https://sputnik.kg/20251120/ukraina-natogo-kiruudon-bash-tartyshy-kerek-1097979843.html
ЖМК: Украина НАТОго кирүү оюнан эми баш тартышы керек
ЖМК: Украина НАТОго кирүү оюнан эми баш тартышы керек
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. АКШнын абалды жөнгө салуу боюнча жаңы планына ылайык, Украина НАТОго кошулуу оюнан кеминде бир нече жылга баш тартышы керек. Бул... 20.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-20T10:00+0600
2025-11-20T10:00+0600
2025-11-20T10:00+0600
дүйнөдө
украина
акш
нато
мүчө
баш тартуу
план
кыргызстан жардам берүү боюнча акш менен түзүлгөн макулдашууну жокко чыгарды
тынчтык
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092408122_0:131:3072:1859_1920x0_80_0_0_dcd8a1e808ad351511e939ac7e4e2dff.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. АКШнын абалды жөнгө салуу боюнча жаңы планына ылайык, Украина НАТОго кошулуу оюнан кеминде бир нече жылга баш тартышы керек. Бул тууралуу Wall Street Journal америкалык аткаминерлерге таянуу менен жазды. Басылма маектештеринин сөзүн келтирип, план АКШ президенти Дональд Трамптын жардамчыларына тараптарды кепке келүүгө шыктандыра турган жаңы стимулдарды иштеп чыгууну тапшыргандан кийин иштелип чыкканын белгиледи. Ак үйдүн кишиси Трамп Украинага "аймактарды кайтаруунун" зарылдыгын көрбөгөнүн, согушка чекит кое турган макулдашууга умтулуп жатканын айтып берген. Буга чейин Вашингтон Москва менен украин жаңжалын токтотуу боюнча жаңы пландын тегерегинде купуя сүйлөшүп жатканы айтылган. Деген менен сунушка Киев жана анын европалык өнөктөштөрү кандай көз карашта экени ачыкталган эмес. Шаршемби күнү Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков планга РФ менен АКШ лидерлеринин Аляскадагы макулдашуусунан тышкары жаңы эч нерсе кошулбаганын билдирди. Эскерте кетсек, Россия менен Украина Стамбулда үч ирет жолугуп, натыйжада туткундарды алмашты. Мындан тышкары, Россия Киев режимине каза тапкан украин аскер кызматкерлеринин сөөгүн өткөрүп берген. Буга кошумча, тараптар абалды жөнгө салуу боюнча меморандумдар менен алмашкан болчу. Буга чейин РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Россия Украина менен абалды жөнгө салуунун саясий аспектилерин бардык форматта сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Анткен менен Москва ушу кезге чейин Киевден маселени тереңирээк карап чечүү үчүн үч жумушчу топ түзүү сунушуна жооп ала элек. Мындан тышкары, Владимир Зеленский РФ президенти Владимир Путиндин сүйлөшүү үчүн Москвага чакыруусун четке каккан.
https://sputnik.kg/20251120/tramp-ukraina-boyuncha-28-punktuluk-plandy-zhaktyrdy-1097978717.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092408122_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_efd1cdd70b28a54e37d0b5c0a5b80ec8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, нато, мүчө, баш тартуу, план, кыргызстан жардам берүү боюнча акш менен түзүлгөн макулдашууну жокко чыгарды, тынчтык, атайын операция
дүйнөдө, украина, акш, нато, мүчө, баш тартуу, план, кыргызстан жардам берүү боюнча акш менен түзүлгөн макулдашууну жокко чыгарды, тынчтык, атайын операция
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. АКШнын абалды жөнгө салуу боюнча жаңы планына ылайык, Украина НАТОго кошулуу оюнан кеминде бир нече жылга баш тартышы керек. Бул тууралуу
Wall Street Journal америкалык аткаминерлерге таянуу менен жазды.
"Украина Түндүк Атлантика альянсына мүчө болуп кирүү ниетинен жок эле дегенде бир нече жылга баш тартууга макул болушу керек", — деп айтылат макалада.
Басылма маектештеринин сөзүн келтирип, план АКШ президенти Дональд Трамптын жардамчыларына тараптарды кепке келүүгө шыктандыра турган жаңы стимулдарды иштеп чыгууну тапшыргандан кийин иштелип чыкканын белгиледи. Ак үйдүн кишиси Трамп Украинага "аймактарды кайтаруунун" зарылдыгын көрбөгөнүн, согушка чекит кое турган макулдашууга умтулуп жатканын айтып берген.
Буга чейин Вашингтон Москва менен украин жаңжалын токтотуу боюнча жаңы пландын тегерегинде купуя сүйлөшүп жатканы айтылган. Деген менен сунушка Киев жана анын европалык өнөктөштөрү кандай көз карашта экени ачыкталган эмес.
Шаршемби күнү Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков планга РФ менен АКШ лидерлеринин Аляскадагы макулдашуусунан тышкары жаңы эч нерсе кошулбаганын билдирди.
Эскерте кетсек, Россия менен Украина Стамбулда үч ирет жолугуп, натыйжада туткундарды алмашты. Мындан тышкары, Россия Киев режимине каза тапкан украин аскер кызматкерлеринин сөөгүн өткөрүп берген. Буга кошумча, тараптар абалды жөнгө салуу боюнча меморандумдар менен алмашкан болчу.
Буга чейин РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Россия Украина менен абалды жөнгө салуунун саясий аспектилерин бардык форматта сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Анткен менен Москва ушу кезге чейин Киевден маселени тереңирээк карап чечүү үчүн үч жумушчу топ түзүү сунушуна жооп ала элек. Мындан тышкары, Владимир Зеленский РФ президенти Владимир Путиндин сүйлөшүү үчүн Москвага чакыруусун четке каккан.