https://sputnik.kg/20260306/1100102209.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
АӨБ Кыргызстанда башталгыч кесиптик билим берүү долбоорун колдомой болдуБудапешт Киев мунай түтүгүн ачпаса, Венгрия адистерин жиберип текшертерин эскерттиТаза... 06.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-06T19:00+0600
2026-03-06T19:00+0600
2026-03-06T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/06/1100102043_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_79505ff12967e30b25dbc599f3b6af7d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
АӨБ Кыргызстанда башталгыч кесиптик билим берүү долбоорун колдомой болдуБудапешт Киев мунай түтүгүн ачпаса, Венгрия адистерин жиберип текшертерин эскерттиТаза суунун тарифтери көтөрүлөбү? Депутат мыйзам долбооруна түшүндүрмө бердиЖогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков таза суунун тарифи көтөрүлөт делген мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса суунун баасы дароо эле көтөрүлүп кетпейт. Учурдагы тарифтер өзгөрүүсүз калат. Бирок суу системалары жаңы киргизилген айылдарда эсептегичтер орнотулуп, тариф сууну жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабууга багытталат. "Айыл тургундары суунун өзүн сатып албайт, алар сууну жеткирүүгө кеткен кызматтын гана акысын төлөйт. Бул система өзүн-өзү акташы керек. Себеби буга чейин көп айылдарда таза суу системалары курулганы менен аларды тейлөөгө акча каралган эмес. Натыйжада жаңы курулган системалар тез эле иштен чыгып калган учурлар болгон", — деди депутат. Ошондой эле ал ЖМКларда "суунун тарифи 37 сомго чейин кымбаттайт" деген сөз болжолдуу алынган орточо эсеп экенин айтып, ал литрине эмес, 1000 литрге (1 куб) карата эсептелгенин түшүндүрдү.
Агартуу министри АӨБ өкүлдөрү менен билим берүү реформасын талкуулады Бүгүн агартуу министри Догдургүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда “Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо” программасынын жүрүшү талкууланып, билим берүү тармагындагы негизги жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер каралды. Министрдин айтымында, 2026-жылы профилге чейинки даярдык башталып, бул кийинки жылдан тарта профилдик билим берүүнү киргизүүгө шарт түзөт. Ошондой эле мектептерге академиялык эркиндик берүү үчүн базистик окуу планын ийкемдүү кылуу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, инновациялык мектептердин өнүгүүсү жана АӨБ каржылай турган башталгыч кесиптик билим берүү боюнча жаңы долбоор да талкууланды.
Венгрия Украинага үч жумушчу күндүн ичинде россиялык мунай ташылган "Дружба" түтүгүнүн иштешин калыбына келтирип коюуну сунуштап, болбосо ал жакка адистерден турган топту киргизерин эскертти. Мындай шартты Венгриянын мамлекеттик катчысы менен энергетика министри Габор Цепек социалдык тармактагы баракчасына жазып, ага түшүндүрмө берген. "Мен Украинанын премьер-министринин орун басарына үч жумушчу күндүн ичинде же мунай куурун калыбына келтириш керектигин, же бизге окуя болгон жерди көрүүгө, Брот подстанциясында экспертиза жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен кат жөнөттүм", — деген ал. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-мартта Украинаны "Дружба" мунай түтүгү боюнча маселеде жеңе тургандыгын жана компромисске барбастыгын билдирди.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 46 тыйынга юань 13 сом рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ7-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт. 7-март, ишембиде күндүз айрым жерлерге жаан, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамладын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад облустарында +10...+15, Баткен өрөөнүндө +3...+8, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын жергесинде +1...+6 градус жылуу болот. Борбор калаа Бишкекте ала булут каптап, күндүн табы +11...+13, Ош шаарында +12...+14 градуска чейин көтөрүлөт.
АӨБ Кыргызстанда башталгыч кесиптик билим берүү долбоорун колдомой болдуБудапешт Киев мунай түтүгүн ачпаса, Венгрия адистерин жиберип текшертерин эскерттиТаза суунун тарифтери көтөрүлөбү? Депутат мыйзам долбооруна түшүндүрмө бердиЖогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков таза суунун тарифи көтөрүлөт делген мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса суунун баасы дароо эле көтөрүлүп кетпейт. Учурдагы тарифтер өзгөрүүсүз калат. Бирок суу системалары жаңы киргизилген айылдарда эсептегичтер орнотулуп, тариф сууну жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабууга багытталат. "Айыл тургундары суунун өзүн сатып албайт, алар сууну жеткирүүгө кеткен кызматтын гана акысын төлөйт. Бул система өзүн-өзү акташы керек. Себеби буга чейин көп айылдарда таза суу системалары курулганы менен аларды тейлөөгө акча каралган эмес. Натыйжада жаңы курулган системалар тез эле иштен чыгып калган учурлар болгон", — деди депутат. Ошондой эле ал ЖМКларда "суунун тарифи 37 сомго чейин кымбаттайт" деген сөз болжолдуу алынган орточо эсеп экенин айтып, ал литрине эмес, 1000 литрге (1 куб) карата эсептелгенин түшүндүрдү.Агартуу министри АӨБ өкүлдөрү менен билим берүү реформасын талкуулады Бүгүн агартуу министри Догдургүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда “Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо” программасынын жүрүшү талкууланып, билим берүү тармагындагы негизги жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер каралды. Министрдин айтымында, 2026-жылы профилге чейинки даярдык башталып, бул кийинки жылдан тарта профилдик билим берүүнү киргизүүгө шарт түзөт. Ошондой эле мектептерге академиялык эркиндик берүү үчүн базистик окуу планын ийкемдүү кылуу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, инновациялык мектептердин өнүгүүсү жана АӨБ каржылай турган башталгыч кесиптик билим берүү боюнча жаңы долбоор да талкууланды. Венгрия Украинага үч жумушчу күндүн ичинде россиялык мунай ташылган "Дружба" түтүгүнүн иштешин калыбына келтирип коюуну сунуштап, болбосо ал жакка адистерден турган топту киргизерин эскертти. Мындай шартты Венгриянын мамлекеттик катчысы менен энергетика министри Габор Цепек социалдык тармактагы баракчасына жазып, ага түшүндүрмө берген. "Мен Украинанын премьер-министринин орун басарына үч жумушчу күндүн ичинде же мунай куурун калыбына келтириш керектигин, же бизге окуя болгон жерди көрүүгө, Брот подстанциясында экспертиза жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен кат жөнөттүм", — деген ал. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-мартта Украинаны "Дружба" мунай түтүгү боюнча маселеде жеңе тургандыгын жана компромисске барбастыгын билдирди.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 46 тыйынга юань 13 сом рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 77 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ7-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт. 7-март, ишембиде күндүз айрым жерлерге жаан, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамладын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад облустарында +10...+15, Баткен өрөөнүндө +3...+8, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын жергесинде +1...+6 градус жылуу болот. Борбор калаа Бишкекте ала булут каптап, күндүн табы +11...+13, Ош шаарында +12...+14 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/06/1100102043_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_21554f0922b580e502c6948d25d5e465.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио