00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Личный интерес
ИИ, экология и историческая память: Ольга Фролова о том, чем живут молодёжные проекты в КР
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Пландар чоң. “Бишкексууканал” 2026-жылдын аягына чейин кандай иштерди аткарууну пландап жатат?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Сель, пожар и ОСАГО: как государственное страхование защищает жителей КР
12:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Баш мыйзамга 33 жыл: Конституция — туруктуулуктун негизи
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое власть: политолог - о природе, источниках и легитимности власти
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 13-февралда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштар боюнча кармалган адамдардын ата-энелерин жана жакын туугандарын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мамлекет башчысына кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле соттолгондор үчүн жазаны жеңилдетүүнү өтүнүштү. Мындан тышкары, мыйзамдарды гумандаштыруу багытында өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Президент Садыр Жапаров кайрылууларды угуп, жарандардын тагдырына тиешелүү маселелерди мамлекет көңүл буруусуз калтырбай турганын белгиледи. Ошол эле учурда ал баңгизаттарды жайылтуу менен байланышкан кылмыштар калктын саламаттыгына, коомдук коопсуздукка жана өлкөнүн келечегине түздөн-түз коркунуч туудурарын айтты. Кармалгандардын жакындары билдиргендей, кармалгандардын көбү жаштар, бирок алардын арасында улуу курактагы адамдар да бар. Алардын айтымында, кармалгандардын бардыгы мурда жоопкерчиликке тартылган эмес жана биринчи жолу кармалган.
БШК №13 округдагы болбой калган шайлоого катталган талапкерлердин 300 миң сом төгүмүн кайтаруу маселесин караштырууда. Борбордук шайлоо комиссиясы 1-мартка дайындалган №13 көп мандаттуу округ боюнча кайра шайлоо өткөрүү тууралуу мурдагы чечимин жокко чыгарды. Акыркы маалыматтарга ылайык, шайлоо жарышына 22 талапкер катышып, 9-февралда үгүт иштери башталган. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов шайлоо болбой калганда чыгымды кайтаруу жол-жобосу мыйзамда каралбаганын, бирок мекеме 300 миң сомдон төгүмдү кайтарып берүү каралып жатканын белгиледи. Деген менен акыркы чечим кабыл алына электигин кошумчалады. БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов дагы 300 миң сомду кайтаруу маселеси каралып жатканын белгиледи. Ал эми бул округдан аттанып жаткан талапкер мурдагы депутат Шарапаткан Мажитова ден соолугуна байланыштуу талапкерлигин алганын, БШК туура чечим кабыл алганын билдирди. Дагы бир талапкер Акылбек Арстанбеков чечимди укканда региондордо үгүт жүргүзүп жүргөнүн белгилеп, дүйшөмбү БШКдан түшүндүрмө алуу үчүн кайрыларын билдирди. Анткен менен ал деле БШКнын чечими негизинен туура экенин, бир талапкер үчүн шайлоону жокко чыгаруу чечими туура эместигин кошумчалады.
Кыргызстанда "Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, чет мамлекеттер тарабынан берилген улуттук айдоочулук күбөлүгү бар Кыргызстандын жарандары аны транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоочу ыйгарым укуктуу органда милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүшү керек болот. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, белгиленген мөөнөттө каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен өлкө аймагында транспорт каражатын башкарууга тыюу салынат. Каттоонун тартибин жана мөөнөтүн министрлер кабинети аныктайт. Мындан тышкары, документти Укук бузуулар жөнүндө кодекске 184-1-берене менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык, чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктү белгиленген мөөнөттө каттабагандарга айып пул каралат: жеке жактарга — 3 миң сом; юридикалык жактарга — 13 миң сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0