https://sputnik.kg/20260307/1100114363.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште финансы, бюджет жана ишкердик маселелери боюнча парламенттик угуу өтүп, инвесторлор менен талаштарды жөнгө салуунун жаңы тартиби каралат. Бул... 07.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-07T14:59+0600
2026-03-07T14:59+0600
2026-03-07T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/07/1100114196_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0c6685b08eadd06101406933fc936bc1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште финансы, бюджет жана ишкердик маселелери боюнча парламенттик угуу өтүп, инвесторлор менен талаштарды жөнгө салуунун жаңы тартиби каралат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди. Маалыматка ылайык, сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, инвесторлор менен жаралган талаштар адегенде сүйлөшүү жолу менен чечилүүгө тийиш. Эгер макулдашууга жетишилбесе, маселе алгач Кыргызстандын сотторунда каралып, андан кийин гана эл аралык арбитражга кайрылууга мүмкүн болот. Ошондой эле мыйзам долбоорунда чет элдик инвесторлор үчүн милдеттүү аккредитацияны алып салуу сунушталууда. Депутаттын айтымында, мындай процедураны ыктыярдуу форматка өткөрүү туура болот. "Чет элдик инвесторлор бул өзгөрүүгө кандай карайт — азырынча белгисиз", — деди Дастан Бекешев.
Жалал-Абадда мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу кампа курулду Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык кампа курулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, объект муниципалдык жер тилкесине 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында кошумча каржылоо менен курулган. Курулушка 6 млн 644 миң 663 сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен дагы 104 миң сом каражат каралган. Кампанын жалпы сыйымдуулугу 200 тонна.
Кувейт айрым кендеринде мунай өндүрүшүн кыскарта баштады. Бул тууралуу Зе Уолл Стрит Жорнэл жазды. Маалыматка ылайык, мындай чечим Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшүнөн улам мунайды чет өлкөгө жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып, кампалардын толуп кетиши менен байланыштуу. Адистердин баамында, эгер өндүрүш кыскартылбаса, өлкөдөгү мунай сактоочу жайлардагы бош орун 12 күндүн ичинде түгөнүшү мүмкүн. Мындан тышкары, Тегеран Ормуз кысыгын жаап, өтүүгө аракет кылган бардык кемелерге сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен. Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын 20 пайызы, ал эми суюлтулган газдын 30 пайызы ташылат. Эксперттер мындай кырдаал энергетикалык ресурстардын баасынын кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин айтууда.
Кытайда бамбук колдонулган дрон сынагы өттү Маалыматка караганда, долбоор Эл аралык бамбук жана ротан борбору тарабынан ишке ашырылган. Алгачкы сынамык учуу Тяньцзинь шаарында өткөн. Дрондун 25%дан ашууну бамбуктан жасалган. Ал вертикалдуу учуу жана конууга жөндөмдүү, бурамаларга айлануучу винттери бар. Канатынын ачыктык аралыгы 2,5 метрден ашат, салмагы болжол менен 7 кг, крейсердик ылдамдыгы — 100 км/сааттан жогору. Учуу узактыгы 1 сааттан ашат. Куруучулардын айтымында, дронду түзүүдө материалды формага келтирүү, конструкциянын бекемдиги жана тышкы чөйрөгө туруктуулук маселелери чечилген. Артыкчылыктары: бамбук композиттери арзаныраак — көмүртек талчадан болжол менен төрт эсе төмөн баада. Бул конструкциянын баасын 20%дан ашык кыскартууга мүмкүнчүлүк берет жана дрон салыштырмалуу 20% жеңил.
Жогорку Кеңеште финансы, бюджет жана ишкердик маселелери боюнча парламенттик угуу өтүп, инвесторлор менен талаштарды жөнгө салуунун жаңы тартиби каралат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди. Маалыматка ылайык, сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, инвесторлор менен жаралган талаштар адегенде сүйлөшүү жолу менен чечилүүгө тийиш. Эгер макулдашууга жетишилбесе, маселе алгач Кыргызстандын сотторунда каралып, андан кийин гана эл аралык арбитражга кайрылууга мүмкүн болот. Ошондой эле мыйзам долбоорунда чет элдик инвесторлор үчүн милдеттүү аккредитацияны алып салуу сунушталууда. Депутаттын айтымында, мындай процедураны ыктыярдуу форматка өткөрүү туура болот. "Чет элдик инвесторлор бул өзгөрүүгө кандай карайт — азырынча белгисиз", — деди Дастан Бекешев. Жалал-Абадда мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу кампа курулду Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаш-Ленин айылында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык кампа курулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, объект муниципалдык жер тилкесине 2024-жылы CASA-1000 долбоорунун алкагында кошумча каржылоо менен курулган. Курулушка 6 млн 644 миң 663 сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен дагы 104 миң сом каражат каралган. Кампанын жалпы сыйымдуулугу 200 тонна. Кувейт айрым кендеринде мунай өндүрүшүн кыскарта баштады. Бул тууралуу Зе Уолл Стрит Жорнэл жазды. Маалыматка ылайык, мындай чечим Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшүнөн улам мунайды чет өлкөгө жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып, кампалардын толуп кетиши менен байланыштуу. Адистердин баамында, эгер өндүрүш кыскартылбаса, өлкөдөгү мунай сактоочу жайлардагы бош орун 12 күндүн ичинде түгөнүшү мүмкүн. Мындан тышкары, Тегеран Ормуз кысыгын жаап, өтүүгө аракет кылган бардык кемелерге сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен. Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын 20 пайызы, ал эми суюлтулган газдын 30 пайызы ташылат. Эксперттер мындай кырдаал энергетикалык ресурстардын баасынын кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин айтууда. Кытайда бамбук колдонулган дрон сынагы өттү Маалыматка караганда, долбоор Эл аралык бамбук жана ротан борбору тарабынан ишке ашырылган. Алгачкы сынамык учуу Тяньцзинь шаарында өткөн. Дрондун 25%дан ашууну бамбуктан жасалган. Ал вертикалдуу учуу жана конууга жөндөмдүү, бурамаларга айлануучу винттери бар. Канатынын ачыктык аралыгы 2,5 метрден ашат, салмагы болжол менен 7 кг, крейсердик ылдамдыгы — 100 км/сааттан жогору. Учуу узактыгы 1 сааттан ашат. Куруучулардын айтымында, дронду түзүүдө материалды формага келтирүү, конструкциянын бекемдиги жана тышкы чөйрөгө туруктуулук маселелери чечилген. Артыкчылыктары: бамбук композиттери арзаныраак — көмүртек талчадан болжол менен төрт эсе төмөн баада. Бул конструкциянын баасын 20%дан ашык кыскартууга мүмкүнчүлүк берет жана дрон салыштырмалуу 20% жеңил.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/07/1100114196_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_205adb969fd47562af1b0ba4bac7e204.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио