00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Инвестиции и технологии: чего ждут фермеры от большого агрофорума
16:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему бизнес опасается закона о «потолке прибыли»
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Илимдер академиясынын алгачкы институттарынын бири: Геологиялык институтунун мүмкүнчүлүктөрү кандай?
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстан 2026-жылы Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүүгө даярдык көрө баштады.Бүгүн “Ынтымак Ордодо” юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду. Жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өттү. Анын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн Ысык-Көл эл аралык форуму Кыргызстандын тарыхында маанилүү окуя болуп калганы жана кеңири эл аралык таанылууга ээ болгону баса белгиленди. Форум жазуучулар, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер үчүн заманбаптын жана адамзаттын келечегинин негизги маселелери талкууланган абройлуу интеллектуалдык аянтчага айланды. Алгачкы жыйындан 40 жыл өткөндөн кийин, учурдагы глобалдык чакырыктардын шартында юбилейлик форумду өткөрүүнүн маанисине өзгөчө көңүл бурулду.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жыйындын катышуучуларына президенттин буйругуна ылайык, юбилейлик форумду даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жөнүндө маалымат берди.
«Чакан ГЭС» ААК өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында комплекстүү иштерди жүргүзүп, бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине капиталдык ондоо иштери боюнча 90%, ал эми утурумдук иштери боюнча 80% даяр болду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ишкананын 2025-жылга койгон планынын алкагында ГЭСтерден жалпы 4 гидроагрегатты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрү мерчемделген. Учурда 3 гидроагрегатга толук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп ишке берилди. Учурда 5-ГЭСтин №1 ГАсын капиталдык оңдоо иштери аяктап калды. План боюнча 15-сентябрга чейин бүткөрүү мерчемделүүдө. Мындан тышкары компаниянын адистери гидроэлектростанциялардын негизги жана көмөкчү жабдууларын пландык оңдоодон өткөрүп, модернизациялоо иштерин улантууда. Тактап айтканда, ГЭС-3тө 35 кВ «Карагачёвая-2» аба чубалгысындагы эски майлуу өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылууда. Вакуумдук өчүргүчтөр ишенимдүүлүгү жана экологиялуулугу менен айырмаланып, үзгүлтүксүз тейлөөнү талап кылбайт.
Бишкектеги жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт кулап, 29 жаштагы адам жабыркады. Өзгөчө кырдаал бүгүн Маликов көчөсүндөгү үйдө болгон. Лифттин тросу үзүлүп кеткени кабарланууда. Медиктердин маалыматы боюнча, жабырлануучунун бел жана көкүрөк омурткаларынын контузиясы аныкталган. Ал реанимацияда.Белгилей кетсек, буга чейин Минтехнадзор Кыргызстандагы лифттерди жана аттракциондорду адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтиргендиктен кооптуу өндүрүш объектилеринин катарына кошууну сунуштаган.
Пекин Россия жарандары үчүн бир жылга визасыз режим киргизет. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякун билдиргенин РИА Новости жазды. РФ президенти Владимир Путиндин жакында эле "Синьхуа" агенттигине берген маегинде айтылган маалыматка таянсак, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы туристтик агым эки жарым эсе өсүп, 2,8 миллион адамга жеткен. Москва менен Пекин 2023-жылдын 1-августунан тарта визасыз топтук туристтик алмашууну баштаган. Россиянын туроператорлор ассоциациясынын маалыматы боюнча, ошол эле жылы мындай жеңилдиктен дээрлик 130 миң адам пайдаланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0