00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Инвестиции и технологии: чего ждут фермеры от большого агрофорума
16:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему бизнес опасается закона о «потолке прибыли»
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Илимдер академиясынын алгачкы институттарынын бири: Геологиялык институтунун мүмкүнчүлүктөрү кандай?
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Садыр Жапаров экс-спикер статусун берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун парламентке кайтарды. Документте Конституцияда экс-президент гана каралып, экс-төрага статусу каралбаганы айтылган. "Мыйзам долбоору кабыл алынса башка мекемелер да мурдагы жетекчилерине статус жана артыкчылык сурай баштайт. Мындан тышкары, мыйзам республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылат. 2026–2027-жылдарга мындай чыгымдар каралган эмес", — деп белгиленген документте.Мыйзам долбоору экс-төрага статусун аныктап, ага жана анын жубайына кошумча артыкчылыктарды берүүнү караган.
Жагымдуу бизнес-климат түзүү үчүн ишкерлерди кайра каттоо процесси жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеке ишкерлер юридикалык дарегин, салык режимин, реквизиттерин же ишкерликтин түрлөрүн өзгөрткөндө бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айткан. "Бизнес өкүлдөрү салык органдарына бир нече жолу барууга, бир нече сааттык кезекке турууга, кагаз документтерди чогултууга аргасыз болууда. Ага кеткен убакытты алар ишкерлигин өнүктүрүүгө жумшашы керек", — деген Касымалиев. Мындан улам бардык жумушту "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу онлайн бүтүрүүгө шарт түзүүнү буюрду. Ал ишке ашса салык органына барбай эле кайра каттоо үчүн арыз толтуруп, керектүү документтерди тиркеп, бардык жумушту аралыктан бүтүрүүгө болот.
Мамлекет кепилдеген мадициналык кызматтарды элдин толук пайдаланышы үчүн "Саламаттык укугу" санариптик кызматы иштелип чыгат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Бүгүн президенттик администрациянын аппараттык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган сервисти үч ай ичинде иштеп чыгууну тапшырган. Бул кызматтын жардамы менен ар бир жаран ага кайсы медициналык кызмат бекер көрсөтүлөрүн же жеңилдик кайсы учурда берилерин билсе болот. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев милдеттүү медициналык камсыздандыруу сыяктуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик кепилдиктер программасы көп жылдан бери иштегени менен калктын калың катмары бул тууралуу билбей турганын айткан. Ал адамдардын жаш курагына, социалдык абалына, медициналык көрсөткүчтөрүнө жана камсыздандыруусуна жараша бекер дарылануунун жолун, жеңилдик шарттарын так көрсөткөн инструмент жок экенин белгилеген. Ишке кире турган "Саламаттык укугу" санариптик кызматы 100 күн ичинде даяр болуп, Tunduk мобилдик тиркемесине интеграцияланып, ар бир жаранга жеткиликтүү болору кошумчаланды.
Алайдын Нура айылында жайгашкан "Эркеч-Там" автоунаа токтотуучу жайында милиционерлер менен чырдашкан Кытайдын үч жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук ИИББ билдирди.Маалыматка караганда, 31-август күнү ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерлери менен чет өлкөлүк жарандардын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, Күзөт кызматынын өкүлү асманга үч жолу ок чыгарган. Факт каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0