https://sputnik.kg/20250802/moskvada-aytmatov-menen-okugan-kiyin-tagdyry-buzulgan-mtaliev-zhnnd-11-fakt-1095661642.html
Москвада Айтматов менен окуган, кийин тагдыры бузулган Үмөталиев жөнүндө 11 факт
Москвада Айтматов менен окуган, кийин тагдыры бузулган Үмөталиев жөнүндө 11 факт
Sputnik Кыргызстан
Акын, журналист, драматург Айтмамат Үмөталиев тууралуу көпчүлүк биле бербейт, а түгүл адабий чөйрөдө дале билгендер аз. Болбосо, эң эле жашында аты чыгып, СССР... 02.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-02T19:04+0600
2025-08-02T19:04+0600
2025-08-02T19:04+0600
кыргызстан
жазуучу
маданият
ыр
сатира
тагдыр
айтмамат үмөталиев
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0c/1082642654_0:474:2727:2008_1920x0_80_0_0_d5867d27962f436c5144b241daa9fa52.jpg
Кыргыз адабиятына чоң ачылыштарды жасамак болуп, бирок тагдыр жолу кайгылуу аяктаган Айтмамат Үмөталиев тууралуу 11 фактыны сунуш кылабыз. Алайдын кулуну. Айтмамат Үмөталиев 1931-жылы 25-майда Алай районунун Корул айылында туулган. Атасы Аман колхозчу, апасы Дүкү китепканачы болуптур, бирок бала көктөйүнөн алардын колунда эмес, таятасы – айыл молдосу Үмөталынын, таянеси – жамакчы, кошокчу Токтокандын үйүндө чоңоюп, алардын таалим-тарбиясын көбүрөөк алган экен. Алгачкы эле ырларынан тарта киндик каны тамган Алайды даңазалап келди. "Тоолоруң биринен бири бийик, толукшуп кыл башына булут кийип, кыр ылдый кыткылыктайт булактарың, аскадан боюн элпек таштап ийип". Сүрөттөөлөрүнүн жандуулугун, элестүүлүгүн караңыз, образ менен сүйлөө маданияты да кыйла терең. Дагы бир ырында "Тоо койнунда жаңы шаар" деп, Алайдын борбору Гүлчө кыштагы тууралуу келечекке карата кыялын жазып чыгат. Анын чыгармачылыгы ошол Алайдын тоолорунан, шылдыр булактарынан азык алып, тоо дайрасындай күрүлдөп талаа-түзгө түшүп турду. Токтогул Сатылганов атындагы мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болгон. Алайдын борборундагы алгачкы мектеп кийин, 1947-жылы, жети жылдыктан орто мектепке айландырылат да, улуу акындын аты берилет. Ошол мектептин 1949-жылдагы эң алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Айтмамат Үмөталиев болгон. Айтмакчы, бул мектепте Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк Кавказ фронтунда парашютчулар батальонунда кызмат кылып Советтер Союзунун Баатыры наамын алган Григорий Исаевич Выглазов сыяктуу Алайда чек ара заставаларында иштеген аскер кызматкерлеринин балдары да окуган, окуучулары орус тилин мыкты билген. Айтмамат да мектепте эле орусча, кыргызча жазып жүргөн. Азыр бул мектеп Тапык Отунчиевдин атында. Ошол мектепти эң жакшы бүткөн балдарды, бир чети орусча мыкты билгендиктен, экинчи жагы алыскы, тоолуу, чек ара зоналуу район болгондуктан жогорку окуу жайлар биринчи курска шыр эле кабыл алган. Окуучу кезинде эле Айтмаматтын ырлары жарыялана баштайт. Мугалимдик, журналисттик жылдары. 1949-жылы Оштогу мугалимдерди даярдоочу эки жылдык институтка кирет, ал жерде согуштан келген чоң эле кишилер менен кошо окуйт. Бул жерде 1947-1949-жылдарда болочоктогу залкар акын, согуш ардагери Сооронбай Жусуев да билим алган. Эки жылдыктан соң Үмөталиевди окууга жолдомо берген Алай райондук агартуу бөлүмүнө жиберет, алар мындай "баалуу" кадрды кучак жая тосуп алып, дароо эле Будалык айлындагы Карл Маркс мектебине жөнөтөт, болгондо да директорлук сунушталат. Ушул жерде ыр жазуу ышкысы бирото багындырып алат. Бирок мектептин оор иштери анын колун байлайт, анан калса, адабий чөйрөдөн, басма сөздөн алыс калат. Ошолорду шылтоо кылып Ошко келип, облустук "Ленин жолу" газетасына кабарчылыкка орношот. Ал жерде акын жана журналист катары такшалган кезде, 1954-жылы, республикалык "Кыргызстан пионери" газетасына чакырылып, жооптуу катчы болот. Ошол эле учурда Москвага караган Вишняки аймагындагы комсомолдун борбордук мектебинде окуп, чоң карьерага жол ачкан. 1955-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 1957-жылы 14-ноябрда Карамат аттуу кызга үйлөнгөн, 1958-жылы биринчи китеби "Арча" деген ат менен наристедей болуп колуна тийген, 1-сентябрда жубайы экөө Москвага окууга кеткен. Баары сонун, баары өз ирети менен өтүп жаткан. Москвага адабияттык курска окууга кирген. Ал жылдарда СССР Жазуучулар союзунун алдында эки жылдык жогорку адабий курс боло турган. Курсанттар Максим Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун окуу имаратында окуй турган. Кыргызстандан ошол жылдарда Камчы Жунусов, Рамис Рыскулов, Сооронбай Жусуев, Байдылда Сарногоев, Абдыкалый Молдокматов билим алып жаткан. Жогорку адабий курста 1956-1958-жылдарда Чыңгыз Айтматов да угуучу болуп, алгачкы повесттерин ошол жерде жазган жана өзүнүн жазуучу болушуна бул курс зор таасир эткенин айтып жүрөт. Ошол кезде бул курста Айтмамат Үмөталиев да окуган. Комсомол мектебин бүтүргөн, орусча мыкты билген, дүйнөлүк адабият менен жакшы тааныш бул жигит угуучулар арасында кадыр-барктуу болгон. Эми анын адабияттагы жылдызы жана башташы керек эле, бирок... Тагдыр жолунан тайгаланганда. Москвада окуп жүрүп, биринчи жылдын I семестрин аяктаганда, 1959-жылы кышында, Жаңы-Ноокат районунда бир балакет иш болот. Жазуучу достору менен мейманчылыкка барып, ала күү болуп, бирөөлөрдүн айтуусунда, акылы анчалык болбогон кызга "асылды" деген күнөө тагылат. Дагы башкалардын айтуусунда, жалган жалаа жабылып, иш козголуп, 6,5 жылга абакка кесилет. Советтик идеологиялык кызматта иштөөчүлөр үчүн бул Кылмыш кодексинин оор беренеси катары эсептелип, эми өсүп келе жаткан жигит окуудан жана Жазуучулар союзунун, партиянын катарынан чыгарылат. Эмгек китепчеси булганат, жалпы жазуучуларга, Кыргыз ССРинин жазуучулар союзуна да жаманатты сөз ыргытылат. Анан ал Новопокровкадагы абакта, бир аз жеңилдеген соң Фрунзе шаарындагы 12-колонияда жазасын өтөйт. Кыргыз ССРинин жазуучулар союзу, айрым жазуучулар анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советине кат жазышат. Үч жылдан соң бошотулат. Бирок баягы кара чачын артка тараган, оозунан ыры төгүлгөн таланттуу, сулуу акын түрмөдөн аракка берилген, өзүн-өзү жоготуп алган бирөө катары чыгат. Бир жыгылып, бир туруп... Абактан кийин ал кезде адамды оңой менен жумушка алчу эмес, ошондой болсо да анын билимдүүлүгү, "жалган жалаага кабылды" деген эл ичиндеги сөздөр, Сооронбай Жусуев, Камчы Жунусов сыяктуу колдогон адамдардын таасири кайрадан кызматка алып келет. Кара-Суу, Алай райондук гезиттеринде, айрым мектептерде мугалим болуп иштеди, бирок жумушун арбыта албады, ичкилик жеңип туруп алды. Оштун парктарында пивоканаларды айланчыктап, "Айтмаматтын жоролоруна" өзүнчө ырларын окуп берип эптеп күн өткөрдү. Атактуу акын Аалы Токомбаев партиянын Алай райондук комитетинин биринчи катчысына Айтмамат Үмөталиевди колдоп беришин өтүнүп кат жазат, айла кеткенде жергиликтүү бийлик бир аз шарт түзүп, почточулук жумушка орноштурат. Ал да болбойт. Эки жыйнагы. Үмөталиевдин көзү тирүүсүндө эки китеби – "Арча" жана "Эркиндик булбулу" деген чакан жыйнактары чыккан. Булардагы "Эркиндик булбулу" деген поэма Токтогул Сатылганов тууралуу жазылган. Акындын бейнеси бир топ терең ачылып, сөздүн руханий күчүн көрсөтө алган, "Арча" жыйнагына кезегинде адабий сынчылар да жакшы баа берген. Сатирик жана драматург. Өткөн кылымдын 50-жылдарында ачык айтып, ак сүйлөө турмушубузду ар тараптуу каптап, бул тармакка Үмөталиев да кошулат. "Оолукма Осмон" деген ырында Айсулуу аттуу кызга эптеп үйлөнүп алып, той өткөрүп алган соң аны кор кылган эркектин жоруктарын сынга алат. Айтмакчы, ал түрмөдө жатканда Маданият министрлиги уюштурган пьесалардын жашыруун конкурстарына катышып, эки жолу утуп да алганы айтылып келет. "Билсе азил, билбесе...", "Баланын бары да балээ...", "Эргеш ээликкенде..." деген көп актылуу комедияларды жазган. Инилери болуп кеткен сатирик жазуучу, финансист Жээнбек Каримовдун айтуусу боюнча, 1972-жылдарда өзүн бир кыйла даярдап, калыбына келип, Маданият министрлигинин репертуардык комиссиясына баш багат. Ал жерде бир топ пьесаларын, анын ичинде "Манас" эпосу боюнча драмасын, бир киносценарийин жактырып алып калышат. Бирок жеке жүрүш-турушу алардын өмүрүнө "балта чапкан" сыяктанат. Курсташына кайрылганда... Чыңгыз Айтматов менен СССР Жазуучулар союзунун алдында эки жылдык жогорку адабий курста чогуу окуган дебедикпи. Ооматы ашып турган курсташына бир мертебе кирген экен. Улуу жазуучу аны жакшы тосуп алып, ал кез үчүн чоң акча – 800 рубль карматкан экен. Чын-төгүнүн ким билет, ал акчага базарлык алыптыр, кийим-кече алыптыр, кимдир бирөөлөрдү чакырып арак ичишсе керек. Эртеси ошончо акчанын орду-түбү жок, башын жазар жолдошу жок калыптыр. Калемдештери ал тууралуу. "...Бардык адамдар менен жакшы мамилелешкен, мүнөзү жайдары, адамдарды сыйлаган, кадырлаган, маданияттуу, билимдүү, баарына жакшылык каалаган, мүнөзү жумшак адам эле" (Сооронбай Жусуев). "...Сөзгө наристедей аяр мамиле кылар, сөз кудуретин ойго келбегендей устаттык менен пайдаланар, ары чечен", "...ал кишинин аңгемелешүүсүнөн дүйнө таанымынын кеңдиги, ар тараптуу ой жүгүртүүсү, философиялык маалымдуулугу, ошончо даражасына карабай күтүнгөн кичи пейилдиги, барга да, жокко да өзүн көтөрө чалбаган жөнөкөйлүгү кимди болбосун магниттей тартып турчу" (Жээнбек Каримов). Көзү өткөндөн кийинки китептери. Үмөталиев 1980-жылы 29-декабрда келбес жайга кете берди. Максаттарынын баары талкаланды. Ыр дүйнөсү пыр дүйнөгө айланды. Басмага тапшырбаган көп ырлары чачылып жаткан, басмага бергендеринин да сайда саны жок калган. Инилери болуп кеткен Жээнбек Каримов чыкпай жаткан кол жазмаларын таап, 2000-жылы Ош шаарынан "Ата Мекен сөөлөтү" деген ат менен бастырды. Акындын өмүрүнүн изине түшүп, алайлык журналист, мигрант Алмазбек Эркебай уулу Адишов 2015-жылы "Улуу тоолор" басмасынан "Сынган калем" деген ат менен окурмандарга дагы бир чыгармалар топтомун тартуулады. Ушуларга да шүгүр, бирок... Ооба, бирок "поезд кетип калган экен..."
https://sputnik.kg/20250608/akyn-anatay-omurkanov-tuuraluu-fakty-1094432774.html
https://sputnik.kg/20250518/barchynbek-bugubaev-tuuraluu-fakty-1094018381.html
https://sputnik.kg/20250601/zholon-mamytov-tuuraluu-12-fakt-1094294378.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0c/1082642654_0:2:2727:2047_1920x0_80_0_0_8d5f225aa0100048bb1cac20cfb63366.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, жазуучу, маданият, ыр, сатира, тагдыр, айтмамат үмөталиев, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, жазуучу, маданият, ыр, сатира, тагдыр, айтмамат үмөталиев, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Кыргыз адабиятына чоң ачылыштарды жасамак болуп, бирок тагдыр жолу кайгылуу аяктаган Айтмамат Үмөталиев тууралуу 11 фактыны сунуш кылабыз.
Алайдын кулуну. Айтмамат Үмөталиев 1931-жылы 25-майда Алай районунун Корул айылында туулган. Атасы Аман колхозчу, апасы Дүкү китепканачы болуптур, бирок бала көктөйүнөн алардын колунда эмес, таятасы – айыл молдосу Үмөталынын, таянеси – жамакчы, кошокчу Токтокандын үйүндө чоңоюп, алардын таалим-тарбиясын көбүрөөк алган экен. Алгачкы эле ырларынан тарта киндик каны тамган Алайды даңазалап келди. "Тоолоруң биринен бири бийик, толукшуп кыл башына булут кийип, кыр ылдый кыткылыктайт булактарың, аскадан боюн элпек таштап ийип". Сүрөттөөлөрүнүн жандуулугун, элестүүлүгүн караңыз, образ менен сүйлөө маданияты да кыйла терең. Дагы бир ырында "Тоо койнунда жаңы шаар" деп, Алайдын борбору Гүлчө кыштагы тууралуу келечекке карата кыялын жазып чыгат. Анын чыгармачылыгы ошол Алайдын тоолорунан, шылдыр булактарынан азык алып, тоо дайрасындай күрүлдөп талаа-түзгө түшүп турду.
Токтогул Сатылганов атындагы мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болгон. Алайдын борборундагы алгачкы мектеп кийин, 1947-жылы, жети жылдыктан орто мектепке айландырылат да, улуу акындын аты берилет. Ошол мектептин 1949-жылдагы эң алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Айтмамат Үмөталиев болгон. Айтмакчы, бул мектепте Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк Кавказ фронтунда парашютчулар батальонунда кызмат кылып Советтер Союзунун Баатыры наамын алган Григорий Исаевич Выглазов сыяктуу Алайда чек ара заставаларында иштеген аскер кызматкерлеринин балдары да окуган, окуучулары орус тилин мыкты билген. Айтмамат да мектепте эле орусча, кыргызча жазып жүргөн. Азыр бул мектеп Тапык Отунчиевдин атында. Ошол мектепти эң жакшы бүткөн балдарды, бир чети орусча мыкты билгендиктен, экинчи жагы алыскы, тоолуу, чек ара зоналуу район болгондуктан жогорку окуу жайлар биринчи курска шыр эле кабыл алган. Окуучу кезинде эле Айтмаматтын ырлары жарыялана баштайт.
Мугалимдик, журналисттик жылдары. 1949-жылы Оштогу мугалимдерди даярдоочу эки жылдык институтка кирет, ал жерде согуштан келген чоң эле кишилер менен кошо окуйт. Бул жерде 1947-1949-жылдарда болочоктогу залкар акын, согуш ардагери Сооронбай Жусуев да билим алган. Эки жылдыктан соң Үмөталиевди окууга жолдомо берген Алай райондук агартуу бөлүмүнө жиберет, алар мындай "баалуу" кадрды кучак жая тосуп алып, дароо эле Будалык айлындагы Карл Маркс мектебине жөнөтөт, болгондо да директорлук сунушталат. Ушул жерде ыр жазуу ышкысы бирото багындырып алат. Бирок мектептин оор иштери анын колун байлайт, анан калса, адабий чөйрөдөн, басма сөздөн алыс калат. Ошолорду шылтоо кылып Ошко келип, облустук "Ленин жолу" газетасына кабарчылыкка орношот. Ал жерде акын жана журналист катары такшалган кезде, 1954-жылы, республикалык "Кыргызстан пионери" газетасына чакырылып, жооптуу катчы болот. Ошол эле учурда Москвага караган Вишняки аймагындагы комсомолдун борбордук мектебинде окуп, чоң карьерага жол ачкан. 1955-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 1957-жылы 14-ноябрда Карамат аттуу кызга үйлөнгөн, 1958-жылы биринчи китеби "Арча" деген ат менен наристедей болуп колуна тийген, 1-сентябрда жубайы экөө Москвага окууга кеткен. Баары сонун, баары өз ирети менен өтүп жаткан.
Москвага адабияттык курска окууга кирген. Ал жылдарда СССР Жазуучулар союзунун алдында эки жылдык жогорку адабий курс боло турган. Курсанттар Максим Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун окуу имаратында окуй турган. Кыргызстандан ошол жылдарда Камчы Жунусов, Рамис Рыскулов, Сооронбай Жусуев, Байдылда Сарногоев, Абдыкалый Молдокматов билим алып жаткан. Жогорку адабий курста 1956-1958-жылдарда Чыңгыз Айтматов да угуучу болуп, алгачкы повесттерин ошол жерде жазган жана өзүнүн жазуучу болушуна бул курс зор таасир эткенин айтып жүрөт. Ошол кезде бул курста Айтмамат Үмөталиев да окуган. Комсомол мектебин бүтүргөн, орусча мыкты билген, дүйнөлүк адабият менен жакшы тааныш бул жигит угуучулар арасында кадыр-барктуу болгон. Эми анын адабияттагы жылдызы жана башташы керек эле, бирок...
Тагдыр жолунан тайгаланганда. Москвада окуп жүрүп, биринчи жылдын I семестрин аяктаганда, 1959-жылы кышында, Жаңы-Ноокат районунда бир балакет иш болот. Жазуучу достору менен мейманчылыкка барып, ала күү болуп, бирөөлөрдүн айтуусунда, акылы анчалык болбогон кызга "асылды" деген күнөө тагылат. Дагы башкалардын айтуусунда, жалган жалаа жабылып, иш козголуп, 6,5 жылга абакка кесилет. Советтик идеологиялык кызматта иштөөчүлөр үчүн бул Кылмыш кодексинин оор беренеси катары эсептелип, эми өсүп келе жаткан жигит окуудан жана Жазуучулар союзунун, партиянын катарынан чыгарылат. Эмгек китепчеси булганат, жалпы жазуучуларга, Кыргыз ССРинин жазуучулар союзуна да жаманатты сөз ыргытылат. Анан ал Новопокровкадагы абакта, бир аз жеңилдеген соң Фрунзе шаарындагы 12-колонияда жазасын өтөйт. Кыргыз ССРинин жазуучулар союзу, айрым жазуучулар анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен Кыргыз ССРинин Жогорку Советине кат жазышат. Үч жылдан соң бошотулат. Бирок баягы кара чачын артка тараган, оозунан ыры төгүлгөн таланттуу, сулуу акын түрмөдөн аракка берилген, өзүн-өзү жоготуп алган бирөө катары чыгат.
Бир жыгылып, бир туруп... Абактан кийин ал кезде адамды оңой менен жумушка алчу эмес, ошондой болсо да анын билимдүүлүгү, "жалган жалаага кабылды" деген эл ичиндеги сөздөр, Сооронбай Жусуев, Камчы Жунусов сыяктуу колдогон адамдардын таасири кайрадан кызматка алып келет. Кара-Суу, Алай райондук гезиттеринде, айрым мектептерде мугалим болуп иштеди, бирок жумушун арбыта албады, ичкилик жеңип туруп алды. Оштун парктарында пивоканаларды айланчыктап, "Айтмаматтын жоролоруна" өзүнчө ырларын окуп берип эптеп күн өткөрдү. Атактуу акын Аалы Токомбаев партиянын Алай райондук комитетинин биринчи катчысына Айтмамат Үмөталиевди колдоп беришин өтүнүп кат жазат, айла кеткенде жергиликтүү бийлик бир аз шарт түзүп, почточулук жумушка орноштурат. Ал да болбойт.
Эки жыйнагы. Үмөталиевдин көзү тирүүсүндө эки китеби – "Арча" жана "Эркиндик булбулу" деген чакан жыйнактары чыккан. Булардагы "Эркиндик булбулу" деген поэма Токтогул Сатылганов тууралуу жазылган. Акындын бейнеси бир топ терең ачылып, сөздүн руханий күчүн көрсөтө алган, "Арча" жыйнагына кезегинде адабий сынчылар да жакшы баа берген.
Сатирик жана драматург. Өткөн кылымдын 50-жылдарында ачык айтып, ак сүйлөө турмушубузду ар тараптуу каптап, бул тармакка Үмөталиев да кошулат. "Оолукма Осмон" деген ырында Айсулуу аттуу кызга эптеп үйлөнүп алып, той өткөрүп алган соң аны кор кылган эркектин жоруктарын сынга алат.
Айтмакчы, ал түрмөдө жатканда Маданият министрлиги уюштурган пьесалардын жашыруун конкурстарына катышып, эки жолу утуп да алганы айтылып келет. "Билсе азил, билбесе...", "Баланын бары да балээ...", "Эргеш ээликкенде..." деген көп актылуу комедияларды жазган. Инилери болуп кеткен сатирик жазуучу, финансист Жээнбек Каримовдун айтуусу боюнча, 1972-жылдарда өзүн бир кыйла даярдап, калыбына келип, Маданият министрлигинин репертуардык комиссиясына баш багат. Ал жерде бир топ пьесаларын, анын ичинде "Манас" эпосу боюнча драмасын, бир киносценарийин жактырып алып калышат. Бирок жеке жүрүш-турушу алардын өмүрүнө "балта чапкан" сыяктанат.
Курсташына кайрылганда... Чыңгыз Айтматов менен СССР Жазуучулар союзунун алдында эки жылдык жогорку адабий курста чогуу окуган дебедикпи. Ооматы ашып турган курсташына бир мертебе кирген экен. Улуу жазуучу аны жакшы тосуп алып, ал кез үчүн чоң акча – 800 рубль карматкан экен. Чын-төгүнүн ким билет, ал акчага базарлык алыптыр, кийим-кече алыптыр, кимдир бирөөлөрдү чакырып арак ичишсе керек. Эртеси ошончо акчанын орду-түбү жок, башын жазар жолдошу жок калыптыр.
Калемдештери ал тууралуу. "...Бардык адамдар менен жакшы мамилелешкен, мүнөзү жайдары, адамдарды сыйлаган, кадырлаган, маданияттуу, билимдүү, баарына жакшылык каалаган, мүнөзү жумшак адам эле" (Сооронбай Жусуев). "...Сөзгө наристедей аяр мамиле кылар, сөз кудуретин ойго келбегендей устаттык менен пайдаланар, ары чечен", "...ал кишинин аңгемелешүүсүнөн дүйнө таанымынын кеңдиги, ар тараптуу ой жүгүртүүсү, философиялык маалымдуулугу, ошончо даражасына карабай күтүнгөн кичи пейилдиги, барга да, жокко да өзүн көтөрө чалбаган жөнөкөйлүгү кимди болбосун магниттей тартып турчу" (Жээнбек Каримов).
Көзү өткөндөн кийинки китептери. Үмөталиев 1980-жылы 29-декабрда келбес жайга кете берди. Максаттарынын баары талкаланды. Ыр дүйнөсү пыр дүйнөгө айланды. Басмага тапшырбаган көп ырлары чачылып жаткан, басмага бергендеринин да сайда саны жок калган. Инилери болуп кеткен Жээнбек Каримов чыкпай жаткан кол жазмаларын таап, 2000-жылы Ош шаарынан "Ата Мекен сөөлөтү" деген ат менен бастырды. Акындын өмүрүнүн изине түшүп, алайлык журналист, мигрант Алмазбек Эркебай уулу Адишов 2015-жылы "Улуу тоолор" басмасынан "Сынган калем" деген ат менен окурмандарга дагы бир чыгармалар топтомун тартуулады. Ушуларга да шүгүр, бирок... Ооба, бирок "поезд кетип калган экен..."