00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Экономикалык панорама
3D принтинг өндүрүшкө көмөкчү боло алабы?
19:11
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Аймактардагы мыкты инновациялык демилгелер: "40 райондон – 40 демилге" долбоору
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аймактардагы мыкты инновациялык демилгелер: "40 райондон – 40 демилге" долбоору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мектепке белден келген кар кечип барган окуучуну өлкө башчы Садыр Жапаров президенттик балатыга чакырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Буга чейин социалдык тармактарга бир метрге чейин жааган карды кечип бараткан баланын видеосу тараган. Интернет-колдонуучулар анын мектепке бара жатканын жазышкан. Орунбековдун айтымында, ага Садыр Жапаровдун атынан белек дагы камдалып жатат."Бул видеону Садыр Нургожоевич өзү да көрүп, оор шартка карабай билим алууга болгон умтулуусун көрсөткөн кичинекей баланын аракетине абдан ыраазы болду", — деди ал. Нурзаман Алмазбеков Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы "Айдың-Көл" башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу. Ал математика жана кыргыз адабияты сабактарын жакшы көрөт. Сүрөт тартууга, футбол ойноого шыктуу.
Бишкектеги №37 мектепте мугалимден кургак учук чыгып, окуучулар текшерилүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты. Маалыматка караганда, мугалим сабак берген класстардын окуучуларынын ата-энелери менен чогулуш болгон. Анда балдарды кантип текшерүү керектиги түшүндүрүлүп, ата-энелер өздөрү да текшерүүдөн өтүүгө макулдук беришкен. "Окуучуларга тест жүргүзүлдү, жыйынтыгын фтизиопедиатр карайт. Мындан тышкары, кургак учуктун белгилери боюнча кошумча скрининг да жүргүзүлөт. Андан кийинки этапта зарыл болгон учурда өпкө рентгенге тартылат", — деди башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова.
Казыяттын мурдагы өкүлү массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. ИИМ Муктарбек Жусупбеков деген кишинин мурдагы депутат Шайлообек Атазов менен автоунаада отурган сүрөтүн жана шектүүнүн телефон менен сүйлөшкөн видеосун жарыялады. Атазов буга чейин массалык башаламандыкка даярдык көрүүгө шектелип кармалган. Ишти тергөөнүн алкагында Бишкектин аймагында жыйындарды уюштуруп, мамлекеттик саясатка макул эместигин билдирип, массалык башаламандыкка үгүттөп жүргөн жаран аныкталган.Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Биринчи май райондук соту 5-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөө уланып жатканы белгиленди.
НАТОнун Европадагы Бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Алексус Гринкевич жекшемби күнү Берлиндеги АКШ менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнө катышып, америкалык тарапта отурган. Бул тууралуу РИА Новости иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып билдирди. АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун социалдык тармакка жарыялаган сүрөттөрүнөн көрүнгөндөй, Гринкевич Уиткоффтун сол тарабында отурган. Ал эми атайын өкүлдүн оң тарабында АКШ президентинин күйөө баласы, ишкер Жаред Кушнер жайгашкан. Америкалык генерал Гринкевичтин сүйлөшүүлөргө катышканы буга чейин расмий түрдө айтылган эмес. Ошондой эле жолугушуунун алкагында НАТОнун күн тартибиндеги кайсы маселелер көтөрүлгөнү да ачыкка чыгарылган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0