https://sputnik.kg/20251103/yebdin-uch-olkosu-rossiyanyn-aktivderin-koldonuuga-karshy-chykty-1097596130.html
Евробиримдиктин үч өлкөсү Россиянын активдерин Украинага берүүгө каршы чыкты
Евробиримдиктин үч өлкөсү Россиянын активдерин Украинага берүүгө каршы чыкты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Евробиримдикке кирген үч мамлекет Украинаны колдоо үчүн Россиянын тоңдурулган активин колдонууга чакырган көпчүлүктүн позициясына... 03.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-03T10:31+0600
2025-11-03T10:31+0600
2025-11-04T17:01+0600
дүйнөдө
евробиримдик
украина
россия
каражат
акча
коргонуу
тоңдурулган актив
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/19/1081504380_0:0:3135:1763_1920x0_80_0_0_96316305cc52a871c7c5c64f846e82de.jpg
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Евробиримдикке кирген үч мамлекет Украинаны колдоо үчүн Россиянын тоңдурулган активин колдонууга чакырган көпчүлүктүн позициясына каршылыгын билдирди. Бул тууралуу италиялык Corriere della Sera гезити жазып чыкты. Автор Владимир Зеленскийдин куралдануу боюнча атайын кеңешчиси Александр Камышиндин сөзүнө таянып, Украинанын коргонуу өнөр жайы каражаттын жетишсиздигинен мүмкүнчүлүгүнүн үчтөн бирин гана пайдаланып жатканын белгилеген. Мындан улам Европада турган Россиянын 140 миллиард евросу Украина үчүн зарыл каражат деген жыйынтыкка келүүгө болот. Буга чейин батыш ЖМКлары Евробиримдик январдан июлга чейин Украинага Россия банкынын тоңдурулган активинен түшкөн кирешенин эсебинен 10,1 миллиард евро бөлгөнүн жазышкан. Сентябрда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге аталган активдин эсебинен жаңы насыя берүүнү сунуштап, карызды Украина Россиянын "репарациясынан" кийин кайтарарын белгилеген. Москва мындай демилгелерди уурулук деп атап, мында кеп жеке адамдардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдери тууралуу сөз болуп жатканын айтып келет. Евробиримдиктин каражатты тоңдурганына жооп иретинде Москва кастарын тиккен өлкөлөрдөн келген инвесторлордун каражатын "С" тибиндеги атайын эсепке котортууда. Андан акчаны өкмөттүк комиссиянын уруксаты менен гана чыгарууга болот.
https://sputnik.kg/20251031/ukrainanyn-sogushka-degen-karazhaty-kachan-tugonot-1097541036.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/19/1081504380_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_27b0f80f6a3620522c1d4c0f67e9576d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, евробиримдик, украина, россия, каражат, акча, коргонуу, тоңдурулган актив
дүйнөдө, евробиримдик, украина, россия, каражат, акча, коргонуу, тоңдурулган актив
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Евробиримдикке кирген үч мамлекет Украинаны колдоо үчүн Россиянын тоңдурулган активин колдонууга чакырган көпчүлүктүн позициясына каршылыгын билдирди. Бул тууралуу италиялык
Corriere della Sera гезити жазып чыкты.
"Италия менен Франция Россиянын тоңдурулган каражатын Украинага берүү сунушун колдогон жок. Буга эгер эл аралык сот акчанын берилишине нааразы болгон Москванын кинесин мыйзамдуу деп тапса мойнуна илине турган финансылык жоопкерчиликтен кооптонуп жатышы себеп болушу мүмкүн. Бельгия да ушундай эле жүйө менен демилгени колдоодон баш тарткан, Анын үстүнө каражаттын басымдуу бөлүгү Брюсселдеги Euroclear платформасында сакталып турат", — деп айтылат макалада.
Автор Владимир Зеленскийдин куралдануу боюнча атайын кеңешчиси Александр Камышиндин сөзүнө таянып, Украинанын коргонуу өнөр жайы каражаттын жетишсиздигинен мүмкүнчүлүгүнүн үчтөн бирин гана пайдаланып жатканын белгилеген. Мындан улам Европада турган Россиянын 140 миллиард евросу Украина үчүн зарыл каражат деген жыйынтыкка келүүгө болот.
Буга чейин батыш ЖМКлары Евробиримдик январдан июлга чейин Украинага Россия банкынын тоңдурулган активинен түшкөн кирешенин эсебинен 10,1 миллиард евро бөлгөнүн жазышкан. Сентябрда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге аталган активдин эсебинен жаңы насыя берүүнү сунуштап, карызды Украина Россиянын "репарациясынан" кийин кайтарарын белгилеген.
Москва мындай демилгелерди уурулук деп атап, мында кеп жеке адамдардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдери тууралуу сөз болуп жатканын айтып келет.
Евробиримдиктин каражатты тоңдурганына жооп иретинде Москва кастарын тиккен өлкөлөрдөн келген инвесторлордун каражатын "С" тибиндеги атайын эсепке котортууда. Андан акчаны өкмөттүк комиссиянын уруксаты менен гана чыгарууга болот.