https://sputnik.kg/20260421/1100901386.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр каралды. Алдын ала маалыматтарга ылайык... 21.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-21T08:59+0600
2026-04-21T08:59+0600
2026-04-21T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/15/1100901220_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_308a6f37db0ed11c9b1a495b9d188cb2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр каралды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өлкөнүн ички дүң продукциясы 10,1%га өсүп, 428 млрд 600 миң сомду түздү. Негизги тармактар боюнча өсүш:курулуш – 29,6%;өнөр жай – 14,0%;кызмат көрсөтүү – 7,7%;айыл чарба – 2,8%.Өнөр жайда химия, фармацевтика, транспорт каражаттарын өндүрүү жана кен казуу тармактарында олуттуу өсүш байкалды.Ошондой эле негизги капиталга инвестициялар 77 млрд 300 миң сомго жетип, 25,5%га көбөйдү.Минкаб башчысы бюджеттин так аткарылышын жана жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырды.
2026–2027-окуу жылына карата Бишкек баштаган республика боюнча 56 миң700дөн ашык бала биринчи класска катталды. Маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталында жарыяланган.Анын ичинде Бишкекте 8 миң 900 гө жакын бала катталып, алардын 3 миң700ү кыргыз тилдүү, 5 миң 200дөн ашууну орус тилдүү класстарды тандаган. Борбор калаада дагы 17 миңден ашык бош орун бар. 2026-2027-окуу жылына карата квоталардын жалпы саны — 192 миң 300. Электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этапта мектептин аймагында каттоосу бар балдар кабыл алынса, экинчи этап 1-июндан тарта бардык каалоочулар үчүн ачылат.
Сокулук районуна караштуу Манас – Камышановка унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Кыргызавтожол мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымды түзөт. Анын ичинен 2026-жылы 10 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө пландалган. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.Бул унаа жолу Манас айылы, Дача-Суу жана Камышановка айылдарын бириктирген маанилүү транспорттук байланыш болуп эсептелет.Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактагы транспорт кыймылын жакшыртууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө оң таасирин тийгизери белгиленди.
Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт.Бишкек шаарында 24-апрелде жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы уюштурулат. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театры маалымдады. Маалыматка ылайык, сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн жаш манасчылар катышат. Финалдык турда алар өз өнөрлөрүн тартуулап, калыстар тобунун баасына ээ болушат.Иш-чаранын негизги максаты – таланттуу жаш манасчыларды аныктоо жана колдоо, ошондой эле Манас эпосу аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.Уюштуруучулар белгилегендей, мындай сынактар улуттук мурастын улануусуна өбөлгө түзүп, жаш муундун маданиятка болгон кызыгуусун арттырат.
29-апрелде Бишкек шаарынын күнүнө карата тургундар жана коноктор үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.Маалыматка ылайык, 29-апрелде борбордогу Ала-Тоо аянтында 18:00дө Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталат;Ал эми саат 19:00дө ачык асман алдында “Вальс кечеси” фестивалы өтөт. Андан соң көрүүчүлөргө чоң майрамдык концерт тартууланат. Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарынын түптөлгөнүнө 148 жыл толот, бул дата жыл сайын майрамдалып келет.
Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр каралды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өлкөнүн ички дүң продукциясы 10,1%га өсүп, 428 млрд 600 миң сомду түздү. Негизги тармактар боюнча өсүш:курулуш – 29,6%;өнөр жай – 14,0%;кызмат көрсөтүү – 7,7%;айыл чарба – 2,8%.Өнөр жайда химия, фармацевтика, транспорт каражаттарын өндүрүү жана кен казуу тармактарында олуттуу өсүш байкалды.Ошондой эле негизги капиталга инвестициялар 77 млрд 300 миң сомго жетип, 25,5%га көбөйдү.Минкаб башчысы бюджеттин так аткарылышын жана жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырды.2026–2027-окуу жылына карата Бишкек баштаган республика боюнча 56 миң700дөн ашык бала биринчи класска катталды. Маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталында жарыяланган.Анын ичинде Бишкекте 8 миң 900 гө жакын бала катталып, алардын 3 миң700ү кыргыз тилдүү, 5 миң 200дөн ашууну орус тилдүү класстарды тандаган. Борбор калаада дагы 17 миңден ашык бош орун бар. 2026-2027-окуу жылына карата квоталардын жалпы саны — 192 миң 300. Электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этапта мектептин аймагында каттоосу бар балдар кабыл алынса, экинчи этап 1-июндан тарта бардык каалоочулар үчүн ачылат.Сокулук районуна караштуу Манас – Камышановка унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Кыргызавтожол мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымды түзөт. Анын ичинен 2026-жылы 10 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө пландалган. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.Бул унаа жолу Манас айылы, Дача-Суу жана Камышановка айылдарын бириктирген маанилүү транспорттук байланыш болуп эсептелет.Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактагы транспорт кыймылын жакшыртууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө оң таасирин тийгизери белгиленди.Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт.Бишкек шаарында 24-апрелде жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы уюштурулат. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театры маалымдады. Маалыматка ылайык, сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн жаш манасчылар катышат. Финалдык турда алар өз өнөрлөрүн тартуулап, калыстар тобунун баасына ээ болушат.Иш-чаранын негизги максаты – таланттуу жаш манасчыларды аныктоо жана колдоо, ошондой эле Манас эпосу аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.Уюштуруучулар белгилегендей, мындай сынактар улуттук мурастын улануусуна өбөлгө түзүп, жаш муундун маданиятка болгон кызыгуусун арттырат.29-апрелде Бишкек шаарынын күнүнө карата тургундар жана коноктор үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.Маалыматка ылайык, 29-апрелде борбордогу Ала-Тоо аянтында 18:00дө Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталат;Ал эми саат 19:00дө ачык асман алдында “Вальс кечеси” фестивалы өтөт. Андан соң көрүүчүлөргө чоң майрамдык концерт тартууланат. Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарынын түптөлгөнүнө 148 жыл толот, бул дата жыл сайын майрамдалып келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/15/1100901220_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ea0a34bb51c73d0a7bbe99778a5524c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио