00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Таберик
“Шуулдаба, терегим, теректерим...” Эллегиянын султаны көлдү багынтканда
17:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Меняющие мир
«Хорошая речь — это навык»: преподаватель сценической речи — о голосе, зажимах и технике
18:06
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кубанын президенти АКШнын аларга кысымы дагы деле уланып жатканын айтты

© AP Photo / Ramon EspinosaКубанын президенти Мигель Диас-Канель Бермудес
Кубанын президенти Мигель Диас-Канель Бермудес - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бизди жеңе албагандыктан АКШнын Кубага жасаган басымы дагы деле уланууда. Бул туурасында куба компанияларына каршы америкалык жаңы санкциялардан улам аталган мамлекеттин президенти Мигель Диас-Канель айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Вашингтондун ар бир кадамы өлкөнү калктын негизги муктаждыктарын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга багытталган. Муну алар "киреше булактарына, каржы механизмдерине, күйүүчү май ташуу иштерине чабуул жасоо аркылуу" ишке ашырууда.
"Бизди жеңе албай, АКШнын агрессиясы күчөп жатат. Алардын бийлиги согуш шартында эч бир өлкө жашап кете албайт деп эсептейт. Бирок алар айбат кылып, каршылык көрсөткөнүбүзгө таң калып жатышат", — деп жазды Мигель Диас-Канель.
Буга чейин Кубанын ТИМ башчысы Бруно Родригес АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын кубалык компаниялар менен жеке жактарга койгон жаңы чектөөлөрүн кылмыш деп атаган.
Шейшемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кубанын беш уюмуна санкция коюлгандыгын жарыялады. Вашингтондун ырастоосунда, бул ишканалар Куба мамлекетине киреше алып келип турат. Чектөөлөр ошондой эле Кастронун үй-бүлөсүнүн алыскы туугандарынын бирине да тиешелүү болду.
Кошмо Штаттар Кубага каршы экономикалык эмбаргону алтымыш жылдан ашык убакыттан бери албай келет. Ал эми Куба бийлиги бул санкцияларды өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктардын башкы себеби деп эсептейт. Алардын толук алынышын бир эмес, бир нече ирет талап кылган.
АКШ менен ЕБдин желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2026
АКШда Батыштын Украинадан кийинки кезектеги бутасы кайсы өлкө экени ачыкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0