00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ачык кеп
Аймактардагы мыкты инновациялык демилгелер: "40 райондон – 40 демилге" долбоору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. "Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", — деп айтылат маалыматта. Орозов аталган министрликти 7 ай жетектеди.
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Валерий Меладзенин Бишкектеги концертине эмнеге тыюу салынганын түшүндүрдү.Маалыматка караганда, чет өлкөлүк артисттердин концерттерин өткөрүү үчүн уюштуруучулар алдын ала уруксат алып, керектүү документтерди тапшырууга милдеттүү. "Министрлик артисттин өз өлкөсүндөгү жана эл аралык аренадагы кадыр-баркын, анын чыгармачылыгынын жалпы кабыл алынган моралдык жана укуктук нормаларга шайкештигин текшерет. Меладзенин Россиядагы концерттик ишмердүүлүгүнө тыюу салынган", — дешти Маданият министрлигинен.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкекте "Биримдик кербени" аттуу маданий долбоор башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт. Анда кыргыз эли үчүн ар дайым жашоонун, тазалыктын жана үзгүлтүксүздүктүн булагы болгон суунун символикалык сапары чагылдырылат. Суу жаратылыш үчүн гана эмес, ошондой эле оюндарга катышкан бардык элдер үчүн маанилүү болгон биримдиктин жана жаңылануунун терең символикасын да камтыйт. Өлкөнүн ар кайсы бурчунан чогултулган суу көөкөргө топтолуп, Бишкек шаарына жеткирилет. Шаар тургундары жана коноктору биримдиктин бул символун көрүп, сүрөткө түшө алат.
Украинада шайлоону өткөрбөй, токтоткон Владимир Зеленский Вашингтондун басымынан улам президенттик кызматка жабышпайм деген таризде үн катты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Украинада шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуу буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп билдирген. Ал мурда Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атап, рейтинги 4 пайызга чейин төмөндөп кеткенин белгилеген. "АКШ жактан Украинада президенттик шайлоону өткөрүү боюнча ишарат болгон. Жообум — мен президенттик креслого жабышып алган жокмун. Украина окуялардын ар кандай нукта өнүгүшүнө даяр болушу керек деп эсептейм", — деген Зеленский. Украинадан чыгып кеткен Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук буга чейин украин бийлиги президенттик шайлоонун өткөрүлүшүнө жол бербейт деген ишенимин билдирген. Анын айтымында, Зеленскийдин азыркы бийлигин мындай жол менен алмаштыруу мүмкүн эмес.///Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 55 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 16-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршембиге өлкөнүн айрым жерлеринде туман тушүп, кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 4…9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1…6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 5…10, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градусту көрсөтөт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 6…8, Ош шаарында 7…9 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0