00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Маркумду эле даңазалабастан, адамдын ден соолугуна да пайдабы? Кошоктун тарыхы

© Sputnik / Жоомарт УраимовАза күтүү. Архивдик сүрөт
Аза күтүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2026
Жазылуу
Кыргызда кошок киши о дүйнөгө сапар алганда өлүк зыйнатында жана бойго жеткен кыз турмушка узаган эки учурда айтылган. Азыркы заманда, тилекке каршы, эки учурдагы тең кошок эл арасында сээлдеп барат.
Биз бүгүнкү материалыбызда кошоктун келип чыгуу тарыхы, аталыш мааниси, анын жашоодогу орду тууралуу Жалал-Абад эл аралык университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Венера Анарбекованын илимий эмгектерине таянып сөз кылабыз.
© Фото / Предоставлено Венерой АнарбековойДоцент Жалал-Абадского международного университета, кандидат исторических наук Венера Анарбекова
Доцент Жалал-Абадского международного университета, кандидат исторических наук Венера Анарбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2026
Доцент Жалал-Абадского международного университета, кандидат исторических наук Венера Анарбекова

Кошок эмнени түшүндүрөт?

Байыркы түрк тилдеринин сөздүгүндө "ыйлап-сыктоо", "сыктоо" деген термин кездешет. Ошол эле учурда түрк тилдүү элдерде "сыгыт ырлары" деген бар. Белгилүү алтайлык фольклорист Сазон Суразаков да өз эмгектеринде алтай элинде сыгыт ырлары бар экенин жазган. Кыргызда да жакынын жоготкондо киши ыйлап-сыктайт. Мына ушул сыгыт ырлары менен кошок үндөш. Экинчи жагынан алып карасак, "кош", "ок" деген эки сөздөн туруп, биринчи "кош" сөзү коштошууну билдирсе, "ок" дегени адам да дүрмөттөлгөн ок сыяктуу атылды, жок болду, учуп кетти дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле аталган терминди диний түшүнүктө алып чечмелесек да болот. Анда да "кош", "ак" деген эки сөздөн келип чыккан, өлгөн адам менен коштошуу жана анын сөөгүн жууп, ак кепиндеп актап, тазалаган сыяктуу эле жакшы жактарын айтып, рухун тазалап аркы дүйнөгө агартып узартуу дегенди билдирет.

Кошок качан пайда болгон?

Буга чейин Орхон-Енисей жазуучуларына таянып кошок VI-VII кылымдарда пайда болгон деп айтылган. Бирок тарыхта он ок будун деген эл жашаган. Алардын жашоосунда кошок ырлары кездешет. Демек, VI-VII кылымдардан мурда эле пайда болгон деп боолголоого болот.

Кошок кандай учурда айтылган?

Кыргызда кошок жакшылыкта да, жамандыкта да, жалпысынан коштошуу маанисинде айтылган. Биринчиси — адамдын көзү өткөндө жакындары аны менен коштошуп, ыйлап-сыктап күйүтүн ырга кошушкан. Көп жерде боз үй тигилип, аялдар боз үйдүн ичинде, маркум жакты же төр жакты карап, эркектер сырттан келген адамдарды карап эмес, боз үйдү, маркумду карап ыйлашат. Көзү өткөн адам эгерде аял болсо сол (эпчи жак), эркек болсо оң жакка (эр жак) башы кыбыланы карай жаткырылат. Жакындары сырттан келген адамдарга аркасын салып (аза күтүү) кошок кошулат. Мындай эреже дайыма эле сактала бербейт. Мисалы, Кыргызстандын түндүгүндө маркум жерге берилгиче жакындары сырттан келген адамды карап ыйлашат. Маркум жерге берилгенден кийин тетири карап жоктошот. Эгерде өлүк үстүндө аялдар кошок кошпой калса, эркектер өкүрбөсө "өлүк шааниси болбой калды" деп, келгендер туугандарына нааразы болгон учурлар да кездешет.
Кошок же киши кайтыш болгон үйдөн чуу чыгаруу ошол үйдө бир жамандыктын болгонун колу-коңшуларга, жамааттагы жакындарына билдирүүнүн шарттуу көрүнүшү болуп эсептелинет. Ушундан кийин гана түйшүктүү камылгалар көрүлө баштаган. Жарык дүйнө менен кош айтышкан инсанды акыркы сапарга узатуу — кыйышпас адамдарынын маркумга көрсөткөн акыркы сый-урматы. Жакындарынын, артында калгандардын маркум менен акыркы жолу коштошуп, анын бул жашоодогу ээлеген ордун, ким экендигин тирүүлөргө жарыя кылуу деп да түшүнүүгө болот. Ушул биринчи чуу чыгаруу менен бирге андан кийин да маркумдун жакындарынын ыйынан, сырттан өкүрүп келгендердин муңдуу добушунан айлана-чөйрө да, аба да ыйга толуп кетет. Бул көрүнүш "Манас" эпосунда мындайча сүрөттөлөт:
Кайың менен тал ыйлап,
Жараткандын баары ыйлап.
Жашыбаган таш жашып,
Ай-ааламды кайгы басып.
Тунжураган түн болуп,
Төбөң түшкөн дүнүйө ай.
Жоктоп турду баатырды...
Ушинтип адамды барктап, ар убакта кадырына жетүү, адамгерчиликтин эң жогорку сапаты экендигин дайыма эстеп жүрүү да адамга парз болуп эсептелген.
Кошок кызды турмушка узатууда да айтылган. Бул жөрөлгө эл оозунда "кыз кыңшылатуу" деп аталып, кырк өрүм чачы экиге бөлүп өрүлүп, чүмкөнтүлгөн кыз ыйлап, энелери (чоң эне, таене), апасы, жеңелери, эже-сиңдилери кошок кошот. Бул кошоктордо акыл, кеңеш берүү, кызына боор тартуу, келечеги үчүн түйшөлүү сезилет. Бөтөн эл-жерде ыплас, орой сөз укпаса экен деп тилейт. Кайненеси менен кайнатасын, күйөөсүн, тууган-туушкандарын урматтоо, сыйлоо айтылат. Кыздын атасынын төрүндөгү эркелеген беш көкүл доору бүткөнүн, кыз мезгили соңуна чыкканын эскертип, аны менен коштошуп, келиндик жоопкерчиликке, токтоолукка, акылдуу, сабырдуу болууга үндөө болот.
Артылтып камчы салдырба, кызым,
Атаңа наалат алдырба, кызым.
Эңилтип камчы салдырба, кызым,
Энеңе наалат алдырба, кызым.
Кайрылыштан суу алгын, кызым,
Кайнатаңдан дуба алгын, кызым.
Эңилиштен суу алгын, кызым,
Кайненеңден дуба алгын, кызым.

Кимдерге кошок айтылган эмес?

Кыргызда 12 жашка чыга элек бала көз жумса кошок кошулган эмес. Анткени кыргыздын өмүр-өлүм түшүнүгүндө балагатка жете электерди өлдү деп айтышкан эмес. "Учуп кетти", "периште болуп кетти" деп гана коюшкан. 12-14 жаштан өткөн кезде гана балагатка жеткен, киши болуп калган деп эсептелип, кадимкидей өлүк зыйнатын кылып, кошок кошуп акыркы сапарга узатышкан.
Башка учурда бардык эле адамдарга кошок айтылган. Бирок жаш өзгөчөлүгүнө көңүл бурулган. Карыяларга, аксакалдарга, байбичелерге же болбосо орто жаштагыларга, жаш кыз-келиндерге же эр адамдарга карата бөлүнүп, ошол куракка туура келген кошок кошулган. Улуу адамдарга айтылган кошоктор анын жашап өткөн жолун баяндап, энциклопедиялык маалыматтарды камтыган. Анан, албетте, эркек кишинин кошогу, аял кишинин кошогу болуп бөлүнгөн. Мындан сырткары, элдик адабияттарда "Дыйкандын аялынын кошогу", "Баатырдын жубайынын кошогу" деген сыяктуу же бир мартабалуу, атак-даңктуу эл башкарган адамдарга карата айтылган кошоктор сакталып калган. Азыркы учурда, тилекке каршы, аялга жана эркекке карата деп гана бөлүнүп калды. Ал эми түпкү маанисинде кошоктор ошол көзү өткөн инсандын жекелигине ылайыкташтырылган. "Тирүүнүн көркү — сый, өлүктүн көркү — ый" деген макал дал ушул кошокко байланыштуу айтылып калган.

Кошок медициналык жактан изилденген

Кошокту медиктер изилдеп чыгышкан. Тагыраагы, жакынынан айрылып отурган адамдын күйүтүн сөз менен обонго, ыргакка салып айтуу менен организмине тийгизген таасири изилденген. Ошол изилдөөдө адам кошок айтпай жөн эле ыйлай берсе боор, бөйрөк органдарына күч келери, ыргак менен айтылган кошок органдарга анчейин оорчулук келтирбей турганы аныкталган. Кыргыз муну мурда эле түшүнгөн, ошондуктан кошок айтып отурганда бөйрөк таянган. Эмнеге "белиңди бекем буу" дешкен? Жакыны өлгөн эркектерге эмнеден улам бел боо, түштүктө чарчы деп коет, байлап коюшкан? Дал ушул ыйдан бөйрөккө күч келишин алдын алуу үчүн жасалган. Анткени бөйрөк ооруса, бел да жабыркайт.
Экинчиден, кошок айтып күйүтүн жеңген адам жакынын жоготкондон кийинки жалгызсыроо, сагынуу, кусалык сыяктуу оор психологиялык абалдан жеңилирээк өтөрү аныкталган. Илгерки энелердин "күйүтүң ичиңе түшүп кетет" дегени мына ушул стресске кабылбоо, депрессияга түшпөө үчүн айтылган.
Демек, жакынынан ажыраган адам ыйлап отура бербей кошок менен күйүтүн чыгарып, мүңкүрөп отуруп калбай белин бекем бууп, тирүүлүктү улантсын деген тилек болгон. Ушул себептен кыргызда бөйрөк таянуу жаман жорук катары кабылданат.
Кошоктун психологиялык жактан дагы бир чоң колдоосу каралуу көчтө билинген. Көч учурунда же эр каза болгон соң аргасыз көчүшкө туура келген кездерде маркумдун жубайы же апасы, кызы кошок айтып жүрүп отурган. Ал аза кийимин кийип, бөйрөгүн таянып, атына да кара жабуу жаап, анан ошол каралуу көчтү уруу башчысы же кайнилеринен, жакын туугандарынан бир эркек жетелеп жүргөн. Эл жашаган аймакта бул ошол жердеги калкка каралуу көч келе жатканынан кабар берип, эл көңүл айтып, көчтүн тоскоолдуксуз өтүүсүнө көмөктөшүп, каршылашып же кайчылаш келе жаткан хандын көчү болсо да жол берип, токтоосуз конушуна барып жайгашуусуна шарт түзүшкөн. Муну менен кыргыздар көзү өткөн кишиге болгон сый-урматын көрсөтүп, анын жакындарына жөлөк-таяк болорун билдиришкен.

Кошокту кимдер айткан?

Кошокту көзү өткөн кишинин кандаш жакындары айткан. Ал маркумдун статусуна да байланыштуу болгон десек болот. Эр киши каза тапкан болсо жубайы биринчи кезекте, анан улуулата туугандары, кыздары отуруп кошок айтышкан. Бирок кыргызда келиндери кошок айткан учурлар да көп кездешет. Айрым учурларда жалгыз уул болуп калса аялы эле отурбастан, башка да жакындарын кошок айтканга киргизишкен. Кыргызда "жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз ый кошок болбойт" деп айтылат. Жөн гана чуу көтөрүп жаткандай кабыл алынбасын деп, өлүк шаанисин ачыш үчүн башка жакындары да кошокко отурушкан.
Ошол эле учурда кошокчу аялдар да болгон. Өзгөчө атак-даңктуу адамдардын көзү өткөндө атайын кошокчуларды жалдашкан. Көзү өткөн киши Айга, Күнгө теңелип, көбүртүп-жабыртылып айтылган кошоктор да сакталып калган. Тарыхый маалыматтарга таянсак, кыргызда кошокту аялдар эле эмес, эркектер да айткан.
Кошок айтуу кыргыз жашоосуна ислам дини келгенден кийин да аны менен айкалышып жашап келген. Кошоктордон аркы дүйнө, акырет, бейиш түшүнүктөрүн камтыган тексттерди тапсак болот. Ал тургай атесттик көз караштагы СССР заманында да кошок айтууга тыюу салынган эмес.
Азыркы учурда кыргыздын кошок жанрынын түпкүлүгүн сактап калган кошок айтууну кара калпак элинен кезиктирдик. Ошондой эле кыз узатууда кыздын кырк өрүм чачын бошотуп, эки өрүм кылып жатып ар бир өрүмүнө насаат сөздөрүн кошуп айткан салт алтайлыктарда да бар, ал "жараң кожоң" деп аталат.
Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Киши өлгөндө эмне себептен мал союлган? Жөрөлгөнүн маани-маңызы
Жаңылыктар түрмөгү
0