Отту сүйүп, оттой жалындап жашаган акын Жолон Мамытов тууралуу 12 факт
© Фото / из семейного архива МамытовыхТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов. Архив

© Фото / из семейного архива Мамытовых
Жазылуу
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытовдун көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка чыкмак эле. Акындын ошол 85 жылдык мааракеси жалпы түрк өлкөлөрүндө белгиленип жатат.
Туулган айылы Төлөйкөнгө жакын, өзү бир кезде акын катары жалпы кыргызга таанылган Ош шаарында 28-29-30-май күндөрү ТүркСОЙ уюму Жолон Мамытов атындагы эл аралык фестиваль уюштуруп, ага Кыргызстандан тышкары Азербайжандан, Түркиядан, Казакстандан, Түркмөнстандан, Венгриядан, Өзбекстандан жаш акындар катышты.
Жолон Мамытов — дүйнөлүк адабияттын салттарын Ала-Тоо аймагына батылдык менен алып келген, өткөн кылымдын 60-70-жылдарында эң активдүү жана үзүрлүү иштеген акындардын бири. Алган кесибинин (мал чарба адиси) адабиятка алакасы жок болгондугуна карабай ыр жазуу жаш курагынан эле анын жашоосунун жандуу стихиясына айланган, биринчи жана экинчи китептери менен эле ал өзүн күчтүү рухтун, романтикалык пафостун акыны экенин көрсөттү. Анын лирикалык каарманы бул же тигил көрүнүшкө атуулдук позициясын айкын билдирет.
Туулган жылы жана жери. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн деген айылда 1940-жылы 1-апрелде туулган. Бул айыл Ош шаарына бир карыш, Папан тоолоруна бир карыш жерде болуп, бир жагынан өзбек, кыргыз маданияты сиңишкен калаанын таасирин, бир жагынан Олокон тоонун шапатасын өзүнүн жүрөгүнөн өткөрүп турган. Апасынын айтуусу боюнча, жазда, жамгыр төгүп жатканда туулган экен, ошондон улам күбөлүгүнө 1-апрель деп жаздырып койгон.
Төлөйкөндөн Фрунзеге. Мектепти бүтүргөн кезде жакшы окуган балдарды терип алып, мугалимдер, айыл активдери борбор шаарга чоң окуу жайларына жиберчү. Ошол кездеги зобололуу окуулардын бири Айыл чарба институту боло турган, аны бүткөндөр колхоздорго башкарма, совхоздорго директор, райком-обкомдордо парттөбөлдөрдүн бири болчу. Анан, албетте, андай окууларга кирүү да кыйын эле. 1957-жылы азыр эле барып окууга кирип кете тургансып Фрунзенин поездине отурган балбан жигит дагы бир өзүнөн жашы улуураак болгону менен адабиятка астейдил мамилеси байкалган, колхоздо, геологиялык партияда иштеп анча-мынча тиш кагып калган сары чийкил жигит менен таанышат. Көрсө, ал да окууга бараткан ноокаттык Мурза Гапаров деген бала экен. Жазуучу Гапаров ошол учур тууралуу кийин мындай эскерген жайы бар: "А мен вокзалга акырын жашырынып качып барып, Фрунзеге белет алып, поездге түшүп кете бердим. Баса, Жолон Мамытов менен ошондо поездден тааныштым. А да окуу издеп кетип бараткан экен. Поезддеги жоруктар айта берсе чоң жомок. Заара кыла албайм да, кысыталак. Сууга заара кылып көргөн эмеспиз да..." Ошентип Фрунзеге келген жаш жигит жолдуу болуп, Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык факультетине кирип, аны 1962-жылы аяктайт.
© Фото / из семейного архива МамытовыхТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов
© Фото / из семейного архива Мамытовых
Ветврач. Болочоктогу акын адегенде ишин мал дарылоочу болуп баштаган. Жаш адис катары Түштүктө Катта-Талдык асыл тукум кой өстүрүүчү чарбасында башкы ветврач болуп иштеп, чыгармачыл адам үчүн зарыл чөйрөгө түшөт. Дегеним, бул чарба айтылуу Алай тоолорунун башталышы, Курманжан датка менен Алымбек датканын издери түшкөн аймак, ал жерликтер сөз кунун жакшы билгендер, меймандос келет. Анан калса, туулган жери Төлөйкөндөн бир кыйла алыс, акынды жерин сагынуу кусалыгы да бийлеп турган. Дал ошол кезде кыргыз акындарынан айырмаланып турган мындай саптары жаралып жаткандай:
Бир үңкүр бар тоолордун арасында,
жомоктогу сулуулар жолугушат.
Жайлоо жакта ат чабым тегиздик бар,
жомоктогу баатырлар жолугушат.
Бир суу агат тоолордун ичи менен,
жез кемпирлер жээгинде чач тарашат.
Бир ашуу бар тоолордун өркөчүндө,
жомоктогу желмаян, аттар ашат ("Романтика").
Карабайсызбы кызыкты: бул эмне, жомокпу же кыялбы? Мындай ырлар ошол кездеги далай жаш акындардын ыр жазуу ышкысын козгогон. Айыл чарбаны бүткөндөр чоң кызматтарга келишет деп айтпадыкпы, Жолон Мамытовдун жолу да ошондой жүрдү: 1965-1966-жылдарда Ош облустук комсомол комитетинде нускоочулукта иштеп, 1966-жылы облустук ветлабораторияда бөлүм башчысы кызматына алынды, анда жалпы Түштүк бир эле облус экенин эске алсак, бул албетте, жаш жигитке берилген чоң ишеним, чоң милдет эле. 1969-1971-жылдарда Максим Горький атындагы институттун алдындагы жогорку адабий курсунда билим алды.
Карьера менен коштошуу. Эми акындык тагдырды, ыр ышкысын карабайсызбы, карьеранын баары калды, 1969-жылы Москвагы эки жылдык жогорку адабий курска кетип калды да, башын биротоло чыгармачылыкка оодарып ийди. Москвадан алган билим, тажрыйбадан соң 1971-жылы телерадио комитетинин Ош облустук бөлүмүнө редактор болуп орношту. Жолон акын радиого жазып алуучу магнитофонун бооруна асып көтөрүп, шаар аралай басып, бирде студенттердин арасына келип күпүлдөп ыр окуп, бирде Ак-Буура боюндагы чайканада пияласын чайпай отуруп, бирде радиоэфирде күрүлдөй сүйлөп элге таанылды. Ошол кездеги Исраил Сулайманов, Шабданбай Абдыраманов, Абдимитал Камалов, Азада Бегимкулова, Сабыралы Кулуев, Карымшак Ташбаев, Курбаналы Сабыров, Курбанбай Калдыбаев, Айтмамат Үмөталиев, Алымкан Дегенбаева, Сүйүнтбек Дүйшөналиев, Сатыбалды Кадыров сыяктуу оштук акын-жазуучулардын адабий чөйрөсүнөн шыңга бою, сулуу жүзү менен таанымал Жолон Мамытов жаштарга өзгөчө камкор мамиле кылчу.
© Фото / из семейного архива МамытовыхТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов жубайы менен

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов жубайы менен
© Фото / из семейного архива Мамытовых
Чатышкан алгачкы эки жыйнагы. Чыгармачылыгы эрте башталган, жашынан эле ыр жазып келген, алгачкы ыры окуучу кезинде эле, 1954-жылы, Ош облустук "Ленин жолу" гезитине жарыяланган. "Ала-Тоо" журналына чыккан алгачкы ырларынын түрмөгү менен эле Жазуучулар союзуна кабыл алынат. Башта мындай болгон эмес, сөзсүз китеби чыгышы керек эле. Анын экинчи тапшырган ыр топтому, "Отту сүйөм" дегени 1969-жылы чыгып, экинчи болуп тапшырган биринчи жыйнагы "Жашыл аалам" китеби 1971-жылы чыгат. Биз, ошол кездеги студенттер, "алоолонуп күйгөн от көрсөм, алоолонуп кетет жүрөгүм, канча оттуу күндөр өткөрсөм, ошончолук отту сүйөмүн" деп жаңыча жазылган ырларын жаттап айтып жүрдүк.
Жолон Мамытов жана Ош. Акын он жылдай Ошто жүрүп, Оштун руханий-маданий, анын ичинде адабий чөйрөсүн локомотивдей алга тартып жүрдү. Өзүнүн журналисттик жана поэтикалык мектебин калтырып кетти. Рыспай Абдыкадыров экөө биригип, "Издейм сени" деген сыяктуу классикалык чыгармаларын өнөктөштүктө жаратты. Ош шаары, Ак-Буура дайрасы, Сулайман тагы анын өмүр бою айта берчү темасына айланды.
Чыңгыз Айтматов жана Жолон Мамытов. Акын 1974-жылдан Фрунзеге келип, Мамкинодо жооптуу катчы, редактор, 1980-жылдан "Кыргызстан маданияты" гезитинде бөлүм башчы, 1983-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунда катчы, 1986-жылдан төрага орун басары болуп кызмат кылган. Коомдук иштерди зор ынтаа менен аткарган, жаш жазуучулардын тарбияланышына салым кошкон инсан болгон, өзгөчө ага Чыңгыз Айтматов өзүнө ишенгендей ишенген да Жазуучулар союзуна төрага болгондо акынды өзүнө орун басар кылып алган. Бул мезгилде жазуучулар үчүн өзгөчө камкордук көрүлөт, Байтик айылынан дачага жер бөлүнүп, китептерди чыгаруу активдешет.
Таланттуу лирик жана эпик. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында анын "Убакыт" (1973), "Ырлар" (1975), "Мезгилдин элеси" (1976), "Буурул таңдын жомогу" (1980), "Суунун өмүрү" (1981), "Жарышкан суулар" (1985), "Жүз жашка тол, кылым" (1987) деген ыр жыйнактары чыкты. "Сен пенде болгон менен бир жөнөкөй, от кошот сенин ырың зор кылымга" деген саптары анын жөнөкөй адамдын жөнөкөй иши кылымда орду бар иш болорун айтуу менен гуманисттик бийик пафосун тастыктайт. Акын өзүн дүйнөлүк кыймылдын борборуна коёт да, ошондон өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтөт. Анын оюнча, акын жүрөгү баарын туйган, баарын кабыл алган жана баарына таасир эткен татаал аппарат, "оо, жүрөгүм – асыл сыя челегим", "оо, жүрөк, бир жүрүшкө чыдап бергин" деген сыяктуу жүрөккө, мээге, өзүнө, адамга, кудайга, Күнгө, Ай, жылдыздарга, отко, доорго кайрылган саптары арбын. Метафоралар анын ырларынын жанын түзүп, ошолор аркылуу поэтикалык жандуу элес жаратат. Поэзиясы демдүү. Ошол поэзияны жараткан акындын жүрөгү да демдүү. Анын бүтүндөй чыгармачылыгын кызыл сызык менен тепчип өткөн нерсе да – ошол демдүүлүк. Ал демдүүлүк: ички дүйнөнүн козголуусу, реакциясы, жүрөк-жүлүндүн туйлап турушу, тышкы таасирге козголуп өз сөзүн ыкчам жана бийик пафос менен эмоционалдуу айтуусу. Дал ушул нерселер акындын баркын бийиктетип, атуулдук аброюн көкөлөтүп турат.
© Фото / из семейного архива МамытовыхТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов
© Фото / из семейного архива Мамытовых
Көп кырдуу талант. Ал адегенде радиожурналист катары таанылды. Операларга либретто, мультфильмге сценарий, радиого инсценировкаларды жазды. Орус тилинен Ф.Тютчевдин, А.Феттин, В.Маяковскийдин, М.Слуцкистин, О.Сулеймановдун ыр-поэмаларын кыргыз тилине которгон. "Издейм сени" (Рыспай Абдыкадыров), "Кусалык" (Асанкалый Керимбаев), "Өмүр" (Калмурат Рыскулов), "Курбуларга" (Калмурат Рыскулов), "Адамдарга кайрылуу" (Калмурат Рыскулов), "5-б класста" (Абдыманап Төрөбеков) сыяктуу ырларына обон жазылды.
Меңди Мамазаирова менен сүйүүсү жомок болуп айтылып келет. Экөө кошуна айылдардан. Окуучу убактан, 1959-жылдан тартып эле кат жазышып жүрөт, көп тоскоолдуктарга карабай үйлөнөт. Жубайы дагы акын, жазуучу, драматург. Маяк, Азамат, Айгерим деген балдарды тарбиялаган.
Акындын чыгармалары мектеп программаларына киргизилген. Алардын катарына "Буурул таңдын жомогу" поэмасы кирет. Акын элдик дастандарга, анын ичинде сыйкырдуу баатырдык дастандарга бир топ чыгармаларында кайрылып келген. "Буурул таңдын жомогу" кыргыздын баатырдык дастандарынын салтын улантат, тагыраагы, "Эр Төштүк" эпосунун окуяларын өнүктүрөт. Ал балдар үчүн өзүнчө китеп болуп 1980-жылы жарык көргөн. Анда душмандар жана кара күч ээлери менен күрөшүү башкы орунга чыгат да, баатырдын көп кыйынчылыктардан өтүп, акыры жеңишке жетиши көрсөтүлөт. Эр жүрөктүүлүк, эл тарапта болуучулук, тайманбастык, баатырдык даңазаланат. Бабалардан бери айтылып келген насаат сөз бүгүн да маанисин жогото элек, бул сөз муундан муунга айтылып келет деп билдирилет. Чыгармада чоң тарбиялык маани, жомоктук укмуштуу окуялар айкалыштырылган, ай жаркын образдар жаратылган. Автор жомоктук доордун өзгөчөлүктөрүн, жолборс жашаган коңулдун сүрөттөлүшүн эпикалык полотно менен таамай берсе, жолборстун, жин-перилердин турмушун романтикалык боёктор менен фантастикалык картиналарда тартып берет. Чортон менен Чилтендин бейнеси жомоктук мотивдер менен чагылдырылып, таш күзгүнүн керемети көрсөтүлөт. Мына ушундай образдар элестүүлүгү менен эсте калат, ыр техникасы да чебер иштетилген. Мисалы, башкы каарман Чилтен абдан акылдуу, шамдагай, эр жүрөк, тайманбас болсо да, анын душмандары жин-перилер, Жалпактаман, суунун шаасы Чортон, чөөлөр андан өткөн амалкер, куу, кара күчтүн ээлери. Аларды адам баласы менен дос болгон жолборс сыяктуу башка жаныбарлардын жардамы менен жеңип чыгып, адам коомунда бейпилдик, жакшылык, тынчтык орнотот.
Сыйлыктары. Акынга 1981-жылы "Суунун өмүрү" аттуу жыйнагы, "Эр Чилтен", "Олокон" деген мультфильмдердин сценарийи, Куурчак театры койгон "Түркүк эненин балдары" деген спектакли үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы, 1989-жылы "Жүз жашка тол, кылым" аттуу ыр китеби үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Көзү өткөндөн кийин "Сепил" операсынын либреттосу үчүн Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлык берилген. Ал 1988-жылы 7-мартта 48 жаш курагында лейкоз оорусунан улам Москва шаарындагы кан ооруларын дарылаган Бүткүл союздук гематология институтунда дүйнөдөн кайтты.