00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
История Победы через семью: в Бишкеке подвели итоги конкурса школьных сочинений
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Невролог Бабаджанов о причинах задержки речи у детей, лечении и мифах о «народных методах»
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Сила добрых дел: как фонд «Help the Children — SKD» помогает детям бороться за жизнь
16:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Баткенде күз-кыш мезгилине даярдыктар башталдыЛондондогу митингге 3 млн. адам чыгып, 25 киши кармалдыТашиев майыптыгы бар кишиге үй салдырып, жалгыз бой келинге батир белек кылдыАлдыда кененирээкУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 1-топтогу майыптыгы бар кишинин үй-бүлөсүнө Кара-Кулжада там салдырып берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, үй-бүлөсү менен ар кайсы туугандарынын үйүндө жашап келген Адилет Уланбек уулу буга чейин Ташиевге жардам сурап кайрылган. Ага бир айда бардык шарты менен там салынып берилген. УКМК төрагасы төрт баланын жалгыз бой энесине да Ош шаарынан заманбап батирдин ачкычын тапшырган. Нуржамал аттуу келин былтыр үч эм төрөп, көп өтпөй жолдошу менен ажырашып кеткен. Ташиев балдарын жалгыз багып жаткан келинге үч бөлмөлүү батир белек кылганы кошумчаланды.
Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, облустук штаб жер-жерлерде кышка камылга белгиленген планга ылайык жүргүзүүдө. Учурда штабдын мүчөлөрү район-шаар, айыл аймактарда, социалдык жана административдик объекттердин от казандарынын жана жылытуу системаларынын даярдыгын, көмүр камдоо иштерин жеринде көрүүдө. Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында, Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда аныкталган айрым кемчиликтерди жоюу, сапаттуу даярдык көрүү, социалдык жана өндүрүш объектилерин электр энергия жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо жагы тапшырылды.Жергиликтүү бийлик жана мекеме жетекчилерин көмүр шахталары менен келишимдин негизинде ыкчам иш алып баруу, калкты көмүр менен камсыз кылуу, көмүр базаларын ачуу жана көмүр баасын туруктуу кармоо тапшырмасы берилди. Облустагы социалдык тармактагы жалпы 707 объекттин 570и көмүр менен, 176 объект электр энергиясы менен, 6 объект “Кызыл-Кыя жылуулук” ЖЭБден жылуулук алып жатат.
АКШ президенти Дональд Трамптын НАТО өлкөлөрүнө россиялык мунайды импорттоону токтотуу талабы жаңы антироссиялык санкцияларды кабыл алууну кечиктирүү аракети болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Washington Post жазды. “Вашингтондо да, Европада да Россияга каршы кескин чараларды көрүүнү жактагандардын айрымдары ишемби күнү Трамптын акыркы талабын Россияга каршы кадамдардан качуу үчүн колдонулган тактика катары кабыл алышты”, — деп айтылат маалыматта. Кечээ АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына НАТОнун бардык өлкөлөрү Россиянын мунайынан баш тартса Москвага каршы олуттуу санкцияларды киргизүүгө даяр экенин жазды. Мындан тышкары, Трамп альянсты Кытайдан келген товарларга карата 50-100 пайыз деңгээлинде бажы алымдарын киргизүүгө чакырды. Ал бул Украинадагы жаңжалды токтотууда чоң роль ойнойт деп билдирген.
Лондондогу мыйзамсыз миграцияга каршы митингге 3 миллиондой адам чыкканын Британиянын оңчул активисти Томми Робинсондун айтымына таянып РИА Новости жазды. Ишембиде түмөндөгөн кишилер Кир Стармердин өкмөтүнүн миграция саясатын сынга алып, "Падышалыкты бириктирели" деген ураан алдында митингге чыгышкан. Нааразычылык акциясынан кийин полиция 25 адамды кармаган. Лондондун укук коргоо органдары акциянын катышуучулары менен кагылышуунун натыйжасында 26 полиция кызматкери жаракат алганын, төртөө оор абалда экенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0