https://sputnik.kg/20260307/1100110566.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кечээ борбор калаадагы Мамлекеттик бажы кеңсесинде чыккан өрттүн чоо-жайы боюнча мекеме маалымат берди Трамп Ирандан багынып берүүнү талап кылды 2030-жылдары... 07.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-07T11:00+0600
2026-03-07T11:00+0600
2026-03-07T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/07/1100110400_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_82f2383c342289fe8f8611f18c78fa7b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кечээ борбор калаадагы Мамлекеттик бажы кеңсесинде чыккан өрттүн чоо-жайы боюнча мекеме маалымат берди Трамп Ирандан багынып берүүнү талап кылды 2030-жылдары өлкөдө башкаруучу кызматтардын 30% аялдар ээлеп калат Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президент администрациясынын аял кызматкерлери менен салтанаттуу жолугушуу өткөрүп, аларды келе жаткан Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады. Ал аялдардын кыргыз коомундагы орду өзгөчө экенин белгилеп, эне, эже жана кыз ар дайым урмат-сыйга татыктуу экенин айтты. Касымалиевдин айтымында, Кыргызстандын Улуттук статистика комитети берген маалыматка ылайык, өлкөдө чакан жана орто бизнестин 20 пайызы аялдар тарабынан башкарылат. Ошондой эле ал 2026-жылдын 20-февралында кабыл алынган президенттин жарлыгына ылайык, 2027-жылга чейин жетекчилик кызматтардын кадрдык резервинде аялдардын үлүшү кеминде 30 пайызга жеткириле турганын, ал эми 2030-жылга чейин мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жетекчилик кызматтарда аялдардын өкүлчүлүгү 30 пайыздан кем болбой турганын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Президент администрациясынын бир катар кызматкер айымдары көп жылдык эмгеги үчүн сыйланды.
Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын административдик имаратында чатыр бөлүгүндө өрт чыкты. Мекеменин маалыматына ылайык, өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге ыкчам келип, жалын тез арада чектелген. Өрт чатырдын бир бөлүгүн гана жабыркаткан. Маалыматка караганда, бардык документтер, анын ичинде архивдик материалдар толугу менен сакталган. Иш бөлмөлөрү жана техникалар зыян тарткан эмес. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда. Акыркы жыйынтык экспертизанын негизинде чыгарылары айтылды. Алдын ала маалымат боюнча өрт саат 19:32 чамасында башталып, жерде үч өрт өчүрүүчү эсеп иштеген.
Вебкамчы Даниэл Ажиев Чүй облустук милициясы тарабынан кармалып, кайра камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМ билдирди. Өздүк маалымат булактардын айтымында, Ажиевдин жанынан баңгизат табылган. Кармалгандан кийин медициналык экспертизага барып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.2024-жылы мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга тогуз жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган Даниэл Ажиев президент Садыр Жапаров ырайым бергенден кийин түрмөдөн тик учак менен учуп кеткени айтылган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен согушту Ислам Республикасынын шартсыз багынып берүүсүнөн башка жол менен токтотууга макул болбой турганын билдирди. “Иран менен багынып берүүдөн башка эч кандай келишим болбойт”, — деп ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. Трамп ошондой эле АКШ жана анын союздаштары жаңжал аяктагандан кийин Ирандын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.
Индонезия АКШ президенти Дональд Трамп демилгелеген Тынчтык кеңешинен чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сугионо билдиргендей, Жакарта бул кеңеш мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келсе же пайда алып келбесе, анын курамынан чыгышы ыктымал. Анын айтымында, Газа сектору боюнча сүйлөшүүлөр Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу токтотулган. Учурда көңүл негизинен Иран айланасындагы абалга бурулуп жатат. Ошондой эле Индонезия апрель айынын башына чейин Газага жайгаштырылышы мүмкүн болгон көп улуттуу тынчтык күчтөрү үчүн 1 миң аскер даярдап жатканы маалым болду.
Кечээ борбор калаадагы Мамлекеттик бажы кеңсесинде чыккан өрттүн чоо-жайы боюнча мекеме маалымат берди Трамп Ирандан багынып берүүнү талап кылды 2030-жылдары өлкөдө башкаруучу кызматтардын 30% аялдар ээлеп калат Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президент администрациясынын аял кызматкерлери менен салтанаттуу жолугушуу өткөрүп, аларды келе жаткан Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады. Ал аялдардын кыргыз коомундагы орду өзгөчө экенин белгилеп, эне, эже жана кыз ар дайым урмат-сыйга татыктуу экенин айтты. Касымалиевдин айтымында, Кыргызстандын Улуттук статистика комитети берген маалыматка ылайык, өлкөдө чакан жана орто бизнестин 20 пайызы аялдар тарабынан башкарылат. Ошондой эле ал 2026-жылдын 20-февралында кабыл алынган президенттин жарлыгына ылайык, 2027-жылга чейин жетекчилик кызматтардын кадрдык резервинде аялдардын үлүшү кеминде 30 пайызга жеткириле турганын, ал эми 2030-жылга чейин мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жетекчилик кызматтарда аялдардын өкүлчүлүгү 30 пайыздан кем болбой турганын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Президент администрациясынын бир катар кызматкер айымдары көп жылдык эмгеги үчүн сыйланды. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын административдик имаратында чатыр бөлүгүндө өрт чыкты. Мекеменин маалыматына ылайык, өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге ыкчам келип, жалын тез арада чектелген. Өрт чатырдын бир бөлүгүн гана жабыркаткан. Маалыматка караганда, бардык документтер, анын ичинде архивдик материалдар толугу менен сакталган. Иш бөлмөлөрү жана техникалар зыян тарткан эмес. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда. Акыркы жыйынтык экспертизанын негизинде чыгарылары айтылды. Алдын ала маалымат боюнча өрт саат 19:32 чамасында башталып, жерде үч өрт өчүрүүчү эсеп иштеген. Вебкамчы Даниэл Ажиев Чүй облустук милициясы тарабынан кармалып, кайра камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМ билдирди. Өздүк маалымат булактардын айтымында, Ажиевдин жанынан баңгизат табылган. Кармалгандан кийин медициналык экспертизага барып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.2024-жылы мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга тогуз жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган Даниэл Ажиев президент Садыр Жапаров ырайым бергенден кийин түрмөдөн тик учак менен учуп кеткени айтылган. АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен согушту Ислам Республикасынын шартсыз багынып берүүсүнөн башка жол менен токтотууга макул болбой турганын билдирди. “Иран менен багынып берүүдөн башка эч кандай келишим болбойт”, — деп ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. Трамп ошондой эле АКШ жана анын союздаштары жаңжал аяктагандан кийин Ирандын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады. Индонезия АКШ президенти Дональд Трамп демилгелеген Тынчтык кеңешинен чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сугионо билдиргендей, Жакарта бул кеңеш мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келсе же пайда алып келбесе, анын курамынан чыгышы ыктымал. Анын айтымында, Газа сектору боюнча сүйлөшүүлөр Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу токтотулган. Учурда көңүл негизинен Иран айланасындагы абалга бурулуп жатат. Ошондой эле Индонезия апрель айынын башына чейин Газага жайгаштырылышы мүмкүн болгон көп улуттуу тынчтык күчтөрү үчүн 1 миң аскер даярдап жатканы маалым болду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/07/1100110400_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9dfa4c75f3968d6d1781cc9b328d58de.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио