https://sputnik.kg/20260416/1100821865.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров элди синтетикалык торлорду өкмөткө тапшырып берүүгө чакырды. Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына соңку беш жылдан бери... 16.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-16T17:00+0600
2026-04-16T17:00+0600
2026-04-16T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/10/1100821699_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5913c8c70fcc57c1c395b1ad0921aaf6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров элди синтетикалык торлорду өкмөткө тапшырып берүүгө чакырды. Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына соңку беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатышканын жазды. Ал ИИМ, ӨКМ, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей көлдү тордон тазалап жүрүшкөнүн белгилеп, калкты алардын эмгегин баалап, кайра тор салбоого үндөдү. "Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш. Эл арасында "торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы" деген сын-пикир бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алып келинген торлордун арты бүтпөй жаткандай. Кимде мурда алып келинген торлор бар болгон болсо, жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч", — деп жазды Жапаров.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ал Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан шайланып, кийин мандатын тапшырган Кубанычбек Конгантиевдин ордуна келет. 2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аталган округдан 13 379 добуш менен биринчи болуп келген Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Эртеси эле УКМК тарабынан кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген. Конгантиевдин ордуна 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган Чыңгыз Айдарбеков келмек. Бирок марттын соңунда ал БШК мандат бербей жатканын айтып чыккан. Кийинчерээк анын ИИМде сурак берип чыкканы кабарланган. Ички иштер министрлиги кечээ Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганын билдирди. Мындан улам бош калган мандат 3 324 добуш менен кийинки сапта турган Мирлан Жээнчороевге ыйгарылды.
Жогорку Кеңеш транспорт каражатын ичимдикке же баңгизатка мас болуп алып башкаргандарга жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Документ төмөнкүлөрдү карайт: мас абалда унаа айдоо — 20 суткага чейин камакка алуу (азыр 7 суткага чейин) жана айдоочулук күбөлүктөн 1 жылдан 12 жылга чейин ажыратуу; медициналык кароодон өтүүдөн баш тартуу — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга чейин ажыратуу (административдик жаза); мас абалда жасалган жол кырсыгынын кесепетинен адамдар жабыркаса — 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жана ошол эле мөөнөткө айдоочулук укуктан ажыратуу; адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы — 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу (азыр 8-10 жыл) жана өмүр бою транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу.
Өзгөн районунда эки күн ичинде өз жанын кыйган 29 жаштагы келин менен жашы жете элек кыздын сөөгү табылды. Ош облустук милициясы 14-апрелде саат 19:15 чамасында кабар келгенин билдирди. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө өспүрүм кыздын сөөгү үйүндө табылганы аныкталган. Окуя боюнча күбөлөр суралып, денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн. Учурда маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык изилдөө дайындалып, тергөө уланууда. 29 жаштагы келиндин да сөөгү 12-апрелде өз үйүндө табылган. Экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Маркум келиндин артында үч баласы калды.
Президент Садыр Жапаров элди синтетикалык торлорду өкмөткө тапшырып берүүгө чакырды. Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына соңку беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатышканын жазды. Ал ИИМ, ӨКМ, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей көлдү тордон тазалап жүрүшкөнүн белгилеп, калкты алардын эмгегин баалап, кайра тор салбоого үндөдү. "Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш. Эл арасында "торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы" деген сын-пикир бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алып келинген торлордун арты бүтпөй жаткандай. Кимде мурда алып келинген торлор бар болгон болсо, жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч", — деп жазды Жапаров.Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ал Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан шайланып, кийин мандатын тапшырган Кубанычбек Конгантиевдин ордуна келет. 2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аталган округдан 13 379 добуш менен биринчи болуп келген Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Эртеси эле УКМК тарабынан кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген. Конгантиевдин ордуна 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган Чыңгыз Айдарбеков келмек. Бирок марттын соңунда ал БШК мандат бербей жатканын айтып чыккан. Кийинчерээк анын ИИМде сурак берип чыкканы кабарланган. Ички иштер министрлиги кечээ Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганын билдирди. Мындан улам бош калган мандат 3 324 добуш менен кийинки сапта турган Мирлан Жээнчороевге ыйгарылды. Жогорку Кеңеш транспорт каражатын ичимдикке же баңгизатка мас болуп алып башкаргандарга жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Документ төмөнкүлөрдү карайт: мас абалда унаа айдоо — 20 суткага чейин камакка алуу (азыр 7 суткага чейин) жана айдоочулук күбөлүктөн 1 жылдан 12 жылга чейин ажыратуу; медициналык кароодон өтүүдөн баш тартуу — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга чейин ажыратуу (административдик жаза); мас абалда жасалган жол кырсыгынын кесепетинен адамдар жабыркаса — 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жана ошол эле мөөнөткө айдоочулук укуктан ажыратуу; адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы — 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу (азыр 8-10 жыл) жана өмүр бою транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу. Өзгөн районунда эки күн ичинде өз жанын кыйган 29 жаштагы келин менен жашы жете элек кыздын сөөгү табылды. Ош облустук милициясы 14-апрелде саат 19:15 чамасында кабар келгенин билдирди. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө өспүрүм кыздын сөөгү үйүндө табылганы аныкталган. Окуя боюнча күбөлөр суралып, денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн. Учурда маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык изилдөө дайындалып, тергөө уланууда. 29 жаштагы келиндин да сөөгү 12-апрелде өз үйүндө табылган. Экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Маркум келиндин артында үч баласы калды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/10/1100821699_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_eb1e7aea632bd2ba8f431ba239aa0773.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио