https://sputnik.kg/20260306/1100094855.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Онлайн соодагерлер үчүн жаңылык: Товарды чек арадан өткөрүү жеңилдедиАйдоочулук күбөлүк убадалаган. Ошто инспектор алдамчылыкка шектелип кармалдыБийлик... 06.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-06T11:00+0600
2026-03-06T11:00+0600
2026-03-06T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/06/1100094689_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_37c0cf04b7f11362a5d76ac4354113c4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Онлайн соодагерлер үчүн жаңылык: Товарды чек арадан өткөрүү жеңилдедиАйдоочулук күбөлүк убадалаган. Ошто инспектор алдамчылыкка шектелип кармалдыБийлик журналисттер менен бизнеске мамилени кайра карап чыгатПрезидент жол эрежесин бузгандарды токтотуп тест алуу азырынча эрте деп эсептейт. Садыр Жапаров ыкма негизинен туура экенин, бирок алгач МАИ кызматкерлеринин өзүн толук даярдоо зарыл экенин билдирди. “Маселенин максаты — жол кырсыктарын азайтуу. Бул дагы люстрациянын бир түрү. МАИ кызматкерлери даяр болгондон кийин кайра көтөрсө болот”, — деди өлкө башчысы. Жапаров мындан ары күбөлүк сатып алуу деген болбой турганын, маселе мамлекеттин көзөмөлүндө экенин белгилеген. “Мурда күбөлүк сатып алып, жол эрежесин билбей айдап жүргөн айдоочуларга эрежелерди үйрөтүшүбүз керек. Мына ошондо гана Кыргызстандын жолдорунда коопсуз жүрүүгө болот” деди президент.
Укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында ишкерлерге, журналисттерге жана жарандык активисттерге болгон мамиле кайра каралат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымында, башталган реформалардын алкагында укук коргоо органдары бизнес өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер менен иштөө ыкмасын карап чыгат. "Ошондой эле камалбаган учурда укук коргоо органдарына башка чараларды колдонууга уруксат берилет. Бул толук эркиндик дегенди билдирбейт, ар бир чечим мыйзамга ылайык кабыл алынат", — деди Алагөзов. Маалымат катчы мамлекет үчүн улуттук коопсуздук жана коомдук туруктуулук маселелери артыкчылыктуу бойдон каларын белгиледи.
Мамлекеттик салык кызматы селлерлер жана маркетплейстердин өкүлдөрү менен биргеликте электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын пайдалануу менен товарларды тесттик жөнөтүүнү ишке ашырды. Ведомствонун маалыматына караганда, сыноонун жыйынтыгында товарларды Кыргызстандан Казакстанстандын аймагы аркылуу Россияга ийгиликтүү алып чыгуу камсыздалды. Бул форманы киргизүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле товарларды Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган. Электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактура товарларды Кыргызстанднын аймагынан чыгарганга чейин электрондук документ түрүндө таризделет. Бул документ электрондук соода аянтчалары аркылуу кийинки сатууга арналган товарлардын кыймылын документтик коштоо үчүн гана колдонулат. Белгилей кетсек, мындай эсеп-фактураны тариздөө товарларды сатуу фактысы болуп эсептелбейт жана салык милдеттенмелеринин жаралышына алып келбейт.
Ош шаардык патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери алдамчылыкка шектелип кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматкер өткөн жылдын август айында айдоочулук күбөлүк алууга жардам берем деп К.Ы. жана Т.Д. аттуу жарандардан 50 миң сомдон алган. Акчалар инспектор берген реквизиттерге мобилдик банк тиркемеси аркылуу которулган. Бул факты боюнча аталган кызматкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.
Онлайн соодагерлер үчүн жаңылык: Товарды чек арадан өткөрүү жеңилдедиАйдоочулук күбөлүк убадалаган. Ошто инспектор алдамчылыкка шектелип кармалдыБийлик журналисттер менен бизнеске мамилени кайра карап чыгатПрезидент жол эрежесин бузгандарды токтотуп тест алуу азырынча эрте деп эсептейт. Садыр Жапаров ыкма негизинен туура экенин, бирок алгач МАИ кызматкерлеринин өзүн толук даярдоо зарыл экенин билдирди. “Маселенин максаты — жол кырсыктарын азайтуу. Бул дагы люстрациянын бир түрү. МАИ кызматкерлери даяр болгондон кийин кайра көтөрсө болот”, — деди өлкө башчысы. Жапаров мындан ары күбөлүк сатып алуу деген болбой турганын, маселе мамлекеттин көзөмөлүндө экенин белгилеген. “Мурда күбөлүк сатып алып, жол эрежесин билбей айдап жүргөн айдоочуларга эрежелерди үйрөтүшүбүз керек. Мына ошондо гана Кыргызстандын жолдорунда коопсуз жүрүүгө болот” деди президент.Укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында ишкерлерге, журналисттерге жана жарандык активисттерге болгон мамиле кайра каралат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымында, башталган реформалардын алкагында укук коргоо органдары бизнес өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер менен иштөө ыкмасын карап чыгат. "Ошондой эле камалбаган учурда укук коргоо органдарына башка чараларды колдонууга уруксат берилет. Бул толук эркиндик дегенди билдирбейт, ар бир чечим мыйзамга ылайык кабыл алынат", — деди Алагөзов. Маалымат катчы мамлекет үчүн улуттук коопсуздук жана коомдук туруктуулук маселелери артыкчылыктуу бойдон каларын белгиледи.Мамлекеттик салык кызматы селлерлер жана маркетплейстердин өкүлдөрү менен биргеликте электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын пайдалануу менен товарларды тесттик жөнөтүүнү ишке ашырды. Ведомствонун маалыматына караганда, сыноонун жыйынтыгында товарларды Кыргызстандан Казакстанстандын аймагы аркылуу Россияга ийгиликтүү алып чыгуу камсыздалды. Бул форманы киргизүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле товарларды Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган. Электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактура товарларды Кыргызстанднын аймагынан чыгарганга чейин электрондук документ түрүндө таризделет. Бул документ электрондук соода аянтчалары аркылуу кийинки сатууга арналган товарлардын кыймылын документтик коштоо үчүн гана колдонулат. Белгилей кетсек, мындай эсеп-фактураны тариздөө товарларды сатуу фактысы болуп эсептелбейт жана салык милдеттенмелеринин жаралышына алып келбейт.Ош шаардык патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери алдамчылыкка шектелип кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматкер өткөн жылдын август айында айдоочулук күбөлүк алууга жардам берем деп К.Ы. жана Т.Д. аттуу жарандардан 50 миң сомдон алган. Акчалар инспектор берген реквизиттерге мобилдик банк тиркемеси аркылуу которулган. Бул факты боюнча аталган кызматкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/06/1100094689_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1ccba78ba44b2d59c813d87cb5ed6e72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио