https://sputnik.kg/20260308/bekin-seydakmatovdu-eskeruu-1100098826.html
Кыргызстанда стендап, скетч жанрын баштаган актёр. Бекин Сейдакматовду эскерүү
Кыргызстанда стендап, скетч жанрын баштаган актёр. Бекин Сейдакматовду эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Бекин (Бекбосун) Сейдакматов башкы ролду жараткан "Он үчүнчү небере" фильми актердун артында калган эстелиги болду. Бирок уникалдуу талант өз учурунда... 08.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-08T20:09+0600
2026-03-08T20:09+0600
2026-03-08T20:43+0600
кыргызстан
туяк
театр
кино
жаныш кулманбетов
бекин сейдакматов
https://sputnik.kg/img/101996/30/1019963029_0:0:1568:882_1920x0_80_0_0_aeae3888bd11d1e76740cde93b08452d.jpg
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Театр ишмерлер союзунун төрагасы, Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулманбетов болду. Биз Бекин Сейдакматовду эскердик. — Таланттуу актёр Бекин Сейдакматов жыл өткөн сайын унутулуп барат. Ал кишинин бала чагы менен маекти баштасак... — Бекин Сейдакматовдун өз аты Бекбосун. Ал — кыргыздын белгилүү актрисасы Жамал Сейдакматованын бир тууган иниси. Алгач Жамал эженин колунда тарбия алганы үчүн театрга жакын болуп калган. Бекин өтө универсалдуу таланттардын катарына кирет. Театрда, кинодо ролдорду жаратты, бирок анын чыгармачылыгы муну менен эле чектелип калбайт. Жазуучулук жөндөмү да мыкты болгонун айтышыбыз керек. — Сиз ал киши менен кайдан тааныштыңыз эле? — Биринчи жолу 1973-жылы көргөм. Ош театры 1972-жылы ачылгандан кийин анын башкы режиссёру Адылбек Дыйканбаев Фрунзеге келип, театрга таланттарды тандап алуу үчүн атайын сынак өткөргөн. Катышкандардын ичинен эң таланттуусу, көрүнүктүүсү Бекин Сейдакматов болчу. Баары тең анын Алматыда, Москвада окуганын айтышты, бирок эч бир жерде окуусун бүтпөптүр. Мүмкүнчүлүк берилип Ош театрына өттү. Ал кезде бул театр Москвадан бүтүп келген таланттардан турган духу күчтүү театр эле. Бир жыл өтпөй театр Фрунзеге келип, "Курманбек" спектаклин койгон. Негизи бул спектакль Касымалы Жантөшевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылып жүргөнүн билебиз. Эпостон айырмаланып, спектаклде Курманбек өлбөй, аны оор жарааттан досу айыктырып алат. Бирок бул ирет Адылбек Дыйканбаев Калык Акиевдин вариантына таянат. Мында Курманбек кадимкидей эле каза табат, анын аркасынан капысынан эле Кара Баатыр деген баатыр пайда болот. Аны Курманбектин иниси деп түшүндүрүштү. Калмактардан Курманбектин кегин алып, кунун кууй турган баатыр пайда болду деп сахнага алып чыгышкан. Аны Бекин Сейдакматов ойнойт. Дыйканбаев режиссердон тышкары драматург болгондуктан Бекин Сейдакматовдун дараметин байкап, Кара Баатырдын образын атайын ага жазган деген ойдо калдым. Кийин Мурза Гапаровдун "Күнөстүү арал" чыгармасы сахналаштырылып, башкы ролду Бекин Сейдакматовго берген. Ал кезде көркөм жетекчи Искендер Рыскулов эле. Москвадан бүтүп келген артисттердин арасында Дүйшөн Байдөбөтов өңдүү романтикалуу актёр турса да Бекин Сейдакматовго башкы роль берилгени анын психологиялык, поэтикалык дарамети күчтүү актёр экенинен кабар берет. — Кийин Фрунзеде эмгектенген экен. — Ооба, андан көп өтпөй эле борбордогу Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келип калды. Бул 1978-1979-жылдар эле. Нодар Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" чыгармасынын негизинде театралдаштырылган спектаклде жарым эс адамдын образын сонун аткарып, башка ролдордун да көркүн ачып берген. Ошондон кийин Бекин Сейдакматов эксцентрикалык маанайдагы артист турбайбы деп калышкан. Комедиялык типтеги ролдорду мыкты ойной турганы билинген эле. Бирок, тилекке каршы, андан аркы тагдыры бир аз татаал болуп калды. Эмнегедир жакшы ролдор тийбей жүрдү. Муну айрымдар кино менен байланыштырат. Бирок ошол учурда ал кинодо деле көрүнүктүү ролдорго тартылган эмес. Каридин Акматалиев тарткан "Он үчүнчү небере" деген фильмде башкы ролду ойногон. Сейдакматовду андан башка тасмалардан көрө албайбыз. — Эмне үчүн мындай болуп калды? — Ош театрында Искендер Рыскулов Шекспирдин "Ричард III" деген көрүнүктүү чыгармасын койду. Ага чейин муну грузиндер коюп, Лондонго барганда англичандарды таң калтырышкан. Андан кийин эле Рыскулов коюп калды. Алгач Ошто коюп, кийин Фрунзеге коёрдо "Ричард IIIнү Бекин ойнойт болуш керек" деген кептер жүрүп калды. Бирок роль уникалдуу актёр Советбек Жумадыловго буюрду. Маселе мында эмес, кеп театр актёрлору Сейдакматовду ушундай деңгээлдеги ролду ойной аларына ишенгенинде болуп жатат. Анын өзүн эркин алып жүрүшү, чыгармачылык көз карашы жетекчиликке жакпай калды көрүнөт, көп өтпөй театрдан кетиришти. Кийин театрга келүүгө абдан аракеттенди, эңседи, бирок ою ишке ашкан жок. Анын талантын, мүмкүнчүлүгүн пайдалангысы келген эч ким болбоду. Бекин экөөбүз кошуна жашачу элек. Мен ал кезде Маданият министрлигинин бириккен репертуардык коллегиясынын башкы редактору элем. Ошол кезде үч жыл катары менен жаш драматургдардын семинары өтүп, ошонун ичинде Бекин Сейдакматов да бар болчу. Иш-чараларда бир нерселерди чиймелей калып, жеке концерттик программаларды түзүп, көп алып барды. Өзү режиссёр катары коюп, өзү ойночу. Драматург катары семинарга катышып, эң алгач "Сапарлашыма" деген аталыштагы драма жазды. Аны Нарын театры сахналаштырып, кичи сахнасы ушул чыгарма менен ачылган. Кийинкисинде "Ак чардактар ыйлашат" деген чыгарма жазды. Бул анын акыркы драмалык чыгармасы. Андан кийин концерттик чыгармалар менен жүрүп калды. Баары күлкүлүү монологдор, интермедиялар, скетчтер болчу. Ошентип жүрүп ичкиликке жакындап кетти. Депрессияга, стресске байланыштуу болуп калды окшойт. — Бут тосуулар болгонбу? — Болгону үчүн театрдан чыгарылып калды да. Мага көп келчү. "Болду, токтоттум" дечү, бирок аракетинен майнап чыкпай койду. Ошентип жүрүп жол кырсыгына учурап, төшөктө 8-9 ай жатып калды. Жакшы болгондон кийин мен иштеген редакцияга келип, "Көлгө кетип жатам, алдыда жакшы пландарым бар. Келечекте толук кандуу театр ачам" деген. Тилекке каршы, ошол кеткен бойдон көрүшкөн жокпуз. Көлдөн келгенден кийин каза болуп калыптыр. Айтайын дегеним, учурунда зор талантты, анын мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай кор кылып койдук. Менимче, бул биздин чөйрө үчүн кечиримсиз көрүнүш. Артисттер эмес, ошол кездеги театр жетекчилери аны баалай албай коюшту. Универсал талант болгондон кийин драматург катары көрүп чыгармачылыгынын өркүндөп кетишине жардам бере алган жокпуз. Муну менен катар анын адамдык сапатын да анча баалай албадык. Теңтушчулукка бекем жигит эле. — Сырдашчу белеңиздер? — Ооба, көп сырын айтчу. Ричард IIIнү ойногусу келгенин, театр дегенде ак эткенде так эткен сезимдери менен бөлүшчү. Ошол кездеги театр жетекчилигине кирип, "Сейдакматовду албайсыңарбы" деп жүрдүм. Алар кайдыгер болуп коюшту. Сейдакматовдун чыгармачылык дараметин пайдалана албай, анын эрте кетишине себепчи болуп калдык. Бекин эч качан бирөөнүн ойногон образын сындап же өзүнөн төмөн санап жеригенин уккан эмесмин. Бирок жетекчиликтин ишине ичи жылыбагандыктан башкалардай жашырбай ачык айтып койгону үчүн жакпай калган. Анын сындаганын жеткирип барып тургандар болгон. — "Он үчүнчү небере" фильминде Бекин Сейдакматовдун талантынын бир өңүрү эстелик катары сакталып калганына да шүгүр деп кетебиз. Мүнөзү деле ошол кинодогу образындай болсо керек? — Ооба, абдан бала кыял эле. "Сергей Есенин, а мен Сейдекматов Бекенин" деп койчу. Күлүп, тамашалап, ушинтип жамактатып ырдай берчү. Кичине балдардын тобун же шарын ала коюп, кошо ойноп кетчү. Эч кандай комплекс жок болчу. Адамдардан жамандык көрсө деле көңүлү калбай, кайра эле жакшы мамиле жасаганга аракет кылчу. Түн ортосунда терезени тыкылдатып келип, экөөбүз бир топко сүйлөшүп отуруп, анан кетип калчу. "Болду, сөөгүмө жетти, токтотом" дейт, кайра эки күндөн кийин баягы абалы. Негизи абдан шар жүрчү. Москвадагы окуусун да театр үчүн таштап кетип калган да. Ушул учур менен, бүгүнкү күн менен жашаган адам эле. Мындай мүнөз менен Сейдакматов чет өлкөдө жашаганда абдан жарашмак. Ал эми бизде стреотиптир, догмалар бар. Бизде "дипломуң барбы, билимиң кандай" деген суроолорду берет. Ошого жараша мамиле кылат. Сейдакматов рыноктун талабын ошондо эле түшүнүптүр. Азыр стендап, скетчтер менен чыгып жатпайбы жаштар. Ошол жанрды мурда эле сахналаштырып, сценарийлерин өзү жазып, жеке күлкүлүү монологдор менен эл алдына чыкчу. Мезгилинен мурун жаралып калгандай сезилет. Азыр жашаса Сейдакматовдун доору болмок. — Жеке жашоосу да ойдогудай болбой, жакындарынын колдоосуна муктаж болду окшойт... — Жанында жакын адамдары, үй-бүлөсү болсо да мынчалык кыйналбас беле. Үйлөнгөн. Бирок ажырашып кеткен. Каныкей деген кызы, бир уулу бар эле. Бекин өткөндөн кийин Каныкей да каза болуп калды. Убагында атасына жардам берүүгө балдары кичинекей болду. — Жамал Сейдакматованын бир тууган иниси болгон да. Эжеси бааланды, сыйланды, ийгилик үстүндө жүрдү. Ал киши инисин камкордукка ала алган жокпу? — Ал киши деле аракет кылса керек. Бир тууган болсо да чогуу бир үйдө тура албайт да. Ар кимдин өз түйшүгү бар. Анын үстүнө Жамал эже Кыргызстанды кыдырып жеке театры менен иштеп калды. Ошол себептен да карап отурууга мүмкүнчүлүгү болбоду көрүнөт. Негизи "Мен күндү көрүп турам" спектаклиндеги жана "Он үчүнчү небере" фильминдеги образдары үчүн Бекинге сыйлык берсе жарашмак. Чыныгы талант үчүн роль, театр, элдин көңүлү болсо жетет. Байлык да, сыйлык да кызыктырбайт. Ошону түшүнбөгөнүбүз үчүн бизде маданияттын ар тармагындагы чыныгы таланттар бааланбай кор болуп калышат.
https://sputnik.kg/20260208/muzyka-zhamila-mamatova-1099604108.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101996/30/1019963029_0:0:1176:882_1920x0_80_0_0_3f7c5bc9d7d69389244556da1aca3042.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, туяк, театр, кино, жаныш кулманбетов, бекин сейдакматов
кыргызстан, туяк, театр, кино, жаныш кулманбетов, бекин сейдакматов
Кыргызстанда стендап, скетч жанрын баштаган актёр. Бекин Сейдакматовду эскерүү
20:09 08.03.2026 (Жаңыртылды: 20:43 08.03.2026) Бекин (Бекбосун) Сейдакматов башкы ролду жараткан "Он үчүнчү небере" фильми актердун артында калган эстелиги болду. Бирок уникалдуу талант өз учурунда бааланбай калган.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында Театр ишмерлер союзунун төрагасы, Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулманбетов болду. Биз Бекин Сейдакматовду эскердик.
— Таланттуу актёр Бекин Сейдакматов жыл өткөн сайын унутулуп барат. Ал кишинин бала чагы менен маекти баштасак...
— Бекин Сейдакматовдун өз аты Бекбосун. Ал — кыргыздын белгилүү актрисасы Жамал Сейдакматованын бир тууган иниси. Алгач Жамал эженин колунда тарбия алганы үчүн театрга жакын болуп калган. Бекин өтө универсалдуу таланттардын катарына кирет. Театрда, кинодо ролдорду жаратты, бирок анын чыгармачылыгы муну менен эле чектелип калбайт. Жазуучулук жөндөмү да мыкты болгонун айтышыбыз керек.
— Сиз ал киши менен кайдан тааныштыңыз эле?
— Биринчи жолу 1973-жылы көргөм. Ош театры 1972-жылы ачылгандан кийин анын башкы режиссёру Адылбек Дыйканбаев Фрунзеге келип, театрга таланттарды тандап алуу үчүн атайын сынак өткөргөн. Катышкандардын ичинен эң таланттуусу, көрүнүктүүсү Бекин Сейдакматов болчу. Баары тең анын Алматыда, Москвада окуганын айтышты, бирок эч бир жерде окуусун бүтпөптүр. Мүмкүнчүлүк берилип Ош театрына өттү. Ал кезде бул театр Москвадан бүтүп келген таланттардан турган духу күчтүү театр эле. Бир жыл өтпөй театр Фрунзеге келип, "Курманбек" спектаклин койгон. Негизи бул спектакль Касымалы Жантөшевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылып жүргөнүн билебиз. Эпостон айырмаланып, спектаклде Курманбек өлбөй, аны оор жарааттан досу айыктырып алат. Бирок бул ирет Адылбек Дыйканбаев Калык Акиевдин вариантына таянат. Мында Курманбек кадимкидей эле каза табат, анын аркасынан капысынан эле Кара Баатыр деген баатыр пайда болот. Аны Курманбектин иниси деп түшүндүрүштү. Калмактардан Курманбектин кегин алып, кунун кууй турган баатыр пайда болду деп сахнага алып чыгышкан. Аны Бекин Сейдакматов ойнойт. Дыйканбаев режиссердон тышкары драматург болгондуктан Бекин Сейдакматовдун дараметин байкап, Кара Баатырдын образын атайын ага жазган деген ойдо калдым. Кийин Мурза Гапаровдун "Күнөстүү арал" чыгармасы сахналаштырылып, башкы ролду Бекин Сейдакматовго берген. Ал кезде көркөм жетекчи Искендер Рыскулов эле. Москвадан бүтүп келген артисттердин арасында Дүйшөн Байдөбөтов өңдүү романтикалуу актёр турса да Бекин Сейдакматовго башкы роль берилгени анын психологиялык, поэтикалык дарамети күчтүү актёр экенинен кабар берет.
— Кийин Фрунзеде эмгектенген экен.
— Ооба, андан көп өтпөй эле борбордогу Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келип калды. Бул 1978-1979-жылдар эле. Нодар Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" чыгармасынын негизинде театралдаштырылган спектаклде жарым эс адамдын образын сонун аткарып, башка ролдордун да көркүн ачып берген. Ошондон кийин Бекин Сейдакматов эксцентрикалык маанайдагы артист турбайбы деп калышкан. Комедиялык типтеги ролдорду мыкты ойной турганы билинген эле. Бирок, тилекке каршы, андан аркы тагдыры бир аз татаал болуп калды. Эмнегедир жакшы ролдор тийбей жүрдү. Муну айрымдар кино менен байланыштырат. Бирок ошол учурда ал кинодо деле көрүнүктүү ролдорго тартылган эмес. Каридин Акматалиев тарткан "Он үчүнчү небере" деген фильмде башкы ролду ойногон. Сейдакматовду андан башка тасмалардан көрө албайбыз.
— Эмне үчүн мындай болуп калды?
— Ош театрында Искендер Рыскулов Шекспирдин "Ричард III" деген көрүнүктүү чыгармасын койду. Ага чейин муну грузиндер коюп, Лондонго барганда англичандарды таң калтырышкан. Андан кийин эле Рыскулов коюп калды. Алгач Ошто коюп, кийин Фрунзеге коёрдо "Ричард IIIнү Бекин ойнойт болуш керек" деген кептер жүрүп калды. Бирок роль уникалдуу актёр Советбек Жумадыловго буюрду. Маселе мында эмес, кеп театр актёрлору Сейдакматовду ушундай деңгээлдеги ролду ойной аларына ишенгенинде болуп жатат. Анын өзүн эркин алып жүрүшү, чыгармачылык көз карашы жетекчиликке жакпай калды көрүнөт, көп өтпөй театрдан кетиришти. Кийин театрга келүүгө абдан аракеттенди, эңседи, бирок ою ишке ашкан жок. Анын талантын, мүмкүнчүлүгүн пайдалангысы келген эч ким болбоду. Бекин экөөбүз кошуна жашачу элек. Мен ал кезде Маданият министрлигинин бириккен репертуардык коллегиясынын башкы редактору элем. Ошол кезде үч жыл катары менен жаш драматургдардын семинары өтүп, ошонун ичинде Бекин Сейдакматов да бар болчу. Иш-чараларда бир нерселерди чиймелей калып, жеке концерттик программаларды түзүп, көп алып барды. Өзү режиссёр катары коюп, өзү ойночу. Драматург катары семинарга катышып, эң алгач "Сапарлашыма" деген аталыштагы драма жазды. Аны Нарын театры сахналаштырып, кичи сахнасы ушул чыгарма менен ачылган. Кийинкисинде "Ак чардактар ыйлашат" деген чыгарма жазды. Бул анын акыркы драмалык чыгармасы. Андан кийин концерттик чыгармалар менен жүрүп калды. Баары күлкүлүү монологдор, интермедиялар, скетчтер болчу. Ошентип жүрүп ичкиликке жакындап кетти. Депрессияга, стресске байланыштуу болуп калды окшойт.
— Болгону үчүн театрдан чыгарылып калды да. Мага көп келчү. "Болду, токтоттум" дечү, бирок аракетинен майнап чыкпай койду. Ошентип жүрүп жол кырсыгына учурап, төшөктө 8-9 ай жатып калды. Жакшы болгондон кийин мен иштеген редакцияга келип, "Көлгө кетип жатам, алдыда жакшы пландарым бар. Келечекте толук кандуу театр ачам" деген. Тилекке каршы, ошол кеткен бойдон көрүшкөн жокпуз. Көлдөн келгенден кийин каза болуп калыптыр. Айтайын дегеним, учурунда зор талантты, анын мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай кор кылып койдук. Менимче, бул биздин чөйрө үчүн кечиримсиз көрүнүш. Артисттер эмес, ошол кездеги театр жетекчилери аны баалай албай коюшту. Универсал талант болгондон кийин драматург катары көрүп чыгармачылыгынын өркүндөп кетишине жардам бере алган жокпуз. Муну менен катар анын адамдык сапатын да анча баалай албадык. Теңтушчулукка бекем жигит эле.
— Ооба, көп сырын айтчу. Ричард IIIнү ойногусу келгенин, театр дегенде ак эткенде так эткен сезимдери менен бөлүшчү. Ошол кездеги театр жетекчилигине кирип, "Сейдакматовду албайсыңарбы" деп жүрдүм. Алар кайдыгер болуп коюшту. Сейдакматовдун чыгармачылык дараметин пайдалана албай, анын эрте кетишине себепчи болуп калдык. Бекин эч качан бирөөнүн ойногон образын сындап же өзүнөн төмөн санап жеригенин уккан эмесмин. Бирок жетекчиликтин ишине ичи жылыбагандыктан башкалардай жашырбай ачык айтып койгону үчүн жакпай калган. Анын сындаганын жеткирип барып тургандар болгон.
— "Он үчүнчү небере" фильминде Бекин Сейдакматовдун талантынын бир өңүрү эстелик катары сакталып калганына да шүгүр деп кетебиз. Мүнөзү деле ошол кинодогу образындай болсо керек?
— Ооба, абдан бала кыял эле. "Сергей Есенин, а мен Сейдекматов Бекенин" деп койчу. Күлүп, тамашалап, ушинтип жамактатып ырдай берчү. Кичине балдардын тобун же шарын ала коюп, кошо ойноп кетчү. Эч кандай комплекс жок болчу. Адамдардан жамандык көрсө деле көңүлү калбай, кайра эле жакшы мамиле жасаганга аракет кылчу. Түн ортосунда терезени тыкылдатып келип, экөөбүз бир топко сүйлөшүп отуруп, анан кетип калчу. "Болду, сөөгүмө жетти, токтотом" дейт, кайра эки күндөн кийин баягы абалы. Негизи абдан шар жүрчү. Москвадагы окуусун да театр үчүн таштап кетип калган да. Ушул учур менен, бүгүнкү күн менен жашаган адам эле. Мындай мүнөз менен Сейдакматов чет өлкөдө жашаганда абдан жарашмак. Ал эми бизде стреотиптир, догмалар бар. Бизде "дипломуң барбы, билимиң кандай" деген суроолорду берет. Ошого жараша мамиле кылат. Сейдакматов рыноктун талабын ошондо эле түшүнүптүр. Азыр стендап, скетчтер менен чыгып жатпайбы жаштар. Ошол жанрды мурда эле сахналаштырып, сценарийлерин өзү жазып, жеке күлкүлүү монологдор менен эл алдына чыкчу. Мезгилинен мурун жаралып калгандай сезилет. Азыр жашаса Сейдакматовдун доору болмок.
— Жеке жашоосу да ойдогудай болбой, жакындарынын колдоосуна муктаж болду окшойт...
— Жанында жакын адамдары, үй-бүлөсү болсо да мынчалык кыйналбас беле. Үйлөнгөн. Бирок ажырашып кеткен. Каныкей деген кызы, бир уулу бар эле. Бекин өткөндөн кийин Каныкей да каза болуп калды. Убагында атасына жардам берүүгө балдары кичинекей болду.
— Жамал Сейдакматованын бир тууган иниси болгон да. Эжеси бааланды, сыйланды, ийгилик үстүндө жүрдү. Ал киши инисин камкордукка ала алган жокпу?
— Ал киши деле аракет кылса керек. Бир тууган болсо да чогуу бир үйдө тура албайт да. Ар кимдин өз түйшүгү бар. Анын үстүнө Жамал эже Кыргызстанды кыдырып жеке театры менен иштеп калды. Ошол себептен да карап отурууга мүмкүнчүлүгү болбоду көрүнөт.
Негизи "Мен күндү көрүп турам" спектаклиндеги жана "Он үчүнчү небере" фильминдеги образдары үчүн Бекинге сыйлык берсе жарашмак. Чыныгы талант үчүн роль, театр, элдин көңүлү болсо жетет. Байлык да, сыйлык да кызыктырбайт. Ошону түшүнбөгөнүбүз үчүн бизде маданияттын ар тармагындагы чыныгы таланттар бааланбай кор болуп калышат.