https://sputnik.kg/20251212/aytmatov-tuuraluu-maek-1098526315.html
Манастан кийин кыргызда Айтматов жаралышы керек болчу. Жазуучу тууралуу маек
Манастан кийин кыргызда Айтматов жаралышы керек болчу. Жазуучу тууралуу маек
Sputnik Кыргызстан
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө 17 жылдын жүзү толуп отурат. Бул аралыкта бир гана белгилүү даталарда эмес, дээрлик жылдын бардык күнүндө... 12.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-12T14:12+0600
2025-12-12T14:12+0600
2025-12-12T14:12+0600
кыргызстан
чыңгыз айтматов
каныбек иманалиев
жазуучу
философия
манас
видео
https://sputnik.kg/img/103332/21/1033322141_0:14:1614:921_1920x0_80_0_0_c428fdeab9942c78378963b443d88e6e.jpg
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө 17 жылдын жүзү толуп отурат. Бул аралыкта бир гана белгилүү даталарда эмес, дээрлик жылдын бардык күнүндө Айтматов элдин эсинде десек болот. Биринчиден, али көп убакыт өтө элек, көзүн көргөн замандаштары арбын, экинчиден, деги эле Айтматов унутулбачудай, кудум өзү жазып кеткен түбөлүк темалардай кылымдар бою калктын кара эсинде сакталып, өзөгү менен бүтүп, маңызы менен сиңип жашай берчүдөй сезилет. Жазуучунун чыгармаларынын мына ушундай улуулугу менен жамы журтту багындырган сүйкүмдүүлүгү эмнеде? Инсан катары жекелигин Жараткан берген милдет менен айкалыштырган талантынын күчү кандай? Анын бир ууч элден чыгышы да ар бир кыргызды сыймыктандырып эле койбостон, ойлондуруп, жоопкерчилик артып, залкарды туура жана жеткиликтүү даңазалап жатабызбы деген ойлорго түртпөй койбосо керек. Биз бүгүн мына ушул өңүттө Жазуучулар союзунун төрагасы, бир нече китептин автору, коомдук жана саясий ишмер Канынбек Иманалиев менен маек курдук. — Каныбек Капашович, Айтматовдун феномени эмнеде? — Муну менин өзүмдүн постулатым десем болот. Илимде, маданиятта, саясатта, адабиятта дүйнөнү өзгөрткөн инсандар кайсы улуттан чыгат десең, көпчүлүк еврей деп айтат, бул чындык. Болбосо немец, орус, испан, кытай, япон улуттарын аташат. Бирок ошол доордун эсеби менен алганда биз сыяктуу бир ууч элден чыгып, СССР учурунда 4 миллион гана калк болчубуз, китеби 160 өлкөдө басылып чыккан жазуучунун болушу өтө сейрек көрүнүш, балким бир эле Айтматовдур. Муну түшүнүш үчүн Шекспирди алалы, ал жазса эле канча миллион киши окуйт, орус тилиндеги чыгарма жарык көрөрү менен 130 000 000дон ашуун адам окуп чыгат. Менимче, Айтматовдун феномени дал ушунда. Экинчиден, биздин Улуттук китепканада 6 000 000 китеп бар, балким азыр көбөйүп калгандыр. Көбү социалисттик реализмдин негизинде жазылгандыктан 90 пайызы окулбай эле калат. Айтматов мына ушул өзүнүн замандаштарынан айырмаланып, ошол доордун, коммунизмдин бүтүп каларын алдын ала билгенсип, каармандарын дүйнөлүк баалуулуктардын желегин көтөрүп чыккан адам кылып чыгарма жараткан. Ал заманда китеп жазсаң 17-бетке чейин компартия, социализм деген гана темалар чагылдырылып, андан ары мекен, жер, эне, өмүр темалары жайгашчу. Башкача айтканда, коммунистик идея мекенден, ата-энеңден алдыда турчу. Ушундай доордо түбөлүктүү темаларга кайрылып, суурулуп чыкканы — анын кеменгерлиги. Үчүнчүдөн, Айтматовдун керт башынан кечирген ачуу тагдыры жазуучулугуна кенен жол ачкан. Ал 1-классты орусча окуп Москвадан бүтүшү, андан кийин атасынын репрессияланышы, баланын атага болгон кусалыгы, согуш жылдарындагы балалыгы, апасынын күткөнү жан дүйнөсүнө таасирин тийгизген. Мунун бары анын чыгармаларынан кездешет. Ошол эле согуш мезгилиндеги тылдагы элдин чеккен азабын согуш талаасындагыларга барабар жабыркаган элдин жашоосун абдан чеберчилик менен көрсөтөт эмеспи. Айтматовдун дагы бир өзгөчөлүгү — ал Шекспир, Толстой же Ауэзов сыяктуу тарыхый хан, султандарды жазган эмес. Жөнөкөй инсандын жашоосун сүрөттөп, аны тарыхый кишиге айландырган. Айтматовдун ар бир каарманы чыныгы турмушка аралашып жашап кетет. Ошондуктан болсо керек, кийинки чыгармалары жазуучу өзү аралашпаган, башка дүйнөнүн адамдары туралуу болгондуктан мурдагыларындай көп тилге которулуп, жайылып кете алган жок. Ал эми өзү аралашып, башынан өткөргөн, кан-жаны, жүрөгүнөн чыккан чыгармалары кайрадан элдин жүрөгүнө жетти. Айтматовдун дагы бир айкөлдүгү — кызганчаак эместиги. Негизи чыгармачыл адамдар бул жаатта кызганчаак болушат, табияты ошондой, ал эми Айтматов 35 жашында Ленин сыйлыгынын лауреаты, 50 жашында Социалисттик Эмгектин Баатыры болду. Жазуучу үчүн мындан бийик сыйлык болгон эмес. Бирок ошого карабай аты анчейин чыга электерди авторлош кылып алып, дүйнөнү кыдыртты да. Ошол эле Мухтар Шахановду, ошол эле Калтай Мухамеджановду, Дайсаку Икеданы ээрчитип жүрүп атактуу кылды. Ал эми азыр жаш жазуучуларды үйрөтө турган чыгармалары деп "Саманчынын жолу" менен "Ак кемени" айтсак болот. Көбү "Жамийланы" аташат, бирок "Саманчынын жолундагы" сюжет, конфликт, идеологиялык бийиктиктер, сүйүү, кусалык, эненин толгонуусу, монолог — бул дүйнөлүк деңгээлдеги чыгарма да. Толгонайдын монологу Шекспирдин Король Лиринин монологунан да күчтүү. Толгонайдын башына түшкөн кайгыны бир да эркек көтөрө албайт, мына ушуну жазуучу мыкты чеберчилик менен берген. Толгонайдын образы аркылуу дүйнө эрки күчтүү, акылман кыргыз энесинин образын тааныды. Айтматовдун ар бир каарманы менен эгемен өлкө боло элегибизде эле кыргыз деген эл бар экенин дүйнө тааныды. "Ак кемечи"? Баштан-аяк бир дем менен окуйсуң. Айтматов бир гана кыргыз адабиятын тааныткан жок. Анын чыгармалары аркылуу кыргыз искусствосунун дээрлик бардык тармактары жаркырап чыга келди. Ошол себептен болсо керек, Турдакун Усубалиевдин китебинде бар, СССРдеги 15 союздук республиканын ичинен СССРдин эл артисти деген наам алуу боюнча биз үчүнчү орунда турчубуз. Биринчиде, албетте, 130 000 000 калкы менен Россия, экинчиде ал кезде 50 000 000 эли бар Украина, анан 4 000 000 калкы бар Кыргыз ССРи эле. Көп киши Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасма, коюлган спектаклдердин натыйжасында ушундай наамдарга жетишкен. — Өз доорунун чолпон жылдызы болгон жазуучунун кыргыздан чыгышы улутка кандай жоопкерчилик артат? Көзү өткөн соң залкарды кантип татыктуу даңазалап калышыбыз керек? — Бул боюнча 3-4 багытта иштер жасалышы керек. Биринчиси — былтыр 90 жылдыгында Жазуучулар союзу Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылуу кабыл алганбыз. Ал азыр биздин Нью-Йорктогу элчиликте, БУУнун күн тартибине киргизилиши керек. Анда 2028-жылды бүткүл дүйнөдө Айтматов жылы деп жарыялоо сунушу жазылган. Азыр дүйнөнүн ар бурчунда согуш оту жанып жаткан учурда жазуучунун чыгармачылыгы көзү тирүүсүндөгүдөн да актуалдуу болуп турат. Анын негизги темасы ушул эле, жазуунун каармандары ушул согуш дегенге протест көрсөткөн каармандар болгон. БУУнун XXI кылымга болгон чакырыктарынын баарына жоопту Айтматовдун китептеринен тапса болот. Мунун негизинде "БУУнун чакырыктары Айтматовдун чыгармаларында" деген илимий конференция өткөрүү планыбызда бар. Бул анын терең философ экенин көрсөтүп турат. Россияда Пушкин, Достоевский мектептери бар. Бул — кадимки билим берген орто мектептер эмес, ушул жазуучулардын атын алып жүргөн, чыгармачылык угуулардан турган мектеп. Бизде да ушундай Айтматов мектебин түзүү керек. Айтып жүрүп өзүмдүн буга колум тийбей калды. Ар бир мектепте, сабактардан сырткары Айтматовдун чыгармаларын