бир идишке бириктирилип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жеткирилет.
Алдыдагы Бишкекте өтө турган саммитте Шанхай кызматташтык уюмунун 17 өлкөсүнө бирдиктүү өнөктөш өлкө деген макамды киргизүү жарыяланат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Ал белгилегендей, учурда уюмга мүчө болгон 10 мамлекеттен тышкары 15 өнөктөш өлкө жана байкоочу эки мамлекет кирет. "Жаңы чечим кабыл алынса, алардын бардыгы бирдиктүү өнөктөш деген макамга ээ болот", — деди Лавров Чолпон-Атада өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында. Ошондой эле ал президенттердин кароосуна сунушталган документтерде жаңы коркунучтарга жана көйгөйлөргө, баңгизат кылмыштарына каршы күрөшүү борборун түзүү каралганын билдирди.
Мамлекет башчылары уюмдун 25 жылдыгына арналган негизги документтердин топтомун кабыл алышат. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев билдирди. Лидерлерге өзөктүк коопсуздук боюнча көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө тууралуу декларацияга, ШКУ өлкөлөрүнүн 2030-жылга чейинки баңгизатка каршы кызматташуу программасына, ошондой эле синтетикалык баңгизаттар менен алардын прекурсорлорунун жайылышына каршы аракеттерди координациялоо программасына кол коюу сунушталат. Мындан сырткары, эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташуу планы да каралат. “Бул документтер заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүүдөгү практикалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган”, — деди Ермекбаев Чолпон-Атада өткөн ШКУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында.Мындан тышкары, транспорт, жасалма интеллект, санариптик технологиялар, энергетика, экология, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча документтер каралат. Президенттер ШКУнун Катчылыгы менен Африка бирлигинин ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселесин да талкуулашатТалас шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулган “Тынчтык Ордо” турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү.Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, жаңы үй ээлерин куттуктады. Анын айтымында, жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.Жалпы 11 блоктон турган турак жай комплекси 319 батирди камтыйт. Өкмөт мындай долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарында улантылып, калктын турак жайга болгон муктаждыгын чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.Салтанаттын соңунда жаңы батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылды.Баткен облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Биримдик кербени» аттуу 40 күндүк улуттук жүрүшкө старт берилди. Жүрүштүн алкагында Лейлек районундагы касиеттүү Шооваз булагынан суу алуу аземи өтүп, суу 10 атчанга салтанаттуу тапшырылды. Кербен 25-июлдан тарта өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, 40 райондогу касиеттүү булактардан алынган сууларды чогултат. Жалпысынан 400 атчан катышып, жүрүш 1-сентябрга чейин уланат.Долбоордун максаты – кыргыз элинин биримдигин чыңдоо, көчмөн маданиятын, улуттук каада-салтты жана тарыхый мурастарды даңазалоо. Жүрүштүн соңунда бардык булактардын суусу Бишкекте бир идишке бириктирилип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жеткирилет.Алдыдагы Бишкекте өтө турган саммитте Шанхай кызматташтык уюмунун 17 өлкөсүнө бирдиктүү өнөктөш өлкө деген макамды киргизүү жарыяланат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Ал белгилегендей, учурда уюмга мүчө болгон 10 мамлекеттен тышкары 15 өнөктөш өлкө жана байкоочу эки мамлекет кирет. "Жаңы чечим кабыл алынса, алардын бардыгы бирдиктүү өнөктөш деген макамга ээ болот", — деди Лавров Чолпон-Атада өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында. Ошондой эле ал президенттердин кароосуна сунушталган документтерде жаңы коркунучтарга жана көйгөйлөргө, баңгизат кылмыштарына каршы күрөшүү борборун түзүү каралганын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/19/1102602264_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3ca0a63248c5e181783d57907b6d6995.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио