https://sputnik.kg/20260217/1099782391.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мандатын тапшыруу боюнча арызын кабыл алды. Буга чейин депутаттын мурдагы жубайы аны... 17.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-17T15:00+0600
2026-02-17T15:00+0600
2026-02-17T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/11/1099782225_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0370094ae70be66cb6e06f0b3febaeee.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мандатын тапшыруу боюнча арызын кабыл алды. Буга чейин депутаттын мурдагы жубайы аны үй-бүлөлүк зомбулукка айыптаган. Сулайманов бул дооматтарды четке каккан. Ошол эле учурда ИИМдин маалымат кызматы иш көзөмөлгө алынганын жана тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Жыйынтыгында анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды.Сулайманов мандатынан ажыратылгандан кийин №5 Аксы көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке Азизбек Абдуллаев депутат болуп келиши мүмкүн.
2025-жылы мамлекет Ош облусуна 8 миллиард 543 миллион сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында айтты.Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат 357 объектиге жумшалган.Касымалиев Ош облусунун жергиликтүү бюджетин колдоого трансферт катары 1 миллиард 329,2 миллион сом бөлүнүп, жалпысынан республикалык бюджеттен Ош облусуна 2025-жылы 11 миллиард сомго жакын каражат киргенин кошумчалады. Минкаб башчысы өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө Ош облусунун татыктуу орду бар экенин, бирок өндүрүмдүүлүк жакшы эместигин белгиледи. 2025-жылы өнөр жай продукциясын дүң өндүрүү Таласта 51 миллиард сомду түзсө, Ош облусунда 22,8 миллиард сомго жеткен. Бул 2,3 эсеге аз көрсөткүч. "Инвестиция тартууну күчөткүлө, ири экономикалык долбоорлорду өз убагында ишке киргизгиле, токтоп турган өндүрүш ишканаларын жандандыруу боюнча демилгелерди көтөргүлө. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө басым жасалсын, көбүрөөк кошумча нарк жараткан өндүрүштөрдү өнүктүрүңүздөр", — деди Касымалиев.Натыйжада 2025-жылы аткарылган ийгиликтүү иштер үчүн Өзгөн жана Чоң-Алай райондоруна "жакшы", ал эми жалпы Ош облусуна "канааттандырарлык" деген баа берген.
Мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курула турган заманбап маданий борбордун эскиздик долбоору даярдалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди."Учурда имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин мэр тиешелүү кызматтарга объектинин мындан аркы тагдыры боюнча чечим кабыл алууну жана долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырган", — деп айтылат маалыматта.Шаар башчысынын тапшырмасына ылайык, маданий борбордун эскиздик долбоору иштелип чыкты. Иштер улантылууда.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан X соцтармагына Владимир Зеленскийге койгон талабын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Украиналыктар Венгриянын шайлоо кампаниясына активдүү катышып, жеке кызыкчылыгын көздөп биздин каршылаштарыбызды каржылоодо. Кийлигишкениңерди токтоткула, Венгрия келечегин өзү аныкташы керек", — деди Орбан.Буга чейин Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто "Зеленский Украинанын Евробиримдикке эртерээк кошулушуна жана финансылык жардамга макул боло турган оппозициянын бийликке келиши үчүн шайлоо өнөктүгүнө аралаша баштаганын" айткан.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мандатын тапшыруу боюнча арызын кабыл алды. Буга чейин депутаттын мурдагы жубайы аны үй-бүлөлүк зомбулукка айыптаган. Сулайманов бул дооматтарды четке каккан. Ошол эле учурда ИИМдин маалымат кызматы иш көзөмөлгө алынганын жана тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Жыйынтыгында анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды.Сулайманов мандатынан ажыратылгандан кийин №5 Аксы көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке Азизбек Абдуллаев депутат болуп келиши мүмкүн. 2025-жылы мамлекет Ош облусуна 8 миллиард 543 миллион сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында айтты.Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат 357 объектиге жумшалган.Касымалиев Ош облусунун жергиликтүү бюджетин колдоого трансферт катары 1 миллиард 329,2 миллион сом бөлүнүп, жалпысынан республикалык бюджеттен Ош облусуна 2025-жылы 11 миллиард сомго жакын каражат киргенин кошумчалады. Минкаб башчысы өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө Ош облусунун татыктуу орду бар экенин, бирок өндүрүмдүүлүк жакшы эместигин белгиледи. 2025-жылы өнөр жай продукциясын дүң өндүрүү Таласта 51 миллиард сомду түзсө, Ош облусунда 22,8 миллиард сомго жеткен. Бул 2,3 эсеге аз көрсөткүч. "Инвестиция тартууну күчөткүлө, ири экономикалык долбоорлорду өз убагында ишке киргизгиле, токтоп турган өндүрүш ишканаларын жандандыруу боюнча демилгелерди көтөргүлө. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө басым жасалсын, көбүрөөк кошумча нарк жараткан өндүрүштөрдү өнүктүрүңүздөр", — деди Касымалиев.Натыйжада 2025-жылы аткарылган ийгиликтүү иштер үчүн Өзгөн жана Чоң-Алай райондоруна "жакшы", ал эми жалпы Ош облусуна "канааттандырарлык" деген баа берген.Мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна курула турган заманбап маданий борбордун эскиздик долбоору даярдалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди."Учурда имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин мэр тиешелүү кызматтарга объектинин мындан аркы тагдыры боюнча чечим кабыл алууну жана долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырган", — деп айтылат маалыматта.Шаар башчысынын тапшырмасына ылайык, маданий борбордун эскиздик долбоору иштелип чыкты. Иштер улантылууда.Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан X соцтармагына Владимир Зеленскийге койгон талабын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды."Украиналыктар Венгриянын шайлоо кампаниясына активдүү катышып, жеке кызыкчылыгын көздөп биздин каршылаштарыбызды каржылоодо. Кийлигишкениңерди токтоткула, Венгрия келечегин өзү аныкташы керек", — деди Орбан.Буга чейин Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто "Зеленский Украинанын Евробиримдикке эртерээк кошулушуна жана финансылык жардамга макул боло турган оппозициянын бийликке келиши үчүн шайлоо өнөктүгүнө аралаша баштаганын" айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/11/1099782225_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fe7f587bdf3199a35a4f47347d639b72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио