00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
55 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жумушсуздар кантип иш табууда? Мамлекеттик программалардын ролу
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Мамлекет башчысы кол койгон тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам төлөө үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине президенттин фондунан 4 млн 848 миң сом бөлүү тапшырылды: Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары; Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдар; 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдар жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар.
Республикада жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондор жалпы өлүм-житимдин 52,3 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди. Дарыгердин айтымында, бул көрсөткүчтү дүйнөлүк статистикага салаштырганда кыйла жогору. Мындан улам бийлик 2030-жылга чейин өлүм-житимдин деңгээлин 25 пайызга чейин төмөндөтүү милдетин коюуда. “Өлүм-житимдин көптүгү медицинанын деңгээли менен гана эмес, системалык көйгөйлөр менен да байланыштуу. Бейтаптар көбүнчө дарыгерлерге кеч кайрылышат. Дагы бир себеп — аймактарда адистердин жетишсиздиги жана меджардамдын жоктугу. Мунун айынан бейтаптар убакыттан уттуруп жатышат”, — деген Эралиев. Ал маселени чечүү үчүн президенттин атайын жарлыгы чыкканын айтты. Документти ишке ашыруунун алкагында, ангиограф аппараттары менен жабдылган борборлор өлкө боюнча курулат. Ошондой эле телемедицинаны өнүктүрүү каралган.
Кыргызстан президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча президенттин атайын өкүлү Азамат Кадыралиев Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара менен жолугушту. Жолугушуу Анталия дипломатиялык форумунун алкагында орун алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын келечегин жана регионалдык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүдө күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине, анын ичинде жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Азамат Кадыралиев Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну эки жактуу да, көп тараптуу форматта да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун алкагында кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында өтө турган БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле Азамат Кадыралиев боордош араб мамлекеттеринин колдоосу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи. Өз кезегинде президент Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирип, тиешелүү чечимди расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтөрүн айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0