https://sputnik.kg/20260403/1100588760.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Тегеран Иран тарткан зыянына кенемтени АКШдан күч менен өндүрөрүн билдирдиБишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтКыргызстан менен Россиянын коргоо... 03.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-03T11:00+0600
2026-04-03T11:00+0600
2026-04-03T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/03/1100588594_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81c99d7467c6cd5137ed8ba44963dc53.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Тегеран Иран тарткан зыянына кенемтени АКШдан күч менен өндүрөрүн билдирдиБишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери жолуктуКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери — Руслан Мукамбетов менен Андрей Белоусов Москвада жолугуп, пикир алмашышты. Белоусов Москва менен Бишкек бирге иш алып барып, максаттарга жетүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды аныкташы керек экенин белгиледи.Мукамбетов КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Москвадагы салттуу меймандостук үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди. Иш-чара Москвада өтүп жатат. “Биз Россия менен аскердик кызматташуунун өнүгүү интенсивдүүлүгүнө канааттанабыз жана анын алкагында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — деди ал.
Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам көрсөтө турганын ӨКМ билдирди. АКШ менен Израилдин чабуулунан жабыркаган Тегеран жалпы 129 тонна жардам алат, азык-түлүк (ун, эт консервалары, өсүмдүк майы), дары-дармек жети фурага жүктөлүп даяр турганы айтылды. Жабыркаган жай жарандарга жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен берилүүдө. Жүктү Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев башында турган топ тапшырмакчы.
Иран АКШ менен Израилдин чабуулдарынан тарткан чыгымына кенемтени күч менен төлөтүп алат, анын жолдору бар. Бул туурасында Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын генералы Абольфазль Шекарчи айтканын РИА Новости жазды. "Согушта душмандардан кенемтени күч менен өндүрөбүз. Бизде анын жолдору бар", — деп айткан Шекарчи. Ал эми өлкөнүн ТИМ башчысы Аббас Аракчи Вашингтондун Ирандын транспорттук жолдоруна койгон чабуулу аталган өлкөнүн элин кол куушуртуп, багындыра албастыгын айтты. "Жарандык инфраструктура, алардын ичинде курулуп бүтө элек көпүрөлөргө урулган соккулар иран элин багындыра да, эркин майтара да албайт", — деген Аракчи. Мындай кадам АКШнын нравалык жактан улам төмөн түшүп бара жатканынын көрсөткүчү экени белгиленген.
Украина АКШ менен Ирандын созулуп кеткен согушунан улам америкалык ракеталарсыз калышы ыктымал. Бул тууралуу Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский TVN24 телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Азырынча колдоо кадимки көлөмдө эле көрсөтүлүүдө, бирок атылган Томагавк же Patriot ракеталарын элдин баары эсептеп жатат", — деген дипломат. Ал Трамптын НАТОдон чыгуу ыктымалдыгы тууралуу сөзү жана Киевге жардам кыскарат деген коркунучтан улам Брюссель санааркап жатканын кошумчалап, мунун баарын көз жаздымда калтыруу туура эмес экенин айтты.
6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы "Жаштык аренада" күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: 6-8-апрель — грек-рим күрөшү боюнча мелдештер; 8-10-апрель — кыз-келиндер күрөшү; 10-12-апрель — эркин күрөш боюнча таймаштар. Кыргызстандын улуттук курама командасынын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.
Тегеран Иран тарткан зыянына кенемтени АКШдан күч менен өндүрөрүн билдирдиБишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери жолуктуКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери — Руслан Мукамбетов менен Андрей Белоусов Москвада жолугуп, пикир алмашышты. Белоусов Москва менен Бишкек бирге иш алып барып, максаттарга жетүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды аныкташы керек экенин белгиледи.Мукамбетов КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Москвадагы салттуу меймандостук үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди. Иш-чара Москвада өтүп жатат. “Биз Россия менен аскердик кызматташуунун өнүгүү интенсивдүүлүгүнө канааттанабыз жана анын алкагында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — деди ал.Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам көрсөтө турганын ӨКМ билдирди. АКШ менен Израилдин чабуулунан жабыркаган Тегеран жалпы 129 тонна жардам алат, азык-түлүк (ун, эт консервалары, өсүмдүк майы), дары-дармек жети фурага жүктөлүп даяр турганы айтылды. Жабыркаган жай жарандарга жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен берилүүдө. Жүктү Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев башында турган топ тапшырмакчы.Иран АКШ менен Израилдин чабуулдарынан тарткан чыгымына кенемтени күч менен төлөтүп алат, анын жолдору бар. Бул туурасында Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын генералы Абольфазль Шекарчи айтканын РИА Новости жазды. "Согушта душмандардан кенемтени күч менен өндүрөбүз. Бизде анын жолдору бар", — деп айткан Шекарчи. Ал эми өлкөнүн ТИМ башчысы Аббас Аракчи Вашингтондун Ирандын транспорттук жолдоруна койгон чабуулу аталган өлкөнүн элин кол куушуртуп, багындыра албастыгын айтты. "Жарандык инфраструктура, алардын ичинде курулуп бүтө элек көпүрөлөргө урулган соккулар иран элин багындыра да, эркин майтара да албайт", — деген Аракчи. Мындай кадам АКШнын нравалык жактан улам төмөн түшүп бара жатканынын көрсөткүчү экени белгиленген.Украина АКШ менен Ирандын созулуп кеткен согушунан улам америкалык ракеталарсыз калышы ыктымал. Бул тууралуу Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский TVN24 телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Азырынча колдоо кадимки көлөмдө эле көрсөтүлүүдө, бирок атылган Томагавк же Patriot ракеталарын элдин баары эсептеп жатат", — деген дипломат. Ал Трамптын НАТОдон чыгуу ыктымалдыгы тууралуу сөзү жана Киевге жардам кыскарат деген коркунучтан улам Брюссель санааркап жатканын кошумчалап, мунун баарын көз жаздымда калтыруу туура эмес экенин айтты. 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы "Жаштык аренада" күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: 6-8-апрель — грек-рим күрөшү боюнча мелдештер; 8-10-апрель — кыз-келиндер күрөшү; 10-12-апрель — эркин күрөш боюнча таймаштар. Кыргызстандын улуттук курама командасынын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/03/1100588594_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c590edc5319c05a6302a16a9f06aca2e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио