Путин дүйнө, Кыргызстан, согуш, тынчтык туурасында. Бишкектеги маалымат жыйындан
20:19 27.11.2025 (Жаңыртылды: 13:10 29.11.2025)

© Sputnik / Алексей Никольский
/ Жазылуу
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын чыгарып, ЖККУ саммитинен кийин Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү.
РФ лидеринин айткандарын үч багыт менен бөлүп тизмектеп сунуштайбыз.
Кыргызстан туурасында:
Кыргызстан — чакан мамлекет, бирок өлкөдө дарамети күчтүү коом, билимдүү жаштар жашайт. Бул нерсе жасалма интеллект жаатында бирдиктүү мейкиндикти түзүү үчүн маанилүү;
Кыргызстандын жетекчилиги ички саясий туруктуулукту сактоодо ийгиликтүү иштеп жатат;
инвесторлор түзүлгөн келишим жана макулдашуулар боюнча Кыргызстандын жоопкерчиликтүү болоруна ишенип келишет. Андыктан бул жааттагы жакшы кадамын, ийгилигин белгилей кетүү керек;
Кыргызстанда орус тилинин расмий макамы барын абдан баалайбыз, башка тармактарда да кызматташабыз;
эгерде Кыргызстанга кичи АЭСтерди курууда жардам керек болсо, көмөктөшүүгө даярбыз;
Путин Казакстан менен Россиянын чек арасындагы фуралардын узун кезегине түшүндүрмөсүн берди:
"Россиянын президенти тандалма текшерүү уюштурууну тапшырганын айтты. Анда фуранын көбү чек арадан эч кандай документи жок өтүп жатканы аныкталган", — деди РФ лидери.
"Россиянын президенти тандалма текшерүү уюштурууну тапшырганын айтты. Анда фуранын көбү чек арадан эч кандай документи жок өтүп жатканы аныкталган", — деди РФ лидери.
бирдиктүү рынок бар, бирок ар бир жүк ташуучу унаада керектүү документтер болушу шарт. Азыр биздин аймакка көмүскө импорт агылып кирип, Россия ондогон миллиард рубль жоготууда;
Казакстан президенти менен чек арада топтолгон фураларды өткөрүүнү макулдашканын белгилеп, учурда миңдеген унаа өткөрүлүп, жыл аягына чейин кезек жок болорун айтты.
ЖККУ, дүйнөлүк коопсуздук туурасында:
ЖККУ эч кимге коркунуч жаратпайт, бирок уюм өлкөлөрдүн кандай гана болбосун, чабуулдарынын мизин кайтарууга даяр турушу керек;
пилотсуз учактарды куруу боюнча. Биз бул багытта абдан көп иштерди аткардык, бул учкучсуз технология жана дрондор тармагында чыныгы революция болду. Бул тажрыйбанын баарын биз өнөктөштөрүбүз менен бөлүшүүгө даярбыз.
АКШ, Украина тууралуу
Украина армиясы ээлеген жерлеринен чыгып кеткен күнү согуш токтойт, эгерде андай болбосо, биз ойлогон нерсебизге курал менен жетебиз;
Украинанын куралдуу күчтөрү кармашта октябрь айында 47,5 миңге чукул адамынан ажырады;
америкалык тарап биздин позицияны эске алып жатат, бирок кайсы бир жерлерде кээ бир учурларын талкуулаш керек. Мунун баарын дипломатиянын тилине салуу шарт;
Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча АКШ планынын ар бир пунктун талкуулаш керек. Буга Москва даяр;
келерки жумада америкалык делегация Москвага келет.
