00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Реконструкция Ботанического сада и зачем там футбольные поля?
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБ шартында көмүскөдөн мыйзамга: кыргыз тигүүчүлөрү жаңы талаптарга кантип ыңгайлашууда?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмгек укуктары кандай корголуп жатат? — Кесиптик бирликтер федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарды
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-ашка уулануу: кооптуулугу жана биринчи жардам
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы: сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатабы?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
On air
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Дүйнөдөгү мунайдын атаандашы сейрек кездешүүчү металдар: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн запастары жана мүмкүнчүлүктөрү
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы: сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатабы?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
2026-жылдын биринчи кварталында медайымдардын айлык акысын 50 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы Эламан Чаргынбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, учурда аймактардагы жаш дарыгерлер орто эсеп менен 16 800 сом алса, көтөрүлгөндөн кийин 25 миң сомго жакын болот. Медайымдар болжол менен 22 миң сом ала баштайт."Бүгүнкү күндө дарыгердин орточо айлыгы 25 миң сомду түзсө, үй-бүлөлүк дарыгерлердики 30 миң сомдун тегерегинде. Эң көп талап кылынган төрт категориядагы адистерге 20 миң сом өлчөмүндө кошумча төлөм каралган. Бул дарыгерлер алыскы аймактарда, чакан шаарларда жана райондордо иштешет", — деди Чаргынбаев. Ал кошумчалагандай, бул төлөмдөрдү, ошондой эле бийик тоолуу коэффициенттерди эске алганда, айрым аймактарда, мисалы, Нарын облусунда дарыгерлер айына 80-90 миң сомдон ала башташты. Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөрүн билдирген.
Россия өкмөтү Кыргызстандык абитуриенттер үчүн билим берүү багытында 700 бюджеттик орун бөлүп, документтерди кабыл алуу башталды. Бул квота бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын камтыйт. Окууга өткөн студенттерге стипендия төлөнүп, жатаканадан орун берилет.Документтерди тапшыруу 15-декабрга чейин уланат. "Русский домдун" маалыматына ылайык, 24-сентябрда Бишкекте Россиянын 30 алдыңкы университети катышкан билим берүү көргөзмөсү өтөт.
Этти арзандатуу үчүн импорттун көлөмү көбөйтүлүп, аны ташып келүүдөгү бардык тоскоолдуктар алып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев радиолордун бирине билдирди. Ал эттин баасына карата мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгени менен көзөмөлгө алуу кыйын болуп жатканын айтып, коюлган баадан ашырып саткан ишкерлерге карата абдан көп айып салынганын белгиледи. Аткаминер социалдык маанилүү товар кайсы өлкөдөн импорттолорун айткан эмес.
Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилери катышкан коррупциялык схема аныкталганын УКМКдан билдиришти. Маалыматта аталган департаменттин кызматкерлери "Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору" мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу процедураларын баштап, анда мыйзам бузулганы белгиленген.Алар 30 миллион сомго медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн аффилирленген фирма менен келишим түзүп, баасын жогорулатып, аталыштарын өзгөрткөн деп шектелүүдө. Коррупциялык схеманын натыйжасында сатып алынган жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин толук иштетилбей, максатына жараша пайдаланылбай кампада сакталып турат. Бааларды жогорулатуудан эле бюджетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Ошондой эле сатып алынган чыгымдалуучу материалдардын жана реагенттердин бир бөлүгү эски болуп, колдонууга жарабай калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0