https://sputnik.kg/20250918/1096584566.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад калаасы эми расмий, мыйзамдуу түрдө Манас шаары деп аталат. Бул мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын... 18.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-18T11:00+0600
2025-09-18T11:00+0600
2025-09-18T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/12/1096584400_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_641e04600cc92dc1955a65b629a40157.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад калаасы эми расмий, мыйзамдуу түрдө Манас шаары деп аталат. Бул мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, аталган документти 10-сентябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган. "Мыйзамдын максаты — улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкөл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет", — деп айтылган Жапаров кол койгон мыйзамда. Аталган документ 10 күндөн кийин күчүнө кирмекчи
17-сентябрь күнү, мамлекеттик туунун авторлорунун бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жусуп Матаев каза болду. Сүрөтчү, график Жусуп Матаев 1956-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, ал эми 2004-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгектери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде, Улуттук тарых музейинде жана Нарын облустук аймак таануу музейинде сакталуу. Матаев чыгармачылык менен катар педагогикалык ишти айкалыштырып, 2021-жылдан бери Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында иштеп жаткан. Автордун эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, ага Даңк медалы баштаган бир катар мамлекеттик сыйлык-наамдар ыйгарылган.
Мамлекеттик ипотекалык компания курган Маликов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында 5-9-класстын окуучулары үчүн мектеп уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматта бүгүн, 18-сентябрда, калаа мэри Айбек Жунушалиев барып, окуу кабинеттерин жабдуу иштерин ыкчамдатууну тапшырганы белгиленген. "Жакынкы убакта бул жер керектүү техника, эмерек менен жабдылып, сапаттуу билим берүү үчүн зарыл болгон бардык шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Бул жерде дал ушул үйлөрдө жашаган балдар билим алат.
Кыргызстандык Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль алды. Финалдык кармашта эквадорлук спортчу Генесис Валдезди менен кармашып, 2:4 эсебинде жеңилип калды. Балбан кыздар 76 салмак менен таймашты. Жарым финалда Айпери Европанын чемпиону, украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде утуп, ага чейин Түркия жана АКШ спортчуларын да ишенимдүү жеңген. Быйылкы чемпионат Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат. Айпери Медет кызы буга чейин дүйнө чемпионаттарында коло жана күмүш медаль уткан.
Владимир Зеленский Украинадагы бир жылдык согуш 120 миллиард долларды чапчыса, анын ичинен 60 миллиардын союздаштардан суроого туура келерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Мындан мурдараак Жогорку Раданын бюджет боюнча комитетинин төрайымы Роксолана Пидласа Украинанын келерки жылдагы коргонуусуна 120 миллиард доллардан кем эмес акча керектелерин айткан. Ал да каражаттын жарымын Киев бийлиги өзү таба тургандыгын кошумчалаган. Ал эми Украинанын коргоо министри Денис Шмыгаль Киев Батыштагы союздаштарынан Украинанын муктаждыгына дагы 60 миллиард доллар алууга аракет кыларын билдирген.Зеленский июль айында Украинанын коргонуусу менен коопсуздук тармагынын чыгымдарын быйыл 412 миллиард гривенге көтөрүү боюнча мыйзамга кол койгон.
Жалал-Абад калаасы эми расмий, мыйзамдуу түрдө Манас шаары деп аталат. Бул мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, аталган документти 10-сентябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган. "Мыйзамдын максаты — улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкөл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет", — деп айтылган Жапаров кол койгон мыйзамда. Аталган документ 10 күндөн кийин күчүнө кирмекчи17-сентябрь күнү, мамлекеттик туунун авторлорунун бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жусуп Матаев каза болду. Сүрөтчү, график Жусуп Матаев 1956-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, ал эми 2004-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгектери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде, Улуттук тарых музейинде жана Нарын облустук аймак таануу музейинде сакталуу. Матаев чыгармачылык менен катар педагогикалык ишти айкалыштырып, 2021-жылдан бери Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында иштеп жаткан. Автордун эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, ага Даңк медалы баштаган бир катар мамлекеттик сыйлык-наамдар ыйгарылган.Мамлекеттик ипотекалык компания курган Маликов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында 5-9-класстын окуучулары үчүн мектеп уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматта бүгүн, 18-сентябрда, калаа мэри Айбек Жунушалиев барып, окуу кабинеттерин жабдуу иштерин ыкчамдатууну тапшырганы белгиленген. "Жакынкы убакта бул жер керектүү техника, эмерек менен жабдылып, сапаттуу билим берүү үчүн зарыл болгон бардык шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Бул жерде дал ушул үйлөрдө жашаган балдар билим алат.Кыргызстандык Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль алды. Финалдык кармашта эквадорлук спортчу Генесис Валдезди менен кармашып, 2:4 эсебинде жеңилип калды. Балбан кыздар 76 салмак менен таймашты. Жарым финалда Айпери Европанын чемпиону, украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде утуп, ага чейин Түркия жана АКШ спортчуларын да ишенимдүү жеңген. Быйылкы чемпионат Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат. Айпери Медет кызы буга чейин дүйнө чемпионаттарында коло жана күмүш медаль уткан.Владимир Зеленский Украинадагы бир жылдык согуш 120 миллиард долларды чапчыса, анын ичинен 60 миллиардын союздаштардан суроого туура келерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Мындан мурдараак Жогорку Раданын бюджет боюнча комитетинин төрайымы Роксолана Пидласа Украинанын келерки жылдагы коргонуусуна 120 миллиард доллардан кем эмес акча керектелерин айткан. Ал да каражаттын жарымын Киев бийлиги өзү таба тургандыгын кошумчалаган. Ал эми Украинанын коргоо министри Денис Шмыгаль Киев Батыштагы союздаштарынан Украинанын муктаждыгына дагы 60 миллиард доллар алууга аракет кыларын билдирген.Зеленский июль айында Украинанын коргонуусу менен коопсуздук тармагынын чыгымдарын быйыл 412 миллиард гривенге көтөрүү боюнча мыйзамга кол койгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/12/1096584400_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_05b3e75edf0dbf781003d7997e147290.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио