https://sputnik.kg/20260213/zhazdyn-erte-kelishi-ajmaktarga-korkunuch-alyp-kelet-1099717234.html
Жаздын эрте келиши аймактарга эмнеси менен кооптуу? ӨКМдин жообу
Жаздын эрте келиши аймактарга эмнеси менен кооптуу? ӨКМдин жообу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, быйыл Кыргызстанда абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1-2 градуска жогору болушу... 13.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-13T12:38+0600
2026-02-13T12:38+0600
2026-02-13T12:38+0600
маалымат борбор
кыргызстан
өкм
жер көчкү
кыргызгидромет
аба ырайы
https://sputnik.kg/img/103314/44/1033144483_0:0:1079:607_1920x0_80_0_0_786a7f6bf9d4e0a1c355f70c474db0c9.jpg
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, быйыл Кыргызстанда абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1-2 градуска жогору болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ жетекчисинин биринчи орун басары Азамат Мамбетoв Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кыш салыштырмалуу жылуу болду. Жакынкы мезгилде катуу жаан-чачын жана кубаттуу циклондор күтүлбөйт. Анын айтымында, республикада жер көчкү жүрүшү мүмкүн делген 4 миңге жакын кооптуу тилке бар. Мындай аймактарда 4 миңдей үй-бүлө жашайт. Алардын ичинен 2,5 миңге жакынына көчүү үчүн жер жана жеңилдетилген насыялар берилген. Ошого карабастан айрымдары кооптуу аймактарда жашоону улантууда. "Эл бөлүнгөн жер тилкелерине үй куруп, балдарын ошол жакка көчүрүшкөн, бирок өздөрү мурдагы жеринде жашоону улантууда. Биздин кызматкерлер барганда жашоочулар "бул жерде мал багуу ыңгайлуу" жана "биз ушул жерде төрөлүп өскөнбүз" деп айтышат. Айрымдары жер көчсө арызданбайбыз деген документтерди да жазышат. ӨКМге күч менен көчүрүү укугу берилген эмес, ошондуктан биз укук коргоо органдарына кайрылдык", — деди министрдин орун басары.
https://sputnik.kg/20260213/suusarymda-chaban-kar-kochku-astynda-kaldy-1099709458.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103314/44/1033144483_135:0:944:607_1920x0_80_0_0_2cf49d5b57fa39adce708b079cf8ac12.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өкм, жер көчкү, кыргызгидромет, аба ырайы
кыргызстан, өкм, жер көчкү, кыргызгидромет, аба ырайы
Жаздын эрте келиши аймактарга эмнеси менен кооптуу? ӨКМдин жообу
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, быйыл Кыргызстанда абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1-2 градуска жогору болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ жетекчисинин биринчи орун басары Азамат Мамбетoв Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, кыш салыштырмалуу жылуу болду. Жакынкы мезгилде катуу жаан-чачын жана кубаттуу циклондор күтүлбөйт.
"Абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу жаз эрте келери күтүлүүдө, бирок мындан аймактарда кооптуу табигый процесстер активдешип кетиши мүмкүн. Жаан-чачын топуракка сиңип, жер кыртышынын салмагын көбөйтөт да, жердин көчүшүн шартташы ыктымал. Ошондой эле температуранын жогорулашынан улам мөңгүлөр, кар эрип, сел жүрүү коркунучу жогорулайт. Биз бул маалыматты өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иштерин жүргүзүп жаткан облустук жана аймактык бөлүмдөргө жеткирдик", — деди Мамбетoв.
Анын айтымында, республикада жер көчкү жүрүшү мүмкүн делген 4 миңге жакын кооптуу тилке бар. Мындай аймактарда 4 миңдей үй-бүлө жашайт. Алардын ичинен 2,5 миңге жакынына көчүү үчүн жер жана жеңилдетилген насыялар берилген. Ошого карабастан айрымдары кооптуу аймактарда жашоону улантууда.
"Эл бөлүнгөн жер тилкелерине үй куруп, балдарын ошол жакка көчүрүшкөн, бирок өздөрү мурдагы жеринде жашоону улантууда. Биздин кызматкерлер барганда жашоочулар "бул жерде мал багуу ыңгайлуу" жана "биз ушул жерде төрөлүп өскөнбүз" деп айтышат. Айрымдары жер көчсө арызданбайбыз деген документтерди да жазышат. ӨКМге күч менен көчүрүү укугу берилген эмес, ошондуктан биз укук коргоо органдарына кайрылдык", — деди министрдин орун басары.