окуп, талдап, талкуулап, бөлүшүп отура турган мектептер болот. Ага убакыт жана имарат мектептен бөлүнсө, каалоочулар барып катышса, өз ыктыяры менен уюштурган мугалимдер жана адабиятчылар болсо. Айтматовдун философиясы, Айтматовдогу конфликтология, Айтматовдогу адамгерчилик деген сыяктуу темаларга бөлүп, балдарды жазуучунун чыгармалары аркылуу креативдүү ойлонгонго түртөбүз. Муну Маданият жана Агартуу министрликтери биригип, мектептерди бөлүп алып жасаса болот. Үчүнчүсү — Толстойдун Ясная полянасы Айтматовдун Шекер айылында болсо. Азыр иштер башталып жатыптыр, ал дагы масштабы кеңейип, уланса. Ошол эле чыгармаларындагы каармандар жашаган үйлөр, ошол эле Гүлсарат жүргөн жерлер, Манас атанын Ак кар, Көк музу турат, Күркүрөө агып жатат, жазуучунун айылы турат, Ашым Жакыпбеков ошол жерде төрөлгөн, мунун баары жөн гана музей эмес, өзүнүн театры, мейманканалары менен мыкты маданий туристтик жайга айланса. Генийдин генийлиги ушунда, көзү өткөнүнө 15 жылдан ашса да китептери чет мамлекеттерде басылып чыгып жатат, чыга берет. Бирок биз жазуучунун ысымын арзандатып жибербесек, көрүнгөн эле майда-чүйдө нерселерге ыйгара бербесек, бараандуу иш кылсак. Айтматовдун чыгармалары которула элек 35-40тай тил бар, ошол жактардагы элчиликтер котортушса жакшы болмок. Мындан сырткары, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, элчиликтерибиз Айтматовдун ошол тилдерге которулган чыгармаларынан турган атайын белек топтомдорун дипломатиялык белек катары берүүнү салтка айландырышса. Илимде болсо тышкы дүйнө менен биргелешип, беделдүү журналдарга макалаларды жарыялап, дүйнөлүк ЖОЖдордо айтматов таануу илимдери боюнча эмгектер жакталса деген тилек бар. Илимдеги милдет — айтматов таануу илимин дүйнөлүк аренага көтөрүү. — Жазуучунун чыгармаларын кыргыз коомуна жеткирген Ашым Жакыпбеков эмеспи. Бул боюнча түрдүү пикирлер бар. Ал кишинин учурунда татыктуу баасын албай калганын айтышат... — Алгач "Айтматовдун чыгармаларын эмнеге Ашым Жакыпбеков которуп калган?" деген суроого жооп издеп көрөлүчү. Залкар жазуучу бир чыгарманы жазып бүтүп, экинчи чыгармасынын идеясы бышып жетилип калгандыктан которууга убакыт таппай Жакыпбековго бергендир, балким. Негизгиси, Айтматов көргөн Гүлсаратты, ошол каармандарды Жакыпбеков да көргөн да. Балким, кээ бир жеринен таасир деген күчтүү да, берилип эмоционалдуу сүрөттөп жибергендир, бирок Айтматовдун берейин деген оюн чыпчыргасын коротпой, кем-карчы жок чебер которгон. Ашым Жакыпбековдун мүнөзү да ошондой болгон. Ал үчүн "Айтматовдун котормочу иниси" деген сөз жетиштүү эле. Наамга деле умтулбады, айрым котормолоруна ысымы жазылбай калып, гонорар да албай калган. Айтматовдун алп экенин түшүнүп, анын чыгармаларына 30 жылдай өмүрүн арнап койгон. Балким, котормочу жазуучу менен жанында отуруп сырдашпаган деле чыгар, бирок инилик жоопкерчилик менен мамиле кылган. Кыргыздын Айтматову болсо, Айтматовдун Жакыпбекову бар экен. Тыянак кандай, Жакыпбеков Айтматовду көкөлөтсө, биз кыргыздар андан кем эмес Жакыпбековду көкөлөтүшүбүз керек. Мен өзүм Жакыпбеков менен иштешип калдым, кыргыз жазуучуларынын баары мойнуна алат болуш керек, сөз байлыгы эң күчтүүсү Жакыпбеков эле. Анын "Теңири Манасын" эле карагылачы. Стилистикасы тунук жазуучу эле. Жаран, жараян, инсан, ыклас, илхам деген сөздөр кыргыз адабиятына Жакыпбековдун калеми менен келди. — Азыр Айтматовдун замандаштарынын доору. Бул доор да өтөт. Кийинки муунга Айтматовдун чыгармачылыгынын баа-баркын жоготпой кантип жеткирүү керек? — Бийик адабият окурманды бийикке көтөрөт, кээ бир массалык адабияттар, тескерисинче, ылдый түшүп алып, окурманга ошол деңгээлдеги гана идеяларды бере берет. Андыктан Айтматовдун чыгармаларындагы бийиктикти сактап калуу абдан маанилүү. Аны балдарга жеткирүүдө, мисалы, ошол эле "Ак кемени" иллюстрациялап, балдарга ылайыкташтырып чыгарыш керек. Россиялык футуролог Козловдун божомолун окуп калдым, анда азыркы санарип доордо үч эле багыттагы маданият жашап каларын айтат: шоу, коммерциялык адабият, анимелештирилген адабият. Демек, биз да Айтматовдун чыгармаларын ушул багытта өнүктүрүшүбүз керек. Санариптештирип, аудиолоштуруп, тартыла элек чыгармаларына фильм жаратып, музыкада оперетталар, либреттолор жазылышы зарыл. Фундаменталдык искусстводо учурда Тамила деген скульптор кызыбыз Айтматовдун каармандарын жасап жатат, ушундай иштерди көбөйтсөк болот. Айтор, Айтматовдун чыгармалырынын искусствонун бардык түрүнө кире алган универсалдуулугуна басым жасашыбыз керек. Көзү тирүүсүндө өзүнүн коңур үнү менен бир-эки чыгармасын окутуп калсак болмок экен, бул да биздин балдар үчүн мыкты табылга болмок. Айтматов викториналарын уюштуруш керек. Адамдын табити тарбияланбаса 35-45 жаштан кийин китеп окушу кыйын. Андыктан Айтматовду кийинки муунга сиңирүүнү бала бакчадан башташыбыз керек. Ошондо жазуучунун чыгармасынын негизинде жасалган мультфилимдерди көрүп, сүрөттүү китептерди барактап чоңойгон балдар кийин мектепте чыгармаларын өздөрү окуп алат. — Адатта "эми кыргыз жазуучулары үчүн Айтматов коюп кеткен биийиктиктен ашуу кыйын" деп айтып калышат эмеспи. Ушундан улам кыргыз адабиятындагы Айтматовдун орду кандай деген суроо туулат. — Айтматов чоң-чоң критерийлерди коюп салды, ал адабияттагы эң чоң эрежелерге жол салып кетти. Мунун жакшы жери — биз анын улантуучуларыбыз, ал эми бизди сүрдөтө турган маселеси — эми бул жүз жылдыктабы, же кийинки миң жылдыктабы, Айтматовдон өткөн жазуучу чыгышы кыйын. Андай доордун тогошуусу менен адамдын тагдыры туш келген учур сейрек болот. Бир мисал, ал агрардык эмес, филологиялык билим алып калганда эле азыркыдан төмөнүрөөк Айтматов чыгып калмак. Анткени бирдиктүү эрежелерге салып жазып калмак. Жан-жаныбарларды тири укмуштуудай сүрөттөп, алардын ички дүйнөсүн терең чагылдыра жаза алмак эмес. Бул анын жолдуулугу. Тагдыры аянычтуу болгону менен Айтматов адабият мейкининде жолдуу болгон. Анан дагы Айтматовдун мусулман дүйнөсүндө жаралышы кокустукпу же мыйзам ченемдүүлүкпү деген ой келет. Кичинекей түрк дүйнөсүнөн чыгышы кызыкчылык туудурат. Мен бул ойлорума жооп таптым. Мисалы, кыргызда адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин бешик ыры, ымыркайды жашоого кошуудагы ар түрдүү шарттагы ырлар, эмгек ырлары, турмушка узатуу ыры, сүйсө ыр менен билдирет, өлгөн соң кошок айтуусу, айтор, өмүрүнүн бардык бөлүгүн ыр коштоп отурат. Көчмөн эл өзүнүн маанайын ыр менен көтөрүп, жашоо ирмемдерин ыр менен өткөргөн. Мындай ыр жандуу, сөз ардактаган эл жүрүп отуруп бир продукция бериши керек болчу. Муну изилдөөчү Гумилев пассионария деп коет да. Аккан суу, дарыя, табият энергия бергендей эле, сөз да энергия берет. Муну физиктер да диндердеги окулуп жаткан хадис, аяттардын термелүү жыштыгы (частота калебаний) 6 Гц барабар деп айтышат. Демек, сөз кадимкидей энергия берет. Мына ушундай ыр жандуу элде миңдеген жылдар чогулган энергия Манастан кийин Айтматовду бериши керек болчу. Ал бир эле эне төрөгөн инсан эмес, бүтүндөй кыргыз жараткан жазуучу. Жүздөгөн жылдар чогулган энергиянын жыйындысындай болуп атылган жанар тоо. Андыктан келечекте бизден балким музыкадандыр, фундаменталдык искусстводон, кинодон, илимденби, генийлер чыгышы мүмкүн. Сөздү, ойду барктаган элден искусствонун дагы бир тармагынан келечектин Айтматовдору жаралары анык.
https://sputnik.kg/20181125/ajtmatov-tuuraluu-fakty-1042144250.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103332/21/1033322141_0:0:1614:1211_1920x0_80_0_0_672044eb658a9773d9e601cff9d76b86.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
кыргызстан, чыңгыз айтматов, каныбек иманалиев, жазуучу, философия, манас, видео
кыргызстан, чыңгыз айтматов, каныбек иманалиев, жазуучу, философия, манас, видео
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө 17 жылдын жүзү толуп отурат. Бул аралыкта бир гана белгилүү даталарда эмес, дээрлик жылдын бардык күнүндө Айтматов элдин эсинде десек болот. Биринчиден, али көп убакыт өтө элек, көзүн көргөн замандаштары арбын, экинчиден, деги эле Айтматов унутулбачудай, кудум өзү жазып кеткен түбөлүк темалардай кылымдар бою калктын кара эсинде сакталып, өзөгү менен бүтүп, маңызы менен сиңип жашай берчүдөй сезилет.
Жазуучунун чыгармаларынын мына ушундай улуулугу менен жамы журтту багындырган сүйкүмдүүлүгү эмнеде? Инсан катары жекелигин Жараткан берген милдет менен айкалыштырган талантынын күчү кандай? Анын бир ууч элден чыгышы да ар бир кыргызды сыймыктандырып эле койбостон, ойлондуруп, жоопкерчилик артып, залкарды туура жана жеткиликтүү даңазалап жатабызбы деген ойлорго түртпөй койбосо керек. Биз бүгүн мына ушул өңүттө Жазуучулар союзунун төрагасы, бир нече китептин автору, коомдук жана саясий ишмер Канынбек Иманалиев менен маек курдук.
— Каныбек Капашович, Айтматовдун феномени эмнеде?
— Муну менин өзүмдүн постулатым десем болот. Илимде, маданиятта, саясатта, адабиятта дүйнөнү өзгөрткөн инсандар кайсы улуттан чыгат десең, көпчүлүк еврей деп айтат, бул чындык. Болбосо немец, орус, испан, кытай, япон улуттарын аташат. Бирок ошол доордун эсеби менен алганда биз сыяктуу бир ууч элден чыгып, СССР учурунда 4 миллион гана калк болчубуз, китеби 160 өлкөдө басылып чыккан жазуучунун болушу өтө сейрек көрүнүш, балким бир эле Айтматовдур. Муну түшүнүш үчүн Шекспирди алалы, ал жазса эле канча миллион киши окуйт, орус тилиндеги чыгарма жарык көрөрү менен 130 000 000дон ашуун адам окуп чыгат. Менимче, Айтматовдун феномени дал ушунда. Экинчиден, биздин Улуттук китепканада 6 000 000 китеп бар, балким азыр көбөйүп калгандыр. Көбү социалисттик реализмдин негизинде жазылгандыктан 90 пайызы окулбай эле калат. Айтматов мына ушул өзүнүн замандаштарынан айырмаланып, ошол доордун, коммунизмдин бүтүп каларын алдын ала билгенсип, каармандарын дүйнөлүк баалуулуктардын желегин көтөрүп чыккан адам кылып чыгарма жараткан. Ал заманда китеп жазсаң 17-бетке чейин компартия, социализм деген гана темалар чагылдырылып, андан ары мекен, жер, эне, өмүр темалары жайгашчу. Башкача айтканда, коммунистик идея мекенден, ата-энеңден алдыда турчу. Ушундай доордо түбөлүктүү темаларга кайрылып, суурулуп чыкканы — анын кеменгерлиги. Үчүнчүдөн, Айтматовдун керт башынан кечирген ачуу тагдыры жазуучулугуна кенен жол ачкан. Ал 1-классты орусча окуп Москвадан бүтүшү, андан кийин атасынын репрессияланышы, баланын атага болгон кусалыгы, согуш жылдарындагы балалыгы, апасынын күткөнү жан дүйнөсүнө таасирин тийгизген. Мунун бары анын чыгармаларынан кездешет. Ошол эле согуш мезгилиндеги тылдагы элдин чеккен азабын согуш талаасындагыларга барабар жабыркаган элдин жашоосун абдан чеберчилик менен көрсөтөт эмеспи. Айтматовдун дагы бир өзгөчөлүгү — ал Шекспир, Толстой же Ауэзов сыяктуу тарыхый хан, султандарды жазган эмес. Жөнөкөй инсандын жашоосун сүрөттөп, аны тарыхый кишиге айландырган. Айтматовдун ар бир каарманы чыныгы турмушка аралашып жашап кетет.
Ошондуктан болсо керек, кийинки чыгармалары жазуучу өзү аралашпаган, башка дүйнөнүн адамдары туралуу болгондуктан мурдагыларындай көп тилге которулуп, жайылып кете алган жок. Ал эми өзү аралашып, башынан өткөргөн, кан-жаны, жүрөгүнөн чыккан чыгармалары кайрадан элдин жүрөгүнө жетти.
Айтматовдун дагы бир айкөлдүгү — кызганчаак эместиги. Негизи чыгармачыл адамдар бул жаатта кызганчаак болушат, табияты ошондой, ал эми Айтматов 35 жашында Ленин сыйлыгынын лауреаты, 50 жашында Социалисттик Эмгектин Баатыры болду. Жазуучу үчүн мындан бийик сыйлык болгон эмес. Бирок ошого карабай аты анчейин чыга электерди авторлош кылып алып, дүйнөнү кыдыртты да. Ошол эле Мухтар Шахановду, ошол эле Калтай Мухамеджановду, Дайсаку Икеданы ээрчитип жүрүп атактуу кылды. Ал эми азыр жаш жазуучуларды үйрөтө турган чыгармалары деп "Саманчынын жолу" менен "Ак кемени" айтсак болот. Көбү "Жамийланы" аташат, бирок "Саманчынын жолундагы" сюжет, конфликт, идеологиялык бийиктиктер, сүйүү, кусалык, эненин толгонуусу, монолог — бул дүйнөлүк деңгээлдеги чыгарма да. Толгонайдын монологу Шекспирдин Король Лиринин монологунан да күчтүү. Толгонайдын башына түшкөн кайгыны бир да эркек көтөрө албайт, мына ушуну жазуучу мыкты чеберчилик менен берген. Толгонайдын образы аркылуу дүйнө эрки күчтүү, акылман кыргыз энесинин образын тааныды. Айтматовдун ар бир каарманы менен эгемен өлкө боло элегибизде эле кыргыз деген эл бар экенин дүйнө тааныды. "Ак кемечи"? Баштан-аяк бир дем менен окуйсуң.
Айтматов бир гана кыргыз адабиятын тааныткан жок. Анын чыгармалары аркылуу кыргыз искусствосунун дээрлик бардык тармактары жаркырап чыга келди. Ошол себептен болсо керек, Турдакун Усубалиевдин китебинде бар, СССРдеги 15 союздук республиканын ичинен СССРдин эл артисти деген наам алуу боюнча биз үчүнчү орунда турчубуз. Биринчиде, албетте, 130 000 000 калкы менен Россия, экинчиде ал кезде 50 000 000 эли бар Украина, анан 4 000 000 калкы бар Кыргыз ССРи эле. Көп киши Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасма, коюлган спектаклдердин натыйжасында ушундай наамдарга жетишкен.
— Өз доорунун чолпон жылдызы болгон жазуучунун кыргыздан чыгышы улутка кандай жоопкерчилик артат? Көзү өткөн соң залкарды кантип татыктуу даңазалап калышыбыз керек?
— Бул боюнча 3-4 багытта иштер жасалышы керек. Биринчиси — былтыр 90 жылдыгында Жазуучулар союзу Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылуу кабыл алганбыз. Ал азыр биздин Нью-Йорктогу элчиликте, БУУнун күн тартибине киргизилиши керек. Анда 2028-жылды бүткүл дүйнөдө Айтматов жылы деп жарыялоо сунушу жазылган. Азыр дүйнөнүн ар бурчунда согуш оту жанып жаткан учурда жазуучунун чыгармачылыгы көзү тирүүсүндөгүдөн да актуалдуу болуп турат. Анын негизги темасы ушул эле, жазуунун каармандары ушул согуш дегенге протест көрсөткөн каармандар болгон. БУУнун XXI кылымга болгон чакырыктарынын баарына жоопту Айтматовдун китептеринен тапса болот. Мунун негизинде "БУУнун чакырыктары Айтматовдун чыгармаларында" деген илимий конференция өткөрүү планыбызда бар. Бул анын терең философ экенин көрсөтүп турат.
Россияда Пушкин, Достоевский мектептери бар. Бул — кадимки билим берген орто мектептер эмес, ушул жазуучулардын атын алып жүргөн, чыгармачылык угуулардан турган мектеп. Бизде да ушундай Айтматов мектебин түзүү керек. Айтып жүрүп өзүмдүн буга колум тийбей калды. Ар бир мектепте, сабактардан сырткары Айтматовдун чыгармаларын окуп, талдап, талкуулап, бөлүшүп отура турган мектептер болот. Ага убакыт жана имарат мектептен бөлүнсө, каалоочулар барып катышса, өз ыктыяры менен уюштурган мугалимдер жана адабиятчылар болсо. Айтматовдун философиясы, Айтматовдогу конфликтология, Айтматовдогу адамгерчилик деген сыяктуу темаларга бөлүп, балдарды жазуучунун чыгармалары аркылуу креативдүү ойлонгонго түртөбүз. Муну Маданият жана Агартуу министрликтери биригип, мектептерди бөлүп алып жасаса болот.
Үчүнчүсү — Толстойдун Ясная полянасы Айтматовдун
Шекер айылында болсо. Азыр иштер башталып жатыптыр, ал дагы масштабы кеңейип, уланса. Ошол эле чыгармаларындагы каармандар жашаган үйлөр, ошол эле Гүлсарат жүргөн жерлер, Манас атанын Ак кар, Көк музу турат, Күркүрөө агып жатат, жазуучунун айылы турат, Ашым Жакыпбеков ошол жерде төрөлгөн, мунун баары жөн гана музей эмес, өзүнүн театры, мейманканалары менен мыкты маданий туристтик жайга айланса.
Генийдин генийлиги ушунда, көзү өткөнүнө 15 жылдан ашса да китептери чет мамлекеттерде басылып чыгып жатат, чыга берет. Бирок биз жазуучунун ысымын арзандатып жибербесек, көрүнгөн эле майда-чүйдө нерселерге ыйгара бербесек, бараандуу иш кылсак.
Айтматовдун чыгармалары которула элек 35-40тай тил бар, ошол жактардагы элчиликтер котортушса жакшы болмок. Мындан сырткары, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, элчиликтерибиз Айтматовдун ошол тилдерге которулган чыгармаларынан турган атайын белек топтомдорун дипломатиялык белек катары берүүнү салтка айландырышса.
Илимде болсо тышкы дүйнө менен биргелешип, беделдүү журналдарга макалаларды жарыялап, дүйнөлүк ЖОЖдордо айтматов таануу илимдери боюнча эмгектер жакталса деген тилек бар. Илимдеги милдет — айтматов таануу илимин дүйнөлүк аренага көтөрүү.
— Жазуучунун чыгармаларын кыргыз коомуна жеткирген Ашым Жакыпбеков эмеспи. Бул боюнча түрдүү пикирлер бар. Ал кишинин учурунда татыктуу баасын албай калганын айтышат...
— Алгач "Айтматовдун чыгармаларын эмнеге
Ашым Жакыпбеков которуп калган?" деген суроого жооп издеп көрөлүчү. Залкар жазуучу бир чыгарманы жазып бүтүп, экинчи чыгармасынын идеясы бышып жетилип калгандыктан которууга убакыт таппай Жакыпбековго бергендир, балким. Негизгиси, Айтматов көргөн Гүлсаратты, ошол каармандарды Жакыпбеков да көргөн да. Балким, кээ бир жеринен таасир деген күчтүү да, берилип эмоционалдуу сүрөттөп жибергендир, бирок Айтматовдун берейин деген оюн чыпчыргасын коротпой, кем-карчы жок чебер которгон. Ашым Жакыпбековдун мүнөзү да ошондой болгон. Ал үчүн "Айтматовдун котормочу иниси" деген сөз жетиштүү эле. Наамга деле умтулбады, айрым котормолоруна ысымы жазылбай калып, гонорар да албай калган. Айтматовдун алп экенин түшүнүп, анын чыгармаларына 30 жылдай өмүрүн арнап койгон. Балким, котормочу жазуучу менен жанында отуруп сырдашпаган деле чыгар, бирок инилик жоопкерчилик менен мамиле кылган. Кыргыздын Айтматову болсо, Айтматовдун Жакыпбекову бар экен. Тыянак кандай, Жакыпбеков Айтматовду көкөлөтсө, биз кыргыздар андан кем эмес Жакыпбековду көкөлөтүшүбүз керек.
Мен өзүм Жакыпбеков менен иштешип калдым, кыргыз жазуучуларынын баары мойнуна алат болуш керек, сөз байлыгы эң күчтүүсү Жакыпбеков эле. Анын "Теңири Манасын" эле карагылачы. Стилистикасы тунук жазуучу эле. Жаран, жараян, инсан, ыклас, илхам деген сөздөр кыргыз адабиятына Жакыпбековдун калеми менен келди.
— Азыр Айтматовдун замандаштарынын доору. Бул доор да өтөт. Кийинки муунга Айтматовдун чыгармачылыгынын баа-баркын жоготпой кантип жеткирүү керек?
— Бийик адабият окурманды бийикке көтөрөт, кээ бир массалык адабияттар, тескерисинче, ылдый түшүп алып, окурманга ошол деңгээлдеги гана идеяларды бере берет. Андыктан Айтматовдун чыгармаларындагы бийиктикти сактап калуу абдан маанилүү. Аны балдарга жеткирүүдө, мисалы, ошол эле "Ак кемени" иллюстрациялап, балдарга ылайыкташтырып чыгарыш керек.
Россиялык футуролог Козловдун божомолун окуп калдым, анда азыркы санарип доордо үч эле багыттагы маданият жашап каларын айтат: шоу, коммерциялык адабият, анимелештирилген адабият. Демек, биз да Айтматовдун чыгармаларын ушул багытта өнүктүрүшүбүз керек. Санариптештирип, аудиолоштуруп, тартыла элек чыгармаларына фильм жаратып, музыкада оперетталар, либреттолор жазылышы зарыл. Фундаменталдык искусстводо учурда Тамила деген скульптор кызыбыз Айтматовдун каармандарын жасап жатат, ушундай иштерди көбөйтсөк болот. Айтор, Айтматовдун чыгармалырынын искусствонун бардык түрүнө кире алган универсалдуулугуна басым жасашыбыз керек. Көзү тирүүсүндө өзүнүн коңур үнү менен бир-эки чыгармасын окутуп калсак болмок экен, бул да биздин балдар үчүн мыкты табылга болмок. Айтматов викториналарын уюштуруш керек.
Адамдын табити тарбияланбаса 35-45 жаштан кийин китеп окушу кыйын. Андыктан Айтматовду кийинки муунга сиңирүүнү бала бакчадан башташыбыз керек. Ошондо жазуучунун чыгармасынын негизинде жасалган мультфилимдерди көрүп, сүрөттүү китептерди барактап чоңойгон балдар кийин мектепте чыгармаларын өздөрү окуп алат.
— Адатта "эми кыргыз жазуучулары үчүн Айтматов коюп кеткен биийиктиктен ашуу кыйын" деп айтып калышат эмеспи. Ушундан улам кыргыз адабиятындагы Айтматовдун орду кандай деген суроо туулат.
— Айтматов чоң-чоң критерийлерди коюп салды, ал адабияттагы эң чоң эрежелерге жол салып кетти. Мунун жакшы жери — биз анын улантуучуларыбыз, ал эми бизди сүрдөтө турган маселеси — эми бул жүз жылдыктабы, же кийинки миң жылдыктабы, Айтматовдон өткөн жазуучу чыгышы кыйын. Андай доордун тогошуусу менен адамдын тагдыры туш келген учур сейрек болот. Бир мисал, ал агрардык эмес, филологиялык билим алып калганда эле азыркыдан төмөнүрөөк Айтматов чыгып калмак. Анткени бирдиктүү эрежелерге салып жазып калмак. Жан-жаныбарларды тири укмуштуудай сүрөттөп, алардын ички дүйнөсүн терең чагылдыра жаза алмак эмес. Бул анын жолдуулугу. Тагдыры аянычтуу болгону менен Айтматов адабият мейкининде жолдуу болгон.
Анан дагы Айтматовдун мусулман дүйнөсүндө жаралышы кокустукпу же мыйзам ченемдүүлүкпү деген ой келет. Кичинекей түрк дүйнөсүнөн чыгышы кызыкчылык туудурат. Мен бул ойлорума жооп таптым. Мисалы, кыргызда адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин бешик ыры, ымыркайды жашоого кошуудагы ар түрдүү шарттагы ырлар, эмгек ырлары, турмушка узатуу ыры, сүйсө ыр менен билдирет, өлгөн соң кошок айтуусу, айтор, өмүрүнүн бардык бөлүгүн ыр коштоп отурат. Көчмөн эл өзүнүн маанайын ыр менен көтөрүп, жашоо ирмемдерин ыр менен өткөргөн. Мындай ыр жандуу, сөз ардактаган эл жүрүп отуруп бир продукция бериши керек болчу. Муну изилдөөчү Гумилев пассионария деп коет да. Аккан суу, дарыя, табият энергия бергендей эле, сөз да энергия берет. Муну физиктер да диндердеги окулуп жаткан хадис, аяттардын термелүү жыштыгы (частота калебаний) 6 Гц барабар деп айтышат. Демек, сөз кадимкидей энергия берет. Мына ушундай ыр жандуу элде миңдеген жылдар чогулган энергия Манастан кийин Айтматовду бериши керек болчу. Ал бир эле эне төрөгөн инсан эмес, бүтүндөй кыргыз жараткан жазуучу. Жүздөгөн жылдар чогулган энергиянын жыйындысындай болуп атылган жанар тоо.
Андыктан келечекте бизден балким музыкадандыр, фундаменталдык искусстводон, кинодон, илимденби, генийлер чыгышы мүмкүн. Сөздү, ойду барктаган элден искусствонун дагы бир тармагынан келечектин Айтматовдору жаралары анык.

25 Жетинин айы 2018, 12:13