https://sputnik.kg/20251125/rf-okmotunun-sapary-zhana-zhkku-sammiti-1098095569.html
РФ президенти мындай ири делегация менен келе элек болчу. Сапардын маани-маңызы
РФ президенти мындай ири делегация менен келе элек болчу. Сапардын маани-маңызы
Sputnik Кыргызстан
Бул күндөрү өлкөдө дагы бир тарыхый окуя болгону турат. Борбор калаа Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт. Аны утурлай Кыргызстанга... 25.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-25T20:45+0600
2025-11-25T20:45+0600
2025-11-25T20:49+0600
кыргызстан
россия
садыр жапаров
владимир путин
мамлекеттик сапар
делегация
экономика
саясат
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/19/1098096132_0:0:2699:1518_1920x0_80_0_0_f44113a8510f1382aa734846202d6cb4.jpg
РФ делегациясынын курамында Борбордук банктын төрайымы, өкмөт башчысынын орун басары, жети министр, ошондой эле ири бизнесмендер бар. Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, саясат таануу илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты, профессор Аликбек Жекшенкулов мындай масштабдагы сапар эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу уюштурулуп жатканын белгилеп, кыргыз экономикасы үчүн чоң бурулуш болорун кошумчалады. — Аликбек Жекшенкулович, ЖККУнун саммитин утурлай Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары белгиленип отурат. Делегациянын курамы өтө кеңири экени айтылды. Бул эл аралык мамиледе кадыресе көрүнүшпү же жаңы тарыхый барактар ачылуудабы? — Россия президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары буга чейин да болуп келген. Бирок мындай чоң делегация биринчи жолу келе жатат. Курамында Борбордук банктын төрайымынын, ири бизнес-өкүлдөрүнүн болушу сапардын масштабынан кабар берип турат. Өкмөттүн дээрлик бүт мүчөсү, дагы бир ирет кайталайын, Борбордук банк жетекчисинин келиши эки өлкө ортосунда чоң экономикалык долбоорлордун түзүлөрүнөн кабар берет. Ошол эле энергетика тармагы, Роспотребнадзордун, "Росатомдун" жетекчилери менен биздин тиешелүү органдардын ортосунда маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүп, документтерге кол коюлат деп ойлойм. Бул өз кезегинде экономикалык жактан тарыхтын жаңы барагын ачат. 2024-жылдын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 3 миллиард доллардан ашкан болчу. Келечекте бул көрсөткүчтү 5 миллиардга жеткирүү пландалган. Демек, мунун баары жакын арада эле ишке аша турган кадамдар. Ошол эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду былтыр 500 миллион доллардан ашык каражатка долбоорлорду каржылаптыр, эми бул сандарды миллиардга жеткирүүнү көздөп жатат. Бул — өтө чоң сумма. Чындыгында экономикабызды Россиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Күйүүчү май, ун, курулуш материалдары жана башка керектүү продукцияны бүт эле Россиядан алып жатпайбызбы. Гуманитардык багытты алып карасак, кечээ эле Россия алдыдагы окуу жылына карата кыргызстандык студенттер үчүн ЖОЖдорунан 700 орун берери айтылды. Башка бир да өлкөдө мындай жок да. Азыр ким, кайсы өлкө жыл сайын 700дөн балаңды окутуп берем деп жатыптыр. Россия бизден чоң өлкөлөргө деле мынча көп орун бөлбөйт. Өкмөт ар бир абитуриент үчүн чыгым тартарын эске алсак, бул абдан чоң нерсе. Ошол эле республикага куруп берип жаткан тогуз мектеп тууралуу унутпашыбыз керек. Бизге келип жаткан медиктер, педагогдор, дагы башка көптөгөн долбоорлору бар. Андыктан Россия Кыргызстан үчүн экономика же коопсуздук маселесиндеги, болбосо географиялык жактан кошуналык мамиледеги эле өлкө эмес, стратегиялык маанилүү мамлекет. — Алдыда Бишкекте ЖККУнун саммити өткөнү турат. Уюмдун маани-маңызына, ордуна токтолсоңуз. — Жаматтык коопсуздук келишим уюму Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алыс барбай эле XVIII-XX кылымдарда ата-бабаларыбыздын тилеги мамлекеттин, эл-жердин коопсуздугу болгонун унутпасак керек. Тогуз тоонун тоомунда жашаган биз сыяктуу чакан мамлекет үчүн бул абдан маанилүү. Тынч заманда көп түйшөлбөгөнүбүз менен сырттан ар кандай кооптуулуктар жаралышы мүмкүн экенин билебиз да. Террорчулук, экстремизм, баңгизат соодасы, киберкоопсуздук жаатында атайын кызматтар, күч структуралары саат сайын байланышып иштеп жатышат. Биздин уйкубуз ошол себептен да тынч, жашообуз бейпил. Жогорудагы коркунучтарга жалгыздап туруштук берүү дээрлик мүмкүн эмес. — ЖККУ аты айтып тургандай, коопсуздук уюму, бирок өз ишин так аткара албай келет деген пикирлер бар. Буга сиздин оюңуз? — Эл аралык мамилелерден түшүнүгү жок же Батыштын маалыматына сугарылган адамдар гана ушундай ой жүгүртүшү мүмкүн. Уюмдун толук кандуу иштей баштаганына 10 жылдан эми ашты. Жүз жылдык тарыхы бар уюмдардан жаш болсо да жандуулугу менен айырмаланат: жыл сайын өзгөрүп, жакшырып, телчигип, тажрыйба топтоодо. Бишкекте өтө турган саммитте да бир топ маанилүү документтерге кол коюлат. Демек, мүмкүнчүлүгү дагы кеңеет. — Уюмга быйылкы Кыргызстандын төрагалыгы кандай өттү? — Ар жылы бирден мүчө-мамлекет уюмга төрага болот. 2025-жылы бул милдет Кыргызстанга артылган. Республика өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарды, пландалган иш-чаралардын баары өттү. Окутуулар, тажрыйба алмашуулар, технологиялык, техникалык кызматташуулар байма-бай болуп жатты. Башкысы — биз бул уюмду түптөгөн өлкөлөрдүн бирибиз. Кирип-чыгып, олку-солку болгон жокпуз. Башынан бери туруктуу мүчө болуп келе жатабыз. — Бишкекте өтүүчү ЖККУнун саммити, Россия президентинин ири делегация менен келиши Кыргызстанга кандай милдет артып, эмне артыкчылык берет? — Мунун ар бири өзүнчө тарыхый окуя. Кыргызстан уюмга болгон төрагалыгын татыктуу өткөрүп берип, стратегиялык жактан маанилүү өлкөнүн өкмөтүн лидери менен кошо тосуп алып жатат. Буга чейин Батыш өлкөлөрү ЖККУга анча маани бербесе, эми кызыгуусу арта баштайт. Ушул айдын башында эле Тажикстандын ордо калаасында Борбор Азия жана Россия саммити өтүп, анда аталган өлкөлөрдүн президенттери жолугуп, РФ лидери тарабынан бир топ конкреттүү сунуштар, пландар айтылган болчу. Анда ал жалпы Борбор Азиянын жана андагы ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган багыттарды атаган. Бүгүнкү күндө Путиндин Кыргызстанга мындай чоң делегация менен келиши да ошондогу КР президенти менен РФ лидеринин жолугушуусунун жемиши десек болот.
https://sputnik.kg/20251125/bishkektegi-zhkkunun-sammitinde-ondon-ashyk-chechimge-kol-koyulat-1098090353.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/19/1098096132_0:0:2699:2024_1920x0_80_0_0_1b09eabdbb52ac6715554bc1ed1c566b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
кыргызстан, россия, садыр жапаров, владимир путин, мамлекеттик сапар, делегация, экономика, саясат, видео
кыргызстан, россия, садыр жапаров, владимир путин, мамлекеттик сапар, делегация, экономика, саясат, видео
РФ президенти мындай ири делегация менен келе элек болчу. Сапардын маани-маңызы
20:45 25.11.2025 (Жаңыртылды: 20:49 25.11.2025) Бул күндөрү өлкөдө дагы бир тарыхый окуя болгону турат. Борбор калаа Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт. Аны утурлай Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен келди.
РФ делегациясынын курамында Борбордук банктын төрайымы, өкмөт башчысынын орун басары, жети министр, ошондой эле ири бизнесмендер бар. Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, саясат таануу илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты, профессор Аликбек Жекшенкулов мындай масштабдагы сапар эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу уюштурулуп жатканын белгилеп, кыргыз экономикасы үчүн чоң бурулуш болорун кошумчалады.
— Аликбек Жекшенкулович, ЖККУнун саммитин утурлай Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары белгиленип отурат. Делегациянын курамы өтө кеңири экени айтылды. Бул эл аралык мамиледе кадыресе көрүнүшпү же жаңы тарыхый барактар ачылуудабы?
— Россия президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары буга чейин да болуп келген. Бирок мындай чоң делегация биринчи жолу келе жатат. Курамында Борбордук банктын төрайымынын, ири бизнес-өкүлдөрүнүн болушу сапардын масштабынан кабар берип турат. Өкмөттүн дээрлик бүт мүчөсү, дагы бир ирет кайталайын, Борбордук банк жетекчисинин келиши эки өлкө ортосунда чоң экономикалык долбоорлордун түзүлөрүнөн кабар берет. Ошол эле энергетика тармагы, Роспотребнадзордун, "Росатомдун" жетекчилери менен биздин тиешелүү органдардын ортосунда маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүп, документтерге кол коюлат деп ойлойм. Бул өз кезегинде экономикалык жактан тарыхтын жаңы барагын ачат. 2024-жылдын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 3 миллиард доллардан ашкан болчу. Келечекте бул көрсөткүчтү 5 миллиардга жеткирүү пландалган. Демек, мунун баары жакын арада эле ишке аша турган кадамдар. Ошол эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду былтыр 500 миллион доллардан ашык каражатка долбоорлорду каржылаптыр, эми бул сандарды миллиардга жеткирүүнү көздөп жатат. Бул — өтө чоң сумма.
Чындыгында экономикабызды Россиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Күйүүчү май, ун, курулуш материалдары жана башка керектүү продукцияны бүт эле Россиядан алып жатпайбызбы. Гуманитардык багытты алып карасак, кечээ эле Россия алдыдагы окуу жылына карата кыргызстандык студенттер үчүн ЖОЖдорунан 700 орун берери айтылды. Башка бир да өлкөдө мындай жок да. Азыр ким, кайсы өлкө жыл сайын 700дөн балаңды окутуп берем деп жатыптыр. Россия бизден чоң өлкөлөргө деле мынча көп орун бөлбөйт. Өкмөт ар бир абитуриент үчүн чыгым тартарын эске алсак, бул абдан чоң нерсе. Ошол эле республикага куруп берип жаткан тогуз мектеп тууралуу унутпашыбыз керек. Бизге келип жаткан медиктер, педагогдор, дагы башка көптөгөн долбоорлору бар. Андыктан Россия Кыргызстан үчүн экономика же коопсуздук маселесиндеги, болбосо географиялык жактан кошуналык мамиледеги эле өлкө эмес, стратегиялык маанилүү мамлекет.
— Алдыда Бишкекте ЖККУнун саммити өткөнү турат. Уюмдун маани-маңызына, ордуна токтолсоңуз.
— Жаматтык коопсуздук келишим уюму Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алыс барбай эле XVIII-XX кылымдарда ата-бабаларыбыздын тилеги мамлекеттин, эл-жердин коопсуздугу болгонун унутпасак керек. Тогуз тоонун тоомунда жашаган биз сыяктуу чакан мамлекет үчүн бул абдан маанилүү. Тынч заманда көп түйшөлбөгөнүбүз менен сырттан ар кандай кооптуулуктар жаралышы мүмкүн экенин билебиз да. Террорчулук, экстремизм, баңгизат соодасы, киберкоопсуздук жаатында атайын кызматтар, күч структуралары саат сайын байланышып иштеп жатышат. Биздин уйкубуз ошол себептен да тынч, жашообуз бейпил. Жогорудагы коркунучтарга жалгыздап туруштук берүү дээрлик мүмкүн эмес.
— ЖККУ аты айтып тургандай, коопсуздук уюму, бирок өз ишин так аткара албай келет деген пикирлер бар. Буга сиздин оюңуз?
— Эл аралык мамилелерден түшүнүгү жок же Батыштын маалыматына сугарылган адамдар гана ушундай ой жүгүртүшү мүмкүн. Уюмдун толук кандуу иштей баштаганына 10 жылдан эми ашты. Жүз жылдык тарыхы бар уюмдардан жаш болсо да жандуулугу менен айырмаланат: жыл сайын өзгөрүп, жакшырып, телчигип, тажрыйба топтоодо. Бишкекте өтө турган саммитте да бир топ маанилүү документтерге кол коюлат. Демек, мүмкүнчүлүгү дагы кеңеет.
— Уюмга быйылкы Кыргызстандын төрагалыгы кандай өттү?
— Ар жылы бирден мүчө-мамлекет уюмга төрага болот. 2025-жылы бул милдет Кыргызстанга артылган. Республика өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарды, пландалган иш-чаралардын баары өттү. Окутуулар, тажрыйба алмашуулар, технологиялык, техникалык кызматташуулар байма-бай болуп жатты. Башкысы — биз бул уюмду түптөгөн өлкөлөрдүн бирибиз. Кирип-чыгып, олку-солку болгон жокпуз. Башынан бери туруктуу мүчө болуп келе жатабыз.
— Бишкекте өтүүчү ЖККУнун саммити, Россия президентинин ири делегация менен келиши Кыргызстанга кандай милдет артып, эмне артыкчылык берет?
— Мунун ар бири өзүнчө тарыхый окуя. Кыргызстан уюмга болгон төрагалыгын татыктуу өткөрүп берип, стратегиялык жактан маанилүү өлкөнүн өкмөтүн лидери менен кошо тосуп алып жатат. Буга чейин Батыш өлкөлөрү ЖККУга анча маани бербесе, эми кызыгуусу арта баштайт.
Ушул айдын башында эле Тажикстандын ордо калаасында Борбор Азия жана Россия саммити өтүп, анда аталган өлкөлөрдүн президенттери жолугуп, РФ лидери тарабынан бир топ конкреттүү сунуштар, пландар айтылган болчу. Анда ал жалпы Борбор Азиянын жана андагы ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын эске алган багыттарды атаган. Бүгүнкү күндө Путиндин Кыргызстанга мындай чоң делегация менен келиши да ошондогу КР президенти менен РФ лидеринин жолугушуусунун жемиши десек болот.