https://sputnik.kg/20251201/1098265701.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
КМШдан келген байкоочулар тобу Кыргызстанда өткөн шайлоого баа бердиТүркиялык археологдор эрте христиан мезгилине таандык мүрзөнү табыштыБШК шайлоодо жалпы... 01.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-01T11:00+0600
2025-12-01T11:00+0600
2025-12-01T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/01/1098265535_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3383eb48138830a36576628d2faed347.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
КМШдан келген байкоочулар тобу Кыргызстанда өткөн шайлоого баа бердиТүркиялык археологдор эрте христиан мезгилине таандык мүрзөнү табыштыБШК шайлоодо жалпы канча адам добуш бергенин айтты. Алдыда кененирээкБорбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда уюштурулган шайлоосунда 1 миллион 584,4 миң адам добуш бергенин билдирди. Бул шайлоочулардын 36,9 пайызы экени айтылды. Ал эми шайлоо укугуна 4,3 миллион кыргызстандык ээ болчу. Шайлоо кечээ эртең менен башталып, саат 8:00дө өлкө аймагындагы 30 округда 2618 участок ачылган. Мындан тышкары, эл көп чогулган жерлерде 27 атайын добуш берүүчү тилке иштеди. Саамалык шайлоочулар үчүн ыңгайлуу болду, катталган жеринен алыс жүргөн адам каалаган шайлоо участкасынан өз округундагы талапкерге добуш бере алды. 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогунан чет жакта жүргөн мекендештер добуш беришти. Жалпысынан депутаттык үчүн 460 талапкер ат салышып, 271и эркек, 189у аял болду.
Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо ачык, адилеттүү жана демократиялык нукта өттү. Бул тууралуу Көз карандысыз мамлекеттердин байкоочулар тобунун жетекчиси, КМШ баш катчысынын орун басары Игорь Петришенко билдиргенин РИА Новости жазды. "Байкоочулар миссиясы Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда дайындалган парламенттик шайлоо өлкө Конституциясына ылайык ачык, атаандаштык негизде, демократиялык шайлоонун тиешелүү принциптерине шайкеш өткөрүлдү деген жыйынтыкка келди", — деген Петришенко журналисттерге. Эскерте кетсек, Кыргызстандын парламенти 25-сентябрда өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган. Жаңы система менен өлкө 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланды. БШКнын маалыматында 4,3 миллион кыргызстандык шайлоо укугуна ээ болуп, жалпысынан 460 талапкер ат салышты.
АКШ менен Киев Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө РФ менен Украинанын ортосунда аймактарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Wall Street Journal америкалык жогорку даражалуу аткаминерге таянуу менен жазды. Басылманын маалыматына караганда, АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө РФ жаңы аймактарды эл аралык деңгээлде таанууну талап кылууну улантар-улантпасы боюнча маселе ачык бойдон калган. Крым 2014-жылдын мартында Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы боюнча Россиянын аймагына кошулган.Россия Крымдын тургундары Россия менен кайра биригүү үчүн эл аралык укукка жана БУУнун Уставына ылайык добуш беришкенин билдирген. Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси биротоло жабылган. Ал эми ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россия Федерациясынын курамына кирүүсү боюнча референдумдар 2022-жылдын 23-27-сентябрында өткөн.
Түркиянын Изник шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казуулар учурунда б.з. II–V кылымдарына таандык байыркы мүрзө табылды. Бул тууралуу Известия билдирди. Маалыматта белгиленгендей, изилдөөчүлөр андан бир нече артефактакттарды жана фрескалар менен кооздолгон дубалды аныкташкан. Ошондой эле анда үч адамдын - эки чоң жана бир баланын сөөгү коюлган. Мүрзөнүн таш менен кыштан жасалган дубалдарында канаттуулар менен өсүмдүктөрдүн сүрөтү чагылдырылган. Археологдор табылгага өзгөчө баа берип, фрескалары жана иконалары үчүн эрте христиандык мезгилге таандык эң маанилүү ачылыш деп аташты.
КМШдан келген байкоочулар тобу Кыргызстанда өткөн шайлоого баа бердиТүркиялык археологдор эрте христиан мезгилине таандык мүрзөнү табыштыБШК шайлоодо жалпы канча адам добуш бергенин айтты. Алдыда кененирээкБорбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда уюштурулган шайлоосунда 1 миллион 584,4 миң адам добуш бергенин билдирди. Бул шайлоочулардын 36,9 пайызы экени айтылды. Ал эми шайлоо укугуна 4,3 миллион кыргызстандык ээ болчу. Шайлоо кечээ эртең менен башталып, саат 8:00дө өлкө аймагындагы 30 округда 2618 участок ачылган. Мындан тышкары, эл көп чогулган жерлерде 27 атайын добуш берүүчү тилке иштеди. Саамалык шайлоочулар үчүн ыңгайлуу болду, катталган жеринен алыс жүргөн адам каалаган шайлоо участкасынан өз округундагы талапкерге добуш бере алды. 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогунан чет жакта жүргөн мекендештер добуш беришти. Жалпысынан депутаттык үчүн 460 талапкер ат салышып, 271и эркек, 189у аял болду.Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо ачык, адилеттүү жана демократиялык нукта өттү. Бул тууралуу Көз карандысыз мамлекеттердин байкоочулар тобунун жетекчиси, КМШ баш катчысынын орун басары Игорь Петришенко билдиргенин РИА Новости жазды. "Байкоочулар миссиясы Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда дайындалган парламенттик шайлоо өлкө Конституциясына ылайык ачык, атаандаштык негизде, демократиялык шайлоонун тиешелүү принциптерине шайкеш өткөрүлдү деген жыйынтыкка келди", — деген Петришенко журналисттерге. Эскерте кетсек, Кыргызстандын парламенти 25-сентябрда өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган. Жаңы система менен өлкө 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланды. БШКнын маалыматында 4,3 миллион кыргызстандык шайлоо укугуна ээ болуп, жалпысынан 460 талапкер ат салышты.АКШ менен Киев Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө РФ менен Украинанын ортосунда аймактарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Wall Street Journal америкалык жогорку даражалуу аткаминерге таянуу менен жазды. Басылманын маалыматына караганда, АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө РФ жаңы аймактарды эл аралык деңгээлде таанууну талап кылууну улантар-улантпасы боюнча маселе ачык бойдон калган. Крым 2014-жылдын мартында Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы боюнча Россиянын аймагына кошулган.Россия Крымдын тургундары Россия менен кайра биригүү үчүн эл аралык укукка жана БУУнун Уставына ылайык добуш беришкенин билдирген. Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси биротоло жабылган. Ал эми ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россия Федерациясынын курамына кирүүсү боюнча референдумдар 2022-жылдын 23-27-сентябрында өткөн.Түркиянын Изник шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казуулар учурунда б.з. II–V кылымдарына таандык байыркы мүрзө табылды. Бул тууралуу Известия билдирди. Маалыматта белгиленгендей, изилдөөчүлөр андан бир нече артефактакттарды жана фрескалар менен кооздолгон дубалды аныкташкан. Ошондой эле анда үч адамдын - эки чоң жана бир баланын сөөгү коюлган. Мүрзөнүн таш менен кыштан жасалган дубалдарында канаттуулар менен өсүмдүктөрдүн сүрөтү чагылдырылган. Археологдор табылгага өзгөчө баа берип, фрескалары жана иконалары үчүн эрте христиандык мезгилге таандык эң маанилүү ачылыш деп аташты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/01/1098265535_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_72f8aba58664c0d825de8bf0933db07c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио