00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:06
44 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Жооптуу бол!» акциясы: өлкөдө эркектерди жугуштуу эмес ооруларга акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Меняющие мир
Горы как школа жизни: разговор с президентом Федерации спортивного туризма Кыргызстана
18:06
51 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Ушул жылдын 1-мартында мурда алып келинген же өндүрүлгөн алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдардын калдыктарын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, легалдаштырылган зер буюмдар үчүн баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды сыноого жана эн тамгалоого пробирдик жыйымдын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулат. Зер буюмдарын легалдаштыруудан өтүү үчүн салык төлөөчү белгиленген мөөнөткө чейин ЭЭФ маалыматтык системасы аркылуу тиешелүү документти тапшырышы керек.Салык кызматы бул чара зер буюмдарынын ээлерине жоопкерчиликтен жана салык агентинин милдеттеринен бошотууга мүмкүндүк берерин жана бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн болгону 15 күн калганын эскертет.
Учурда кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп ири суммада насыя алууга болот. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иш-чарасында билдирди. Аткаминер келечекте материалдык эмес менчиктин негизинде да каржылоо мехенизми каралып жатканын белгилеген. "Өзүнүн баасы бар ырлар, сүрөттөр, чыгармалар көп. Мисалы, белгилүү бир ырчынын мыкты ырлары бар дейли, ал каржылоо алгысы келет, бирок ырларынан жана чыгармачылыгынан башка активи жок. Ошону банкка коюп насыя алса неге болбосун? Биз билгендей, Майкл Жексон менен The Beatles тобунун чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин укук ээлерине киреше алып келүүдө", — деген Сейитов.
Бишкекте катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү экинчи эко-технологиялык заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын жыйынтыктоочу коллегиялык жыйынында мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, Борбор Азиядагы ушул сыяктуу биринчи ишкананын 2025-жылдын 27-декабрында ишке киргизилиши алгачкы натыйжаларын бере баштады. Кыска убакыттын ичинде заводдо 80 миң тонна таштанды кайра иштетилди. Эскерте кетсек, объекттин кубаттуулугу суткасына 1000-1200 тоннаны түзөт жана 30 МВт/саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат. Жунушалиев 2026-жылы экинчи ушундай заводдун курулушу комплекстин жалпы кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун экинчи рейтингдик турнирине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, турнир 25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында өтөт. Кыргызстандык балбандар мелдеште күрөштүн үч түрү тактап айтканда эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
Жаңылыктар түрмөгү
0