00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда 6 338 дарыгер жана 7 880 медайым жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Махабат Асанкулова Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди. Ал былтыр жыл ичинде 261 дарыгер жумуш менен камсыздалганын, адистердин жетишсиздиги боюнча абал акыркы үч жылга салыштырмалуу азыр туруктуураак экенин белгиледи. "Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында бардык багыттар жана уюмдар боюнча маалымат жайгаштырылган. Ал жерде кайсы облуста кандай бош орун бар экени, байланышуу жолдору көрсөтүлгөн. Иш издеген же жумуш ордун алмаштыргысы келген дарыгерлерге жеңил болушу үчүн санариптештирдик. Эгерде кайсы бир жерде кимдир бирөөнү жумушка албай коюшса түздөн-түз министрликке кайрылууга болот", — деди Асанкулова. Саламаттык сактоо министрлигинде бүгүнкү күндө жетекчилердин кадрдык резервинде 453 адам тизмеде турат. Алардын ичинен 155 адам конкурстук тандоого жана кызматка дайындоого катышууга укуктуу экени кошумчаланды.
Россиянын жогорку окуу жайларына өкмөттүк квота боюнча окууга документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россотрудничество билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 700 орун бөлүнгөн. Ал акысыз окууну, жатакана жана стипендияны камтыйт. Кыргызстандын жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алат. Документтерди кабыл алуу 15-декабрга чейин жүргүзүлөт.
Бишкектин түштүк-батыш тарабында белгилүү тарыхый инсан Нүзүп бий Эсенбай уулунун эстелиги ачылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Салтанатка Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер, тарыхчылар, окумуштуулар катышкан.Төрага Нүзүп бий кыргыз мамлекетин түптөгөн улуу инсандардын бири болгонун, өлкөнүн калыптанышына кошкон салымы өтө чоң экенин белгилеп, кийинки жылы 230 жылдыгы республикалык деңгээлде өтөрүн кошумчалады.Нүзүп бий же Нүзүп аталык Аксыдан чыккан мамлекеттик ишмер жана аскер башчы. Ал Кокондун хандыгына Шералыны отургузууда чоң роль аткарган. Ошондой эле Нүзүп кыргыздардын ичинен биринчи болуп миң башы аскердик наамын алган. Калемгер Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романындагы башкы каармандардын бири.
АКШ президенти Дональд Трамп Кытай менен кеңири соода келишимин түзүү максатында Тайванга аскердик колдоо көрсөтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Washington Post атын атагысы келбеген америкалык аткаминерлерге таянуу менен жазды. Конгресс администрацияга аралга бир миллиард долларга чейин аскердик жардам көрсөтүүгө укук берет. Бул каржылоо жыл сайын кайра каралып, сентябрь айында бекитилет. "Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен соода келишимин түзүү жана саммит өткөрүү максатында Тайванга 400 миллион доллардан ашык аскердик жардам берүүдөн баш тарткан", — деген автор беш маалымат булагына таянып. Басылмага маалым болгондой, дрондорду жана ок-дарыны камтыган жардам пакети мурункуларга караганда кыйла күчтүү болмок. Ал эми Ак үйдөн бул боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0