https://sputnik.kg/20260214/1099734278.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин спикери болушу менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин... 14.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-14T11:00+0600
2026-02-14T11:00+0600
2026-02-14T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0e/1099734112_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b357b2793322923e04b90af678dd54b7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин спикери болушу менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Жолдогон телеграммада эки мамлекеттин парламенттери конструктивдүү диалогу кеңейтип, өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин чыңдоодо негизги ролду ойнорун белгилеген. Володин бул багытта алгылыктуу иштерди алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалаган. Ошону менен катар жаңы төрагага ийгиликтерди каалап, расмий сапар менен Россияга келип кетүүгө чакырды.
Бишкекте “Алимент өндүрүүнүн көйгөйлөрү жана аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Сот аткаруучулар кызматы жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган талкууга мамлекеттик органдар, сот жана укук коргоо түзүмдөрү, жарандык коом, адвокаттар, муфтияттын өкүлдөрү, ошондой эле аткаруу өндүрүштөрүнүн доогер жана карызкорлору катышты. Анда аларга алимент өндүрүүдө жаралган көйгөйлөрдү тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берилди. Иш-чарада башкы прокурордун орун басары сот актыларынын аткарылышын камсыздоо жана балдардын укуктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. Онлайн форматта коңшу мамлекеттердин жеке сот аткаруучулары да байланышка чыгып, өз ара тажрыйба алмашуу жана алимент өндүрүү боюнча эл аралык практиканы талкуулашты. Ошондой эле алимент боюнча карыздардын келип чыгуу себептери, сот чечимдерин аткаруудагы кыйынчылыктар, карызкорлордун алимент төлөөдөн баш тартуу жана кирешесин жашыруу учурлары каралды. Тегерек столдо мыйзамдарды өркүндөтүү жана сот аткаруусунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бардык сунуштар Сот аткаруучулар кызматынын мындан аркы ишинде эске алынары айтылды.
Бишкектеги Кичи аренада күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турнири өттү. Мелдештин байге фонду 300 миң доллардан ашат.Турнирдин атайын беттешинде Акжол Махмудов 82 килограмм салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утуп алды. Натыйжада Махмудов 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5000 доллар утту.Бул балбандардын ортосундагы жеке эсеп буга чейин 2:2 болчу. Мындан тышкары аталган турнирде 1-орунга татыган Бекзат Алмаз уулу 10 миң доллар, 2-орунду ээлеген Билол Шарип уулу 5000 доллар утту. Ал эми 3-орунду алган Малик Шаваев менен Орозобек Токтомамбетов 3000 долларга ээ болду.
АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер Россиянын Украинадагы аракети батыл болуп жатканын моюндады. Бул тууралуу ал коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясында айтканын РИА Новости жазды."Орустар анча чоң болбосо да күнүгө жеңиштерге жетишип жаткан сыяктуу", — деген ал. Буга чейин РФ президенти Владимир Путин атайын аскердик операция өтүп жаткан аймакта абал кескин өзгөрүп, фронттун бардык жеринде кыймыл бар экенин белгилеген. Анын айтымында, жоокерлер аймактарды чакырымдап бошотууда.Муну менен бирге өлкө башчысы атайын операция өз максатына жетерин бир нече ирет билдирген.Кремлдин өкүлү Дитрий Песков Киев бир чечимге келип сүйлөшүүлөрдү башташы керектигин, россиялык армиянын ийгилигинен улам Украинанын чечим кабыл алуу эркиндиги барган сайын чектелип жатканын белгилеген болчу. Анын айтымында, жаңжалдын созулушу Киев үчүн өтө опурталдуу.
Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин спикери болушу менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Жолдогон телеграммада эки мамлекеттин парламенттери конструктивдүү диалогу кеңейтип, өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин чыңдоодо негизги ролду ойнорун белгилеген. Володин бул багытта алгылыктуу иштерди алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалаган. Ошону менен катар жаңы төрагага ийгиликтерди каалап, расмий сапар менен Россияга келип кетүүгө чакырды.Бишкекте “Алимент өндүрүүнүн көйгөйлөрү жана аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Сот аткаруучулар кызматы жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган талкууга мамлекеттик органдар, сот жана укук коргоо түзүмдөрү, жарандык коом, адвокаттар, муфтияттын өкүлдөрү, ошондой эле аткаруу өндүрүштөрүнүн доогер жана карызкорлору катышты. Анда аларга алимент өндүрүүдө жаралган көйгөйлөрдү тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берилди. Иш-чарада башкы прокурордун орун басары сот актыларынын аткарылышын камсыздоо жана балдардын укуктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. Онлайн форматта коңшу мамлекеттердин жеке сот аткаруучулары да байланышка чыгып, өз ара тажрыйба алмашуу жана алимент өндүрүү боюнча эл аралык практиканы талкуулашты. Ошондой эле алимент боюнча карыздардын келип чыгуу себептери, сот чечимдерин аткаруудагы кыйынчылыктар, карызкорлордун алимент төлөөдөн баш тартуу жана кирешесин жашыруу учурлары каралды. Тегерек столдо мыйзамдарды өркүндөтүү жана сот аткаруусунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бардык сунуштар Сот аткаруучулар кызматынын мындан аркы ишинде эске алынары айтылды.Бишкектеги Кичи аренада күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турнири өттү. Мелдештин байге фонду 300 миң доллардан ашат.Турнирдин атайын беттешинде Акжол Махмудов 82 килограмм салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утуп алды. Натыйжада Махмудов 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5000 доллар утту.Бул балбандардын ортосундагы жеке эсеп буга чейин 2:2 болчу. Мындан тышкары аталган турнирде 1-орунга татыган Бекзат Алмаз уулу 10 миң доллар, 2-орунду ээлеген Билол Шарип уулу 5000 доллар утту. Ал эми 3-орунду алган Малик Шаваев менен Орозобек Токтомамбетов 3000 долларга ээ болду.АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер Россиянын Украинадагы аракети батыл болуп жатканын моюндады. Бул тууралуу ал коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясында айтканын РИА Новости жазды."Орустар анча чоң болбосо да күнүгө жеңиштерге жетишип жаткан сыяктуу", — деген ал. Буга чейин РФ президенти Владимир Путин атайын аскердик операция өтүп жаткан аймакта абал кескин өзгөрүп, фронттун бардык жеринде кыймыл бар экенин белгилеген. Анын айтымында, жоокерлер аймактарды чакырымдап бошотууда.Муну менен бирге өлкө башчысы атайын операция өз максатына жетерин бир нече ирет билдирген.Кремлдин өкүлү Дитрий Песков Киев бир чечимге келип сүйлөшүүлөрдү башташы керектигин, россиялык армиянын ийгилигинен улам Украинанын чечим кабыл алуу эркиндиги барган сайын чектелип жатканын белгилеген болчу. Анын айтымында, жаңжалдын созулушу Киев үчүн өтө опурталдуу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/0e/1099734112_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8503019cc2b541b41996b167018ce2cb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио