https://sputnik.kg/20260104/rossiya-aksh-venesuela-kamala-harris-pikir-sokku-1098997408.html
Харрис: АКШнын Венесуэлага каршы аракеттери башаламандыкка айланышы мүмкүн
Харрис: АКШнын Венесуэлага каршы аракеттери башаламандыкка айланышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШнын Венесуэлага каршы аракеттери жана Николас Мадурону уурдалышы америкалыктар кесепетин тарта турган башаламандыкка алып келиши... 04.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-04T10:56+0600
2026-01-04T10:56+0600
2026-01-04T10:53+0600
дүйнөдө
венесуэла
акш
сокку
аскердик операция
камала харрис
башаламандык
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/07/1090041294_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_ceda6b8d4ba365d931872fe3c7c4df0a.jpg
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШнын Венесуэлага каршы аракеттери жана Николас Мадурону уурдалышы америкалыктар кесепетин тарта турган башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин АКШнын мурдагы вице-президенти Камала Харрис билдиргенин РИА Новости жазды. Ошондой эле ал Дональд Трамптын Венесуэлага карата жасаган мамилеси Американы коопсуз же күчтүү кылып жибербейт деген оюн кошумчалаган."Бул кадам мыйзамсыз жана акылга сыйгыс болду. Америкалыктар муну каалабайт, эл калптан чарчаган... Кеп мунай жана Дональд Трамптын аймактагы диктатордун ролун ойноого болгон каалоосу тууралуу болууда", — деген Харрис.Мурдагы вице-президент Трамп америкалык аскерлерди кооптуулукка кептеп, миллиарддаган долларларды коротуп, Кариб аймагындагы туруктуулукка доо кетирип, бирок эч кандай мыйзамдуу негиздерди, абалдан чыгуу планын же өлкө ичиндеги кайсы бир артыкчылыктарды көрсөтпөй жатканын белгилеген.Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөрүшкөнүн белгилешкен. New York Times Венесуэланын жогорку кызмат адамынын айтканына таянып чабуулдун кесепетинен 40тан кем эмес адам каза болгонун, арасында аскер кызматкерлери да, жай тургундар да бар экенин жазды.Венесуэла бийлиги Мадуро кайда экенин билбей турганын айтып, АКШдан анын тирүү экенин тастыктоону талап кылышкан. Көп өтпөй Трамп Мадуронун сүрөтүн жарыялап, ал Американын кемесинде кетип баратканын билдирген. АКШнын ЖМКлары Нью-Йорк штатына учуп келген учактын конуп жаткан учурун түз эфирде көрсөтүштү. Ондогон укук коргоо кызматкерлери курчап турган учакта Мадуро жубайы менен келди деп болжошкон.АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган.
https://sputnik.kg/20260103/aksh-venesuehla-rossiya-pikir-koldoo-chabuul-sokku-1098992877.html
венесуэла
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/07/1090041294_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_d5a5c941a2d146165197549ef60acf0a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, венесуэла, акш, сокку, аскердик операция, камала харрис, башаламандык
дүйнөдө, венесуэла, акш, сокку, аскердик операция, камала харрис, башаламандык
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШнын Венесуэлага каршы аракеттери жана Николас Мадурону уурдалышы америкалыктар кесепетин тарта турган башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин АКШнын мурдагы вице-президенти Камала Харрис билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Мындай "кинону" биз мурда көргөнбүз. Режимди алмаштыруу же мунай үчүн деп башталган согуштар башында күч катары көрсөтүлүп, кийин башаламандыкка айланып, анын кесепетин америкалык үй-бүлөлөр тартып келет", — деп жазган ал Х социалдык тармактагы баракчасына.
Ошондой эле ал Дональд Трамптын Венесуэлага карата жасаган мамилеси Американы коопсуз же күчтүү кылып жибербейт деген оюн кошумчалаган.
"Бул кадам мыйзамсыз жана акылга сыйгыс болду. Америкалыктар муну каалабайт, эл калптан чарчаган... Кеп мунай жана Дональд Трамптын аймактагы диктатордун ролун ойноого болгон каалоосу тууралуу болууда", — деген Харрис.
Мурдагы вице-президент Трамп америкалык аскерлерди кооптуулукка кептеп, миллиарддаган долларларды коротуп, Кариб аймагындагы туруктуулукка доо кетирип, бирок эч кандай мыйзамдуу негиздерди, абалдан чыгуу планын же өлкө ичиндеги кайсы бир артыкчылыктарды көрсөтпөй жатканын белгилеген.
Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөрүшкөнүн белгилешкен. New York Times Венесуэланын жогорку кызмат адамынын айтканына таянып чабуулдун кесепетинен 40тан кем эмес адам каза болгонун, арасында аскер кызматкерлери да, жай тургундар да бар экенин жазды.
Венесуэла бийлиги Мадуро кайда экенин билбей турганын айтып, АКШдан анын тирүү экенин тастыктоону талап кылышкан. Көп өтпөй Трамп Мадуронун сүрөтүн жарыялап, ал Американын кемесинде кетип баратканын билдирген. АКШнын ЖМКлары Нью-Йорк штатына учуп келген учактын конуп жаткан учурун түз эфирде көрсөтүштү. Ондогон укук коргоо кызматкерлери курчап турган учакта Мадуро жубайы менен келди деп болжошкон.
АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган.