00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Макрон европалыктарды АКШдан коргонууга чакырды

© AP Photo / VIRGINIA MAYOАКШ менен ЕБдин желеги. Архив
АКШ менен ЕБдин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрон европа коомчулугун бир тараптуу экономикалык кысымдан коргонууга үндөп чыкты. Бул тууралуу ал Давостогу эл аралык экономикалык форумда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Дүйнөдө кырдаал курчуп жаткан маалда Франция менен Европа натыйжасын тастыктаган ар тараптуу кызматташууну коргоосу керек, дал ушул ыкма биздин жана күчүн көрсөткөндөргө баш ийүүнү каалабагандардын кызыкчылыгына төп келет", — деген Макрон.
Франция лидери июнда өтө турган "Чоң жетилик" саммитинин башкы максаттарынын бири БРИКС жана "Чоң жыйырмалык" менен мамилесин жолго коюу болорун белгиледи.
Макрон ушу тапта эл аралык укуктан четтөө, "күч мыйзамы" принциби менен үстөмдүк кылуу байкалып жатканын белгилеген. Ал АКШнын киргизген бажы төлөмүнө Евробиримдиктин "мажбурлоого каршы куралын" пайдалануу менен жооп берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.
"Евробиримдиктин абдан күчтүү куралы бар, урмат-сый жоголгондо аны колдонсок болот. ЕБдин мажбурлоого каршы механизми — өтө кубаттуу курал, азыркы шартта аны күмөнсүбөй эле пайдалансак болот", — деди президент.
Мында кеп соода менен кызмат көрсөтүүнүн чектелиши тууралуу сөз болуп жатат.
Шейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп эгер Париж Газа секторундагы абалды жөнгө салуу боюнча Тынчтык кеңешине кошулууга макул болбосо, француз шарабы менен шампанына 200 пайыздык төлөм киргизерин айткан. Мындай талап, өлкө лидеринин айтымында, Макронду эпке келтирет. Reuters агенттиги Франция лидеринин администрациясы коюлган шартты "кабыл алынгыс" жана "майнапсыз" деп атаган.
Трамптын Евробиримдикке жасаган кысымы
Жума күнү АКШ президенти Дональд Трамп Гренландия боюнча позициясынан улам Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндияга каршы 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизгенин жар салган. Тариф 1-февралдан тарта иштей баштамакчы, июлда 25 пайызга чейин жогорулап, талап "арал биротоло колго тийгиче" күчүндө болот.
АКШ президенти экинчи мөөнөткө шайланып кызматына киришкенден тарта Гренландия Американын бир бөлүгү болушу керектигин айтып келет. Ал эми Венесуэладагы аскердик операциядан кийин бул тууралуу ачык билдирип калды. Трамп Дания Падышалыгынын курамындагы жакшы корголбогон бул аралдын айланасында Россия менен Кытайдын суу алдында жүрүүчү кемелери бар деген пикирде.
Мындай чечим Гренландиянын өзүндө да катуу сынга кабылган, тургундардын көбү, өлкө бийлиги да АКШга кошулууга каршы. Демилгени Европа да колдогон эмес.
Буга жооп иретинде Ак үйдүн кожоюну Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндияга каршы 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизген. Талап 1-февралдан баштап иштемекчи, июндан тарта төлөм 25 пайызга жетип, "арал биротоло колго тийгиче" күчүндө болот.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков эл аралык укуктун деңгээлинен алып караганда адаттан тыш жагдай жаралганын билдирген. Россия арал Данияга тийиштүү деген позицияда.
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2026
Трамп НАТОнун АКШга жардамга келе аларынан күмөн саноодо
Жаңылыктар түрмөгү
0