https://sputnik.kg/20251127/rossiyanyn-tondurulgan-aktivderinen-kiyevge-beruugo-bolboyt-1098153661.html
Euroclear: Россиянын тоңдурулган активинен Киевге берүү өтө тобокел иш
Euroclear: Россиянын тоңдурулган активинен Киевге берүү өтө тобокел иш
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Европалык ири депозитарийдин башчысы Валери Урбен Россиянын тоңдурулган активдерден ала турган Киевдин жаңы насыясы Европа... 27.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-27T13:50+0600
2025-11-27T13:50+0600
2025-11-27T13:50+0600
дүйнөдө
украина
россия
европа
тоңдурулган актив
кенемте
уурулук
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1b/1098153941_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_a02c026c2ce814247343e8abfddec797.jpg
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Европалык ири депозитарийдин башчысы Валери Урбен Россиянын тоңдурулган активдерден ала турган Киевдин жаңы насыясы Европа рынокторунун беделин түшүрүп, аймактын инвестициялык климатын начарлата турганын айтты. Бул туурасында Financial Times басылмасы жазды. Эскертүү Урбендин ЕКтин башчысы Урсула фон дер Ляйен менен Европа кеңешинин жетекчиси Антониу Коштеге жазган катында айтылган. Урбен катында бул демилге континенттеги инвестицияларга зыян тийгизерин белгилеген. Анткени инвесторлор, айрыкча, байманалуу өз алдынча фонддор жана борбордук банктар бул аракетти борбордук банктардын корун конфискациялоого тете эле кадам катары кабыл алышы мүмкүн. Бул мыйзам сактоонун тартибин алсыратат. Еврокомиссия Киевге Россиянын тоңдурулган активинен акча бөлдүрүүгө ЕБдин өлкөлөрүнүн жалпы макулдугун ала албай келет. Талкууга 185 миллиарддан 210 миллиард еврого чейинки сумма түшкөн. Аны насыя катары берүүнү карашкан. Согуш аяктап, Москва "материалдык кенемте" төлөсө, Украина алган акчасын кайтарып берет дешкен. Ал эми каражаттын ээси Москва мындай демилгелерди уурулук деп атап, кеп жеке адамдардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдери тууралуу болуп жатканын айтып келет. Атайын операция башталгандан кийин АКШ, G7 өлкөлөрү жана Евробиримдик Россиянын валюталык резервинин дээрлик жарымын, болжол менен 300 миллиард евро өлчөмүндөгү каражатты тоңдуруп салган. Анын ичинен болжол менен 200 миллиард евро ЕБде, негизинен Бельгиядагы Euroclear эсеп-кысап системасында жатат. Еврокомиссия 2025-жылдын январь-ноябрь аралыгында Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн каражаттан Украинага 18,1 миллиард евро берилгенин жар салган.
https://sputnik.kg/20251111/ukrainanyn-akchasy-eb-nasyyaga-uruksat-bergenge-cheyin-ele-butup-kalat-1097779780.html
украина
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1b/1098153941_216:0:2947:2048_1920x0_80_0_0_3025f8d8ac91f800036f6633d577edf8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, европа, тоңдурулган актив, кенемте, уурулук
дүйнөдө, украина, россия, европа, тоңдурулган актив, кенемте, уурулук
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Европалык ири депозитарийдин башчысы Валери Урбен Россиянын тоңдурулган активдерден ала турган Киевдин жаңы насыясы Европа рынокторунун беделин түшүрүп, аймактын инвестициялык климатын начарлата турганын айтты. Бул туурасында
Financial Times басылмасы жазды.
Эскертүү Урбендин ЕКтин башчысы Урсула фон дер Ляйен менен Европа кеңешинин жетекчиси Антониу Коштеге жазган катында айтылган.
"Фон дер Ляйен менен Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштеге жолдогон катында Euroclear "насыя" (Украинага РФтин Борбордук банкынын активдеринин негизинде берилчү акча) алуу европалык финансылык рыноктордун беделин түшүрүп жана Европадагы инвестициялык климатка зыянын тийгизе тургандыгын айткан", — деп жазды Financial Times.
Урбен катында бул демилге континенттеги инвестицияларга зыян тийгизерин белгилеген. Анткени инвесторлор, айрыкча, байманалуу өз алдынча фонддор жана борбордук банктар бул аракетти борбордук банктардын корун конфискациялоого тете эле кадам катары кабыл алышы мүмкүн. Бул мыйзам сактоонун тартибин алсыратат.
Еврокомиссия Киевге Россиянын тоңдурулган активинен акча бөлдүрүүгө ЕБдин өлкөлөрүнүн жалпы макулдугун ала албай келет. Талкууга 185 миллиарддан 210 миллиард еврого чейинки сумма түшкөн. Аны насыя катары берүүнү карашкан. Согуш аяктап, Москва "материалдык кенемте" төлөсө, Украина алган акчасын кайтарып берет дешкен.
Ал эми каражаттын ээси Москва мындай демилгелерди уурулук деп атап, кеп жеке адамдардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдери тууралуу болуп жатканын айтып келет.
Атайын операция башталгандан кийин АКШ, G7 өлкөлөрү жана Евробиримдик Россиянын валюталык резервинин дээрлик жарымын, болжол менен 300 миллиард евро өлчөмүндөгү каражатты тоңдуруп салган. Анын ичинен болжол менен 200 миллиард евро ЕБде, негизинен Бельгиядагы Euroclear эсеп-кысап системасында жатат.
Еврокомиссия 2025-жылдын январь-ноябрь аралыгында Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн каражаттан Украинага 18,1 миллиард евро берилгенин жар салган.