00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын жана Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин кабыл алды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу маселелери талкууланды. Жапаров чыңалып турган эл аралык кырдаалда туруктуу өнүгүү үчүн бардык мамлекеттер менен тынч жана достук мамилелерди сактоо абдан маанилүү экенин белгилеген. Ал ошондой эле террорчулук жана экстремизмден тышкары, мыйзамсыз миграция жана киберкоопсуздук сыяктуу трансулуттук тобокелдиктер өлкөлөрдүн саясий туруктуулугуна коркунуч жаратарын кошумчалаган. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары менен Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси эки жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле азыркы шартта "Борбор Азия – Индия" форматындагы диалогго суроо-талап бар экенин айтышты.
Коргоо министрлиги Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине армиядагы "дедовщина" үчүн берилчү жазаны күчөтүү каралган өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде уставдык эрежелерди бузуу өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалына, тартипке терс таасирин тийгизерин, ал эми учурдагы жазалар жетиштүү болбой жатканы айтылган. Ушул себептен жоопкерчиликти күчөтүү демилгеленүүдө. Сунушталган чаралар булар: кызмат адамы же анын буйругу менен зомбулук көрсөтүү, коркутуу-үркүтүү үчүн үч жыл, ошол эле кылмыштан оор залал келтирилсе 3-6 жылга, ал эми кылмыш жооптуу кызматтагы адам тарабынан жасалса 6-8 жылга эркинен ажыратылат. бири-бирине баш ийбеген аскер кызматкерлеринин ортосунда мазактоо, катаал мамиле жасоо, зомбулук көрсөтүү үчүн тартиптик бөлүктө 3-6 айга чейин камоо же 40-100 миң сом айып салуу сунушталды. Ошол эле кылмыштан ден соолукка залал келсе 3-6 жылга, оор залал келтирилсе 6-8 жылга эркинен ажыратуу каралды;
Кыргызстанда транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу токтом чыкканын министрлер кабинети билдирди. Документ айдоочуларды даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Лицензия берүүгө 2028-жылга чейин тыюу салынат. Минкабдын токтому боюнча, лицензия 20-октябрдан баштап берилбейт. Мораторий мамлекеттик билим берүү мекемелерине жайылтылбай турганы айтылды.
Владимир Путин Россиянын 2026-2030-жылдарга карата мамлекеттик миграциялык саясатынын концепциясын бекитти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын натыйжасында мыйзамсыз мигранттардын жана алардын кылмыштарынын саны азайышы керек. Миграциялык саясаттагы маселелер төмөнкү негизги багыттар боюнча чечилет: чет өлкөлүк жарандарга орус тилин, коомдогу жалпы жүрүм-турум нормаларын өздөштүрүүгө, аларга Россия коомуна таандык укуктук аң-сезимди жана укуктук маданиятты калыптандырууга көмөктөшүү. "РФтин миграциялык саясаты мурда өлкөдөн чыгып кеткендер үчүн да жагымдуу болушу керек", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0