https://sputnik.kg/20260118/kyrgyzdy-kyrgyz-zhylkysy-saktayt-1099183785.html
Малчы, мергенчи, чек арачы минген кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда. Маек
Малчы, мергенчи, чек арачы минген кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда. Маек
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз жылкысынын генетикалык өзгөчөлүгү тоо-ташка чыдамкайлыгы менен бааланат. Бирок акыркы жылдары кыргыз жылкысынын саны азайып, жоголуу коркунучунда экенин... 18.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-18T17:10+0600
2026-01-18T17:10+0600
2026-01-18T17:10+0600
кыргызстан
жылкы
порода
сактоо
тоо
жорго
өзгөчөлүк
маек
https://sputnik.kg/img/07ea/01/12/1099200693_0:1:1280:721_1920x0_80_0_0_5f664f5b73e246372ac21a58b251ea35.jpg
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун башкы илимий кызматкери, айыл чарба илимдеринин доктору Болот Токтосунов жана жылкы өстүрүүчү, фермер Баатырбек Акматов болуп, кыргыз жылкысынын генетикалык жактан изилдениши, анын кыргыз турмушундагы орду тууралуу маек курушту. — Бүгүнкү күндө изилдөөчүлөр кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда экенин айтып жатышат. Чынында кыргыз жылкысынын туягы кыскардыбы, сактап калуу үчүн аракеттер барбы? Болот Токтосунов: — Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институту Генофондду сактоо программасынын негизинде 10 жылдан ашык убакыттан бери кыргыз жылкысы тууралуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Ага ылайык, кыргыз жылкысы абдан байыркы жылкы болуп саналат. Свечин, Бернштам, Суходольский сыяктуу советтик окумуштуулар биздин доорго чейин 2000 жыл мурда эле мал чарбачылыгы менен алектенген эл деп белгилеп, анын башында жылкы турганын жазышууда. Адам темирди иштетип, жылкыны үйрөткөн учурдан тарта гана көчмөн цивилизациясы башталганы камтылган. Мындан тышкары, археологиялык казууларда кыргызга таандык мүрзөлөр аныкталып, ал жактан жылкы табылып жатканы көп суроого жооп берет. Демек, кыргыз жылкысынын 5 миң жылдык тарыхы бар. — Совет мезгилинде окумуштуулар жаңы кыргыз жылкысынын породасын чыгарышкан. Бул кандай чечим болду эле? Б.Т.: — Союз учурунда абориген жылкыларды өстүрүү өнөктүгү башталып, кыргыз жылкысын Буденый, Дон тукумундагы жылкылар менен аргындаштырышкан. Салмагын, боюн өстүрүү максатында ушундай селекциялык иштер жасалып, 1956-жылы жаңы порода пайда болгон. Бирок биз кыргыздын нукура жылкысын жоготуп алдык. Баягы өтө чыдамкай, тоо-ташта эркин жүргөн жаныбарды таппай калдык. Кыргыз баласы жылкы менен сакталып калган да. Ат менен жоого чыккан, көчүп-конгон, оокатын кылган. Минсең ат, жесең эт, ичсең кымыз болгон. Мына бүгүн 100 жылкыны изилдесек, анын 30га жакыны гана кыргыз жылкысы, калганы башка порода. Акыркы болжолдуу санак боюнча, анын саны 5миңдин тегерегинде гана сакталып калды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун аныктамасына таянсак, муну жоголуу коркунучунда деген категорияга кошсо болот. — Көчмөн элдин турмушун жылкысыз элестетүү кыйын. Бүгүн да сиз ошол жолду улап, кыргыз жылкысын кармап келе жатасыз. Кыргыз жылкысынын өзгөчөлүгү эмнеде? Баатырбек Акматов: — Кыргыз жылкысынын бою жапыз, салмагы аз. Балким ошого байланыштуу да аны кармагандардын саны азайгандыр. Көбү салмагына, боюна, күлүктүгүнө карап ат багып калышты. Бир жагынан алганда, багуу кыйындады. Себеби ал— жаратылыш менен абдан тыгыз байланышкан жаныбар. Тоо-ташка көнгөн, өз жанын өзү багып, өзү төл берип, эркин жүрөт. Тилекке каршы, акыркы учурларда кол карап, жогорудагы сыпаты азайды. Асылдандырылган жылкылар колдо багылып, чыгымы да абдан көп болот. Кыргыз жылкысынын мүнөзүн ар кандай бааласак болот. Жарым жапайы болгондуктан бакканга жараша мүнөзү калыптанат. — Кыргыз тукумундагы жылкылардын генетикалык биоматериалдарын сактоо боюнча илимий эмгектерди жазып келесиз. Негизи кыргыз жылкысынын генетикалык өзгөчөлүгү эмнеде? Б.Т.: — Кыргыз жылкысын уникалдуу генофонд деп атайбыз. Себеби мындай генетикалык материал эч бир жерде жок. Эгер чет өлкөдөн алып келген жылкыларды жоготсок, аны кайра сатып алсак болот. Кыргыз жылкысы жоголсо, аны табуу мүмкүн эмес. Учурда генетикалык маалымат бар. Бирок аны дагы тактап, жакшыртып, толукташ керек. Генетикалык жактан биздики алтай, башкырт абориген жылкысына жакын. Советтик белгилүү ипполог Буденный китебинде "кыргыз жылкысы — эң чоң генофонд. Аны сакташ керек" деп жазган. Мисалы, малчы, мергенчи, чек арачыдан кайсы жылкыны минесиң деп сурасак, кыргыз жылкысын айтышат. Тоо-ташта өзүн эркин, оңой алып жүргөн мындай жылкы жок. Эти да абдан күчтүү болот, демек, иммунитети да жогору. Жылкыларга тиешелүү инфекциялык жана башка ооруулар да кездешет. Кыргыз жылкысы ошолорду басып жүрүп эле айыктырып алат. Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту Дүйнөлүк мал генетикасы коомчулугунан (International Society for Animal Genetics (ISAG) сертификат алып, кыргыз жылкысынын генетикалык коду аныкталган. Локомоция деген термин бар, жүрүшүн, кыймылын изилдейт. 10 кыргыз жылкыны карасак, алтоондо жорго гени бар экени аныкталган. Басыгы, жол жорголугу тоого абдан ылайыктуу. Ошондуктан башка жылкыларга аргындаштырбай сактап калуу аракетин көрүш керек. — Аракет барбы? Б.Т.: — Кыргыз жылкысын сактоо боюнча атайын уюм түзүлгөн. Ага 40тан ашык фермер, илим изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер кирген. Жылкынын өзгөчөлүгүн, пайдасын айтып, көйгөйдү жеткирүүгө аракет кылып келебиз. Мына азыр аба ырайы өзгөрүп, жайлоолор деградацияланып, мөңгүлөр эрип жатат. Окумуштуулар климаттык шарт мындан да катаал болорун эскертишүүдө. Ошого жараша мал оорулары да көбөйүп, жыл сайын жаңысы кошулууда. Тоолуу аймакка иммунитети күчтүү, түрдүү ооруларга туруштук бере ала турган мал керек. Бизди ушул кыргыз жылкысы сактап калат. Кандай гана кыйынчылык болбосун, анын жардамын көрүп келбедикпи. Башка атты бир жума багып бир күн минсең, кыргыз жылкысын бир күн багып, бир апта минесиң. — Кыргыз жылкысын бир сүрөттөп бербейсизби? Б.Т.: — Кыргыз жылкысы кара түстүү болот: күрөң, тору, кара тору. Агышы аз кездешет. Дээрлик 60 пайызы карага жакын. Кашкасы, аласы жок болуп, көбүнчө бир түстө болот. Мындан тышкары, жалдуу, чачтуу келип, ал куйругунан да байкалат. Орто бойлуу, мингенге жеңил. Ургаачысынын бою 134, айгырдыкы 137 сантиметрге жетет. Дүйнөлүк классификация боюнча, кыргыз жылкы пониге, советтик классификация боюнча, орто бойлуу жылкыга кирет. Тоолуу шартта болгону үчүн мойну ийилип, башы жерге жакын. Арткы буттары дененин астына кирип, алдыңкы буттарга жакын болот. Тоодо жүргөндө алдыңкы бут кайсы жерди басса, арткы бутту да дал ошол жерге коюп, тандап басат, болбосо жардан учат. Мойну кыска болуп, ал абдан кыймылдуу. Антпесе тең салмактуулугун жоготуп коёт. Чоң жылкылар мүдүрүлүп, тоодо баса албайт. Тоого чыкса да, түшө албай калат. Б.А.: — Азыркы фермерлердин үйүндө 20дай жылкы болсо, анын беш-алтоо эле таза кыргыз жылкысы болуп жатат. Көбү булар жакшы төл бербей калды деп нааразы. Үйүрдүн көбү аргындашып, аралашып кетти да. Алар тоюттан калып же климаттык шартка чыдабай кулун салып коюп жатат. Таза кыргыз жылкылары башына баш төл берип жатат. Кыргыз жылкысынын дагы бир уникалдуулугу — 30дан 50 килограммга чейин май сактайт. Тоют тартыш болуп калганда жазга чейин жүдөбөй кыштан жакшы чыгып кетет. Башка жылкы семиз болуп турганына карабай үч күн талаада калса жыгылат. Жазында карасаң кыргыз жылкысы өзү абдан арык болсо да кулун ээрчитип жүргөнүн байкайсың. Мындай биологиялык сапатты абориген жылкылар гана сактап калган. Башка айгырлар үйүрдү да сактай албайт. Жадагалса өзүн да жакшы карай албайт. — Кыргыз жылкысын кайсы райондо көп багып жатышат? Болжолдуу саны канча? Б.А.: — Биз да өлкөнү кыдырып, жалпы абалды көрдүк. Учурда Ысык-Көл менен Нарында сакталыптыр. Азыр чоң экен, күлүк экен деп үйүргө башка айгыр салып жатышат. Алар күн жылууда чыдайт, бирок суукта өзүн да, фермерди да кыйнап, азапка салат. Кыргыз жылкысынын үйүрүн талаага айдап жибересиң, айына бир эле көз салып коёсуң. Каалаганда кармап союп жей берсең болот. Казысы бар, семиз, эти пайдалуу. — Кыргыз жылкысынын азайып жатканын белгилеп жатабыз. Анын уругун генетикалык банкта сактап, көбөйтүү иштери жокпу? Б.Т.: — Андай иштер болууда, бирок аз. Болгондо да технологиябыз эски болуп жатат. Маселен, мындан беш-алты жыл мурда тоого барып эки айгырдан урук алып, жеринен тоңдурдук. Бир айгырдан 100 грамм сперматозоид алсак, аны 20 граммдан бөлүп беш бээге куудурсак болот. Көлөмү көп болгондуктан спермабанктын көбүн ээлеп калууда. Ошон үчүн керектүү жагын алып, аны кичине көлөмдө сактаса болот. Экинчиден, бул абдан көп чыгымды талап кылат. Урукту алуу үчүн тоого баруу кажет. Айгырларды бул жакка да алып келип, аны да байкадык. Бирок уругунун баары өлүк болуп чыкты. Жүктөп келүү, башка шартка көндүрүү алар үчүн чоң стресс экен. Кыргыз жылкысы порода катары бекитилген. Эми аны асыл тукум чарба катары уюштуруу ишин баштап жатабыз. Өлкөдөгү 5-6 чарбаны асыл тукум фермага айландырабыз. Бирок биз жасап жаткан иш жетиштүү эмес. Буга мамлекеттик көзөмөл керек экен. Ал үчүн кыргыз жылкысын сактоо боюнча мыйзам зарыл. Ал кабыл алынса каражаты да каралышы керек, тийиштүү иштер жасалышы абзел. Мисалы, Россияда жоголуп бара жаткан жылкыларды сактап калуу үчүн атайын мыйзам чыгарып, компенсация төлөп генофондун сактап жатышат. Поляктар ат минбейт, этин жебейт, сүтүн ичпейт, бирок өзүнүн жылкысын мыйзам менен коргоп, жылына чоң акча бөлөт. Б.А.: — Кыргыз жылкысынын саны болжол менен 5 миң башты түзөт. Убагында сактап, коргоп калбасак тез эле жоготуп алышыбыз мүмкүн.
https://sputnik.kg/20210528/malchy-ishker-ak-koj-baatyrbek-akmatov-menen-maek-1052643844.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Асылбек Бактыбеков
https://sputnik.kg/img/07e5/01/19/1051223391_1072:297:1906:1131_100x100_80_0_0_1308b0a3107604dcb9373dd2f632a245.jpg
Асылбек Бактыбеков
https://sputnik.kg/img/07e5/01/19/1051223391_1072:297:1906:1131_100x100_80_0_0_1308b0a3107604dcb9373dd2f632a245.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/12/1099200693_160:0:1121:721_1920x0_80_0_0_1c5064952c965aaec7049c3a04ac0f8a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Асылбек Бактыбеков
https://sputnik.kg/img/07e5/01/19/1051223391_1072:297:1906:1131_100x100_80_0_0_1308b0a3107604dcb9373dd2f632a245.jpg
кыргызстан, жылкы, порода, сактоо, тоо, жорго, өзгөчөлүк, маек
кыргызстан, жылкы, порода, сактоо, тоо, жорго, өзгөчөлүк, маек
Малчы, мергенчи, чек арачы минген кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда. Маек
Кыргыз жылкысынын генетикалык өзгөчөлүгү тоо-ташка чыдамкайлыгы менен бааланат. Бирок акыркы жылдары кыргыз жылкысынын саны азайып, жоголуу коркунучунда экенин айтып, жылкы изилдөөчүлөр коңгуроо кагууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун башкы илимий кызматкери, айыл чарба илимдеринин доктору Болот Токтосунов жана жылкы өстүрүүчү, фермер Баатырбек Акматов болуп, кыргыз жылкысынын генетикалык жактан изилдениши, анын кыргыз турмушундагы орду тууралуу маек курушту.
— Бүгүнкү күндө изилдөөчүлөр кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда экенин айтып жатышат. Чынында кыргыз жылкысынын туягы кыскардыбы, сактап калуу үчүн аракеттер барбы?
Болот Токтосунов: — Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институту Генофондду сактоо программасынын негизинде 10 жылдан ашык убакыттан бери кыргыз жылкысы тууралуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Ага ылайык, кыргыз жылкысы абдан байыркы жылкы болуп саналат. Свечин, Бернштам, Суходольский сыяктуу советтик окумуштуулар биздин доорго чейин 2000 жыл мурда эле мал чарбачылыгы менен алектенген эл деп белгилеп, анын башында жылкы турганын жазышууда. Адам темирди иштетип, жылкыны үйрөткөн учурдан тарта гана көчмөн цивилизациясы башталганы камтылган. Мындан тышкары, археологиялык казууларда кыргызга таандык мүрзөлөр аныкталып, ал жактан жылкы табылып жатканы көп суроого жооп берет. Демек, кыргыз жылкысынын 5 миң жылдык тарыхы бар.
— Совет мезгилинде окумуштуулар жаңы кыргыз жылкысынын породасын чыгарышкан. Бул кандай чечим болду эле?
Б.Т.: — Союз учурунда абориген жылкыларды өстүрүү өнөктүгү башталып, кыргыз жылкысын Буденый, Дон тукумундагы жылкылар менен аргындаштырышкан. Салмагын, боюн өстүрүү максатында ушундай селекциялык иштер жасалып, 1956-жылы жаңы порода пайда болгон. Бирок биз кыргыздын нукура жылкысын жоготуп алдык. Баягы өтө чыдамкай, тоо-ташта эркин жүргөн жаныбарды таппай калдык. Кыргыз баласы жылкы менен сакталып калган да. Ат менен жоого чыккан, көчүп-конгон, оокатын кылган. Минсең ат, жесең эт, ичсең кымыз болгон. Мына бүгүн 100 жылкыны изилдесек, анын 30га жакыны гана кыргыз жылкысы, калганы башка порода. Акыркы болжолдуу санак боюнча, анын саны 5миңдин тегерегинде гана сакталып калды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун аныктамасына таянсак, муну жоголуу коркунучунда деген категорияга кошсо болот.
— Көчмөн элдин турмушун жылкысыз элестетүү кыйын. Бүгүн да сиз ошол жолду улап, кыргыз жылкысын кармап келе жатасыз. Кыргыз жылкысынын өзгөчөлүгү эмнеде?
Баатырбек Акматов: — Кыргыз жылкысынын бою жапыз, салмагы аз. Балким ошого байланыштуу да аны кармагандардын саны азайгандыр. Көбү салмагына, боюна, күлүктүгүнө карап ат багып калышты. Бир жагынан алганда, багуу кыйындады. Себеби ал— жаратылыш менен абдан тыгыз байланышкан жаныбар. Тоо-ташка көнгөн, өз жанын өзү багып, өзү төл берип, эркин жүрөт. Тилекке каршы, акыркы учурларда кол карап, жогорудагы сыпаты азайды. Асылдандырылган жылкылар колдо багылып, чыгымы да абдан көп болот. Кыргыз жылкысынын мүнөзүн ар кандай бааласак болот. Жарым жапайы болгондуктан бакканга жараша мүнөзү калыптанат.
— Кыргыз тукумундагы жылкылардын генетикалык биоматериалдарын сактоо боюнча илимий эмгектерди жазып келесиз. Негизи кыргыз жылкысынын генетикалык өзгөчөлүгү эмнеде?
Б.Т.: — Кыргыз жылкысын уникалдуу генофонд деп атайбыз. Себеби мындай генетикалык материал эч бир жерде жок. Эгер чет өлкөдөн алып келген жылкыларды жоготсок, аны кайра сатып алсак болот. Кыргыз жылкысы жоголсо, аны табуу мүмкүн эмес. Учурда генетикалык маалымат бар. Бирок аны дагы тактап, жакшыртып, толукташ керек. Генетикалык жактан биздики алтай, башкырт абориген жылкысына жакын. Советтик белгилүү ипполог Буденный китебинде "кыргыз жылкысы — эң чоң генофонд. Аны сакташ керек" деп жазган. Мисалы, малчы, мергенчи, чек арачыдан кайсы жылкыны минесиң деп сурасак, кыргыз жылкысын айтышат. Тоо-ташта өзүн эркин, оңой алып жүргөн мындай жылкы жок. Эти да абдан күчтүү болот, демек, иммунитети да жогору. Жылкыларга тиешелүү инфекциялык жана башка ооруулар да кездешет. Кыргыз жылкысы ошолорду басып жүрүп эле айыктырып алат. Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту Дүйнөлүк мал генетикасы коомчулугунан (International Society for Animal Genetics (ISAG) сертификат алып, кыргыз жылкысынын генетикалык коду аныкталган. Локомоция деген термин бар, жүрүшүн, кыймылын изилдейт. 10 кыргыз жылкыны карасак, алтоондо жорго гени бар экени аныкталган. Басыгы, жол жорголугу тоого абдан ылайыктуу. Ошондуктан башка жылкыларга аргындаштырбай сактап калуу аракетин көрүш керек.
Б.Т.: — Кыргыз жылкысын сактоо боюнча атайын уюм түзүлгөн. Ага 40тан ашык фермер, илим изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер кирген. Жылкынын өзгөчөлүгүн, пайдасын айтып, көйгөйдү жеткирүүгө аракет кылып келебиз. Мына азыр аба ырайы өзгөрүп, жайлоолор деградацияланып, мөңгүлөр эрип жатат. Окумуштуулар климаттык шарт мындан да катаал болорун эскертишүүдө. Ошого жараша мал оорулары да көбөйүп, жыл сайын жаңысы кошулууда. Тоолуу аймакка иммунитети күчтүү, түрдүү ооруларга туруштук бере ала турган мал керек. Бизди ушул кыргыз жылкысы сактап калат. Кандай гана кыйынчылык болбосун, анын жардамын көрүп келбедикпи. Башка атты бир жума багып бир күн минсең, кыргыз жылкысын бир күн багып, бир апта минесиң.
— Кыргыз жылкысын бир сүрөттөп бербейсизби?
Б.Т.: — Кыргыз жылкысы кара түстүү болот: күрөң, тору, кара тору. Агышы аз кездешет. Дээрлик 60 пайызы карага жакын. Кашкасы, аласы жок болуп, көбүнчө бир түстө болот. Мындан тышкары, жалдуу, чачтуу келип, ал куйругунан да байкалат. Орто бойлуу, мингенге жеңил. Ургаачысынын бою 134, айгырдыкы 137 сантиметрге жетет. Дүйнөлүк классификация боюнча, кыргыз жылкы пониге, советтик классификация боюнча, орто бойлуу жылкыга кирет. Тоолуу шартта болгону үчүн мойну ийилип, башы жерге жакын. Арткы буттары дененин астына кирип, алдыңкы буттарга жакын болот. Тоодо жүргөндө алдыңкы бут кайсы жерди басса, арткы бутту да дал ошол жерге коюп, тандап басат, болбосо жардан учат. Мойну кыска болуп, ал абдан кыймылдуу. Антпесе тең салмактуулугун жоготуп коёт. Чоң жылкылар мүдүрүлүп, тоодо баса албайт. Тоого чыкса да, түшө албай калат.
Б.А.: — Азыркы фермерлердин үйүндө 20дай жылкы болсо, анын беш-алтоо эле таза кыргыз жылкысы болуп жатат. Көбү булар жакшы төл бербей калды деп нааразы. Үйүрдүн көбү аргындашып, аралашып кетти да. Алар тоюттан калып же климаттык шартка чыдабай кулун салып коюп жатат. Таза кыргыз жылкылары башына баш төл берип жатат. Кыргыз жылкысынын дагы бир уникалдуулугу — 30дан 50 килограммга чейин май сактайт. Тоют тартыш болуп калганда жазга чейин жүдөбөй кыштан жакшы чыгып кетет. Башка жылкы семиз болуп турганына карабай үч күн талаада калса жыгылат. Жазында карасаң кыргыз жылкысы өзү абдан арык болсо да кулун ээрчитип жүргөнүн байкайсың. Мындай биологиялык сапатты абориген жылкылар гана сактап калган. Башка айгырлар үйүрдү да сактай албайт. Жадагалса өзүн да жакшы карай албайт.
— Кыргыз жылкысын кайсы райондо көп багып жатышат? Болжолдуу саны канча?
Б.А.: — Биз да өлкөнү кыдырып, жалпы абалды көрдүк. Учурда Ысык-Көл менен Нарында сакталыптыр. Азыр чоң экен, күлүк экен деп үйүргө башка айгыр салып жатышат. Алар күн жылууда чыдайт, бирок суукта өзүн да, фермерди да кыйнап, азапка салат. Кыргыз жылкысынын үйүрүн талаага айдап жибересиң, айына бир эле көз салып коёсуң. Каалаганда кармап союп жей берсең болот. Казысы бар, семиз, эти пайдалуу.
— Кыргыз жылкысынын азайып жатканын белгилеп жатабыз. Анын уругун генетикалык банкта сактап, көбөйтүү иштери жокпу?
Б.Т.: — Андай иштер болууда, бирок аз. Болгондо да технологиябыз эски болуп жатат. Маселен, мындан беш-алты жыл мурда тоого барып эки айгырдан урук алып, жеринен тоңдурдук. Бир айгырдан 100 грамм сперматозоид алсак, аны 20 граммдан бөлүп беш бээге куудурсак болот. Көлөмү көп болгондуктан спермабанктын көбүн ээлеп калууда. Ошон үчүн керектүү жагын алып, аны кичине көлөмдө сактаса болот. Экинчиден, бул абдан көп чыгымды талап кылат. Урукту алуу үчүн тоого баруу кажет. Айгырларды бул жакка да алып келип, аны да байкадык. Бирок уругунун баары өлүк болуп чыкты. Жүктөп келүү, башка шартка көндүрүү алар үчүн чоң стресс экен.
Кыргыз жылкысы порода катары бекитилген. Эми аны асыл тукум чарба катары уюштуруу ишин баштап жатабыз. Өлкөдөгү 5-6 чарбаны асыл тукум фермага айландырабыз. Бирок биз жасап жаткан иш жетиштүү эмес. Буга мамлекеттик көзөмөл керек экен. Ал үчүн кыргыз жылкысын сактоо боюнча мыйзам зарыл. Ал кабыл алынса каражаты да каралышы керек, тийиштүү иштер жасалышы абзел. Мисалы, Россияда жоголуп бара жаткан жылкыларды сактап калуу үчүн атайын мыйзам чыгарып, компенсация төлөп генофондун сактап жатышат. Поляктар ат минбейт, этин жебейт, сүтүн ичпейт, бирок өзүнүн жылкысын мыйзам менен коргоп, жылына чоң акча бөлөт.
Б.А.: — Кыргыз жылкысынын саны болжол менен 5 миң башты түзөт. Убагында сактап, коргоп калбасак тез эле жоготуп алышыбыз мүмкүн